Өзгөндөгү мектеп-интернатка 47 млн сомго спорт зал курулуу пландалууда. Долбоор даярдалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы М.Раззаков мектеп-интернатына спорт зал курулат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, каржы министринин орун басары Улугбек Календеров, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов М.Раззаков атындагы мектеп-интернатынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда окуучуларга мектеп формасы жана кышкы кийимдер тапшырылды. Мындан тышкары М.Раззаков атындагы мектеп-интернаты үчүн спорт зал курулары айтылды.

Бүгүнкү күндө спорт залдын жер тилкеси аныкталып, долбоору түзүлгөн. Сметалык баасы 47 млн сомду түзөт. Спорт залдын курулушу башталуу алдында турат. 2025-жылдын II кварталда пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️