Ош—Баткен—Раззаков жолу Баткен облусунун аймагына чейин жаңыланат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолу Ноокат районунун Абшыр-Сай тилкесинен Баткен облусунун кире беришине чейин жаңыланат. Бул тууралуу кечээ, 31-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери Абшыр-Сай аймагына чейин жүргүзүлдү. Баткендин чек арасына чейин дагы 28 чакырым жол бар.

«Бүгүнтөн баштагыла деп тапшырма бердим. Эмдиги жарым жылдыкта, июндун аягына чейин ушул жол бүтсүн.

Андан сырткары Оштогу Жапалактан чыга бериште Ноокат менен Кара-Суу кошулган жерге чейин да 12 км жол экен. Ал жер дагы өтө бузулуп кетиптир. Силердин келгениңерге да кыйын болуп жатат. Ал жерди дагы азыр башташат. Ал жер дагы эмдиги жылы биринчи жарым жылдыкта бүтсүн. Мен июнь айында келем, бул жерди ачабыз. Ушинтип элге шарт түзөбүз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал жолду оңдоо боюнча транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге тапшырма берди.

Пример HTML-страницы

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Ош—Баткен—Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгү — 13,5 чакырым аралыгын реконструкциялоо республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Эки бөлүккө бөлүнүп, 28-34 чакырымы жана 40-47-чакырым аралыктары 2023-жылы башталып, биринчи катмарына асфальт төшөлгөн. Аталган 13,5 чакырым аралыгынын экинчи катмарына толук асфальт төшөлүп бүткөн.

Ноокат шаарын аралап өткөн 34-40 чакырым аралыгында (Ноокат шаарынын ичи) реконструкциялоо (кызыл сызыктагы электр мамычалары, байланыш линияларды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жылдыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карьерлер жана калдыктарды төгүүчү жайлар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аныкталды) жумуштары жүргүзүлүүдө.

Ноокат шаарын аралап өткөн Ош—Баткен—Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар каралып, ушул жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүп, аягына чыгаруу пландаштырылган.

Бүгүнкү күндө 34-40 чакырым эки бөлүккө бөлүнүп, 34-37 чакырым аралыгында (3 км) «Спутник Строй» жол куруу ишканасы [жетекчиси жана түзүүчүсү — Ажиматов Канатбек Маматуралиевич] тарабынан 2,5 км аралыгында жолдун астыңкы катмарына асфальт төшөлдү.

Ал эми экинчи бөлүктө 37-40 чакырым жол (3 чакырым) «ТАСиКО» ЖЧК [Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, компаниянын жетекчиси Абдырахманов Туйгунбек Абдырахманович, түзүүчүсү катары Мирзахматов Махаматкабил Раимбердиевич көрсөтүлгөн. ЖЧК 2010-жылдын 25-январында каттоодон, 2023-жылдын 14-мартында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: темир жолдорду куруу] тарабынан жолдун 3 км аралыгына астыңкы катмарына асфальт төшөө иштери бүткөрүлүп, 2 чакырым аралыгына экинчи катмарына асфальт төшөлдү.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, асфальт төшөө иштери менен катар Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилди.

Ал эми эл аралык маанидеги унаа жолдун 29-чакырымында жайгашкан (Кыркол-Сай) көпүрөдө жумуштардын 80 пайызы аткарылды.

Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️