Пример HTML-страницы

Пастык келин 2 бөлүм. (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=37450&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пастык келин .

2-болум

Кийинки тагдыр сулуу пастык келиндин уулу тууралуу болмокчу. Баса, келиндин аты да эсимде жок, анткени эч ким атынан айтпай «пастык келин» дешчү. Тагдырдын тамашасыбы же табасыбы, кийин анын уулунун да атынан Белек деп айтпай «жетим» деп чакырчу болушту. А мен жетим дегим келбей тек гана бала деп атадым, анткени ал күнөөсү жок БАЛА эле…

 

Мындан аркы тагдыр бала тууралуу болмокчу.

 

Бала чоң атасын көптөн бери күтүп жатат. Кыштын ызгаары кичинекей арык денесин көзөп баратса да чыдап, чоң атасын күттү. Өгөй эненин жеп жиберчүдөй атып караган муздак көздөрүнүн алдында кыш ызгаары кеп эмес, бул сууктан денең гана үшүйт. Оо, өгөй эне караганда барбы, тим эле жүрөгүң кошо калтырайт. А чоң атасы келгенде өгөй эне заар көздөрү менен жекире карашы карайт дечи, бирок чымчып, урууга батынбайт.

 

Чоң энеси барда кандай жакшы эле. Канчалык эркелесе да эч ким эч нерсе дечү эмес. Чоёктогон баланы өгөй эне ошондо эле жеп жиберчүдөй караса да, балага тиймек түгүл катуу уруша алчу эмес. Анан да чоң энесинин чөнтөгүнөн эч качан таттуу үзүлчү эмес эле. Төрдө кекиликтей койкоюп отуруп алып ийик ийригенче балага не бир сонун жомокторду айтып берчү. Ошондо чоң энесинин арык тизелерине башын коюп таттуу жеп жаткан бала очок боюнда жүдөп-какаган өгөй энесинин коңкойгон мурдуна, чуңкурайган көздөрүнө карап, эми эле уккан жомоктордогу жез кемпирлерди элестетчү. Ал тургай бир жолу чоң энесинин кулагына акырын «эне, жез кемпирлер жеңеме окшошпу?» дегенде чоң энесинин байкатпай нукуп койгону эсинде. Ошондо эле өлөрүн билди бекен? Болбосо угуза эле «ооба» демек. Анткени чоң энеси эч кимден коркчу эмес. Айылдагылардын баары кайра чоң энесинен коркчу. Кандай иш кылышса чоң энесине келип кеңешип кетишчү эмес беле. Өлөрүн билип «мен өлгөндө урбасын» деген го. Ошондо угуза айтпаса деле баары бир азыр жеңеси аябай эле урат. Абасы (бала өз атасын аба деп койчу) негедир анын баланы урганын көрсө да көрмөксөн.

 

Бала өзүн төрөгөн апасын элестетүүгө тырышты. Канчалык элестетейин десе да, негедир жандуу элестете албай койду. Анткени апасын сүрөтүнөн гана көргөн. Сүрөттө ак жуумал жүзүнө коюуланган карагат көздөрү, кырдач мурду абдан жарашкан, карлыгач каштарын азыр эле серпип күлүп жиберчүдөй сүйкүмдүү тигилген жаш келин жайдары карап турат. Чоң энеси барда сүрөттү капарына алып карап деле койчу эмес, азыр чоң энеси «конфет саласың» деп тигип берген төш чөнтөгүндө жүрөт. Эч кимге байкатпай кез-кезде карап жеңесинин ургандарын, бешке чыгып калса да баспаган митаам кызын көтөртүп койгонун, ошондо аябай белинин сыздап ооруганын, ал тургай уктап атканда да, артында бирдеме жармашып жүргөндөй сезилип кыйналганын сүрөткө айтса кадимкидей жеңилдеп калат. Мурда чоң энеси тирүү кезинде үйдө эч ким жокто улакта аттан жыгылып өлгөн абасынын сүрөтүн карап көпкө телмирип отурчу да анан оор үшкүрүп «шумкарым, учуп келдиң да учуп кеттиң. Топту жарган күлүк ат менен толукшуй кийингенден башка эмне көрдүң бул жарыктан? Дуулдаган көпчүлүктү, жасана кийингенди жакшы көрчүсүң. Деги эле жашоону, сулуулукту элден башкача сүйчүсүң. Эрте эле өлөрүңдү сездиң бекен кулунум?» деп өзү менен өзү сүйлөшүп, жан адамга сыр алдырбаган кербез байбиче энелик күйүтүнө чөгүп, заматта муңдуу карып кемпирге айланып, анан ошол карып кемпир абалында көпкө бүк түшүп отурчу. Андайда чоң энеси ийигин да, керели-кечке алдын кургактап, жериген энесин тилдеп, упчу менен сүт берген козу улагын да унутуп, түйшүктүү дүйнөсүнөн эскерүүгө көчүп кеткендей баланын али жүзүн көрө элек апасынын сүрөтү менен да сүйлөшчү. «Шордуум, жанда жок ак көңүл, момун жан элең. Ошол момундугуң башыңа жетпедиби. Бирөөнүн тилине кирбесең балам ыраңы суук, тили заар зайыпка кор болмок эмес. Эмгиче үй толгон балалуу болот элеңер. Өзүңө окшогон сулуу кыздарды, балама окшогон өжөр, тентек уулдарды төрөмөксүң» деп сырдашып калчу. Бала апасы эмне үчүн кеткенин, абасы эмнеге жез кемпирге окшогон жеңесине үйлөнгөнүн түшүнчү эмес. Деги ушул чоң адамдар кызык, баары колунан келет да, анан өзү каалаган нерсени жасап, өзү каалагандай жашай алышпайт. Абасы деле өкүнөт болуш керек.

 

Бир жолу жеңеси апасынын сүрөттөрүн альбомдон сыйрып атканда абасы келип калды. Ал оболу ыйык буюмуна суук кол киргендей селейе саамга ордунда катып, анан эсине келе жеңесинин колунан альбомду жулуп алган. Жеңеси уялып калмак түгүл долуланып «али ууру шуркуяң эсиңен чыкпаптыр да. Сени да кошуп уурдап кетсе болмок экен» дегенде абасы жеңесин жаактан ары бир тартып, анан эшикти тарс жаба сүрөттөрдү көтөрүп чыгып кеткен. Ай ошондогу жеңесинин ок жеген аюудай айкырып өмүрү көрбөгөн күндөшүн жер жеберине жеткире каргаганы! «Шуркуя, ууру. Жакшы болсоң эки айлык ымыркай балаңды апаңдан берип жибермек эмессиң. Жок дегенде өз колуң менен алып келип тапшырып кетмексиң. Шуркуя, сен таштап кеткен таштанды балаңдын кирин жууп, нанын жаап отурсам дагы мен жаманмын» деп өзүн-өзү ургулай чачын жулуп ыйлаган. Бала жеңесинин заар үнүнө уугуп үйдөн чыга качкан. Сыртка чыкса абасы короонун артындагы чөп үймөктүн алдында сүрөттөрдү карап отуруптур. Артынан барарын барып алып кете албай кылчактап калган баланы абасы күнөөкөрдөй пас үн менен жанына чакырды да, анан чоң киши менен сырдашкандай: «Апаң (абасы ошондо баланын али өзү жүзүн көрбөгөн апасын биринчи да, акыркы да жолу апаң деп атады) өлүү буюмду эле эмес, менин жүрөгүмдү кошо уурдап кеткенин бул бечара кайдан туйсун. Мындан көрө өзүмдү уурдап кетсе мага жеңил болмок, мындай өзөгүм сыздамак эмес. Курсагынын тогуна, эрлүү катын экенине сыймыктангандан башканы билбеген тиги жеңең байкуш эмнени түшүнмөк эле» деди да саамга башын салаңдата мүңкүрөй отуруп калып кайра күңгүрөнө кобурады, бирок балага апаң деп кайра айтканга батынбады көрүнөт: «Ал атайылап анткен жок, өзөгүн өрттөгөн күйүттү бирдеме менен басуу керек болчу. Аял да, өлүү буюм менен биздин ичибизди ачыштырып, ошонусу менен өч алам деген го». Ушу азыр өзү үчүн да, бейкүнөө бала көрбөгөн апасы үчүн да кечирим сурап актанып жаткансыды. Биринчи жолу баланы мээрим төгө эркелетип айдар көкүлүнөн сылап, анан буюгуп бараткандай кайыша оор үшкүрбөдү беле… Бала ошондо абасына ыктай берип негедир өрөпкүй, жүрөгү белгисиз кайгыдан кысылып чыккан. Ал тургай ошол күнү абасынын ооруп калып, көпкө төшөк тартып жатканы али да эсинде.

 

Кызык, жеңеси «баланы таштап кетти» дейт. Ташталбай эле чоң энеси менен жүрбөйбү. Анан да апасы эмнени уурдады болду экен? Бирдеме керек болсо сурап эле албайбы. Сураса чоң энеси бермек. Айылдагы башка эле бирөөлөр деле чоң энесинен эмне керек болсо сурап алып кетишчү эле. Бир жолу чоң энесинен:

 

– Эне, апам мени таштап кеткенби?» деп сурады.

 

– Ок, башың өскүр, эмне дейт? Тирүү адамды да таштап кетчү беле. Ким айтты сага? — деп чочуп кетти.

 

– Бая күнү абам менен жеңем сүрөт талашып урушканда жеңем айтты. Анан мени төрөгөн аялды ууру деди.

 

– Аа, оозуна алы жетпеген байкуш. Бирөө өлбөсө бирөөгө күн жок, ал кетпесе бул шордууну ким алмак экен. Ал уурулук кылган жок, өз акысын, өз тиешесин алып кетти. Болгону ызасына ууккан жаш неме бирөөнүн тилине кирип эч ким жокто өзү билемдик менен сепке келген төшөк-жуурканынын пахтасын чыгарып салып алып кетип калбадыбы. Чырайы шору болду шордуунун. Абысындары эле сулуулугун көрө албай ушуну кылышты. Капырай, күндөш күйүкчү эле сулуулукка, бул шордуунун абысындары күйүктү. Кийинки кезде бирдемеге туталанып жүргөнүн байкасам да маани бербей койбодумбу. Желмаяндай Калыянын жакын болуп кеткенин сездим эле. Желмогуздун куйтулугун кантип байкабай калдым көзүм кашайып. Бир ооз эле «мени картадан утуп алган турбайбы, ошол чынбы?» деп сураса эмне. Кийин кеч болуп калды. Көгүмө таянып мен да кылып койдум окшойт. Кырк күндүк сени көтөрүп кечирим сурап келгенде эле эне болуп мен кечирип койсом, аттиң, азыр баары унутулуп кетмек. Ошондогу сени бооруна басып алып боздогону али да кулагымда турат. Кийин таенең сени эки айлыгыңда алып келип мага берип кетти. Тиги кем таалай шор пешененин сыздап, бирок энесинин тилинен чыга албай эле сени бергенин сездим. Ошондо кур намысты коюп дагы бир жолу өзү келсе, ачуум тарап калган, мен өзүм алып калмакмын. Ал эмес, бул эмес, буюрбаптыр да. Абаң үйлөнбөй көп жүрдү. Бир күнү эле ушуну алам деп калыптыр. Кой бул ыраңы суук, тили заар жубандан башка жокпу, өңү жылмараак кыз эле алып берели десем «мага баары бир» деп болбой койбодубу. Өзүн-өзү жазалайын деди го, кемтаалай».

 

Арманы дилине сыйбай кеткенби ошол күнү чоң энеси бала менен чоң адамдай сырдашкан. Анан көпкө тунжурап отурган. Эмнени ойлонду экен? Өткөн күндөрдү ойлоп өкүндүбү? Жакшы-жаманды талдады бекен?

 

Энеси кейип турганынан аяса да, балалык кызыгуусу сурабай койгонго да жол бербей ээликкен бала батынбай «Эне, картага кантип уттурат?” деп араң сурады. “Ээ балам, ал ушак кеп. Болгону абаң бир үйлөнүү тойдо келинге курбу болуп келген апаңды жактырып ала качмай болот, бирок кызды алам деп болжолдоп жүргөн бир жигит кошо келген экен, ошол талашат. Анда абаң “кел, карта ойнойбуз, уттурсаң сен унчукпайсың, утулсам мен унчукпаймын” деп мелдешет да картадан утуп алат да, достору менен апаңды ала качышат”. Азыр ошондогу энесинин бир ууч боло мукурап отуруп айтып берген абалын элестетип сурабай эле койбой деп кейиди.

 

Бала негедир уйкусу келип баратканын сезди. Мемиреген уйку-соодо чач учтугу дабышсыз жаркылдаган чоң энесин көрдү. Чоң энеси закымга окшоп, чоң атасын айланчыктап жүрсө да, чоң атасы энесин көрбөй, ал өлгөндөгүдөй «жетим калдык, Белегим, экөөбүз жетим калдык» деп боздоп атат. Бирок андагыдай көз жашы сакалы ылдый сарыгып ыйлабай, күлүп боздоп атат. Чоң кишилер эмнени гана кылбайт. Атасынын үнү боздоп кайгылуу, өңү болсо кызыктай жагымсыз ыржайып күлүп турат. Бир оокумда баары туманга сиңип кеткендей жоголуп, жанын жер тарттырган уйкуга чөгүп бараткан бала чоң атасынын «Белек кайда? Мындай суукта тоңуп калды го. Бириң карап койбойсуңарбы?» деген үнүн укту. Кызык, чоң атасы эми эле «жетим калдык» деп ыйлап атпады беле. Анан да атасы неге жакын эле жерде, күн сайын өзү кой айдап келген кыядагы жардын түбүндө отурган баланы көрбөйт. Күндө бала атасын ушу жерден күтүп, кыядан карааны көрүнөрү менен алдынан эдиреңдей жүгүрүп чыгып чоң атасынын тер, топурак жыттанган коңур жытын искеп-искеп алчу. Ушул ажайып жыт, баланын кичинекей жүрөгүн курттай жеген кусаны унуткарып жиберчү. Азыр ошентип атырылып жүгүргөнгө дарманы жетпей алы куруп отурду. Үй менен кыянын боорундагы жардын аралыгы көп болсо беш кадам. Ошол беш кадам чексиз созулуп кеткенсиди. Бала өз денесин өзү сезбеген тумандын ичинен көзү ачыла элек күчүк кезинен баккан Кумайыктын улуганын, атасынын үнүн укса да «ата, мен мындамын» дегенге жарабай туңгуюкка кулап баратты. Аз өттүбү, көп өттүбү жүзүнөн бирөөнүн сылаганын туюп «Эне» деди сөнүп бараткан акыл-эси кусадар дирилдеп. Баланын бир нерсеге акылы жетпей жатты. Энесинин колу адаттан тыш сөөгү жоктой жумшак, нымдуу, ысык, анан майда бүдүрлүү одуракай экен. Ырас, энесинин колу одуракай болчу, бирок шуудурап кургак, катуу эмес беле. Азыр болсо салаалары билинбей абдан жумшак болуп кетиптир. Ушул ысык, тердеп тургандай нымдуу сыйкырдуу кол ажалдын арачысындай баланын мойну-башын, колдорун, маңдайын аймалай сылап, андан жан жыргаткан жылуу дем келип турду. Кызык, андан да энесинин чачпагы тирүү кезиндегидей күмүш үн салып назик шыңгырабай, итинин мойнундагы темир каргысындай копол шарактап баланы таңгалдырып атты. Бала жумшак туманга чөгүп кетти.

 

(Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE