ПАРМУДА

https://kyrgyzcha.site/?p=51869&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ПАРМУДА

 

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

 

Ун – 3 стакан

Жумуртка – 2 даана

Суу – 1 стакан

Эт – 400 грамм

Пияз – 3 баш

Куйрук – 100 грамм

Зире (майдаланган) – 0,5 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Сары май – 100 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Күнжүт – 1 чай кашык

 

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

 

Унга жумуртка, жылуу туздуу суу, өсүмдүк майын кошуп камыр жууруйбуз.Этти, куйрукту жана аарчылган пиязды майда туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.Камырды жука жайып, бетине сары майдан сүйкөп, тыгыз ороп, муздаткычка 20 мүнөткө салып коёбуз.Эми камырды 15-20 граммдан бөлүп, тегерек формада жайып, ортосуна туурамжыдан салып, топтой тоголок кылып түйөбүз. Самсалардын каптал жактарын суулап, ичи майланган табага түйүлгөн жагын төмөн каратып 4-6 даанадан кылып бири-бирине жабыштырып тизебиз.Бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, күнжүттөн себелеп, 180 градуста иштеп турган электр мешине бышырып алабыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️