Ош облусунда милиция кызматкерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-ноябрда Ош облусунун ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына ардагерлерге жана кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, облустук милициянын башчысы Нурланбек Бурканов, ички иштер органдарынын ардагерлери жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Алгач кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин эстелигине гүлчамбар коюлду. Андан соң Нурланбек Бурканов ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан ардагерлерди жана кызматкерлерди кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады. Ал бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдарды, ИИМдин, ОИИБдин медаль, төш белги жана ардак грамоталарын тапшырды. Ал эми облус жетекчилиги тарабынан белектер берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакын туугандарына сый тамак уюштурулуп, акчалай белектер тапшырылды. Майрамдык салтанат маданият кызматкерлери тарабынан тартууланган концерттик программа менен коштолду.

Мындай иш-чаралар облустун 7 районундагы милиция бөлүмдөрүндө да өткөрүлдү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️