Пример HTML-страницы

Оору чакыра турган сөздөр! 

https://kyrgyzcha.site/?p=41826&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Оору чакыра турган сөздөр! 

 

Немис психотерапевти (түбү Ирандан) Нусрат Пезешкиан биринчилерден болуп, айрым сөздөр адамды ооруга чалдыктыраарын аныктап берген.

 

Адамдын өзүнүн руханий абалынан келип чыгып айтылчу сөздөрү, өзүнүн саламаттыгына да таасир берет экен.

 

Канчалык күчтүү болбоңуз, айтылган сөздөрүңүз, өзүңүздүн ден соолугуңузга залакасын тийгизет.

 

Мисалы биз кээ бир учурда, ачуунун үстүндө көп сөздөрдү айтып алабыз. Мындай жек көрүү менен айтылган сөздөр, биздин ички органдарыбызга буйрук иретинде барат экен.

 

• Баары менин мойнумда, бүт көйгөйлөр мага келе берет дегендерде — остеохондроз оорусу өрчүйт экен.

 

• Баарынан тажадым,ушунчалык жанга тийди деген адамдын организминде, ар кандай өсүндүлөр пайда болушу мүмкүн экен.

 

• Жүрөгүмө катуу тийди, жүрөккө алдым деген адамдарда — инфаркт көбүрөөк кездешет.

 

• Ушул көйгөйлөрдөн башым ооруй турган болду дегендер — мигрень дартын чакырып алышат.

 

• Канымды ичип бүттү же канымды ичмей болду дегендер — көбүнесе аз кандуулукка кабылышат.

 

• Чыдамым кетти, сабырым соңуна чыкты дегендер — гипертонияга чалдыгат.

 

• Уккум келбейт, өчүр, мен аны билем деген адамдар — угуу жөндөмүнөн жабыркайт.

 

• Нервимди козгобо дегендердин көпчүлүгү — депрессия менен жашап калышат.

 

• Эч жакшы күндөрдү көрбөс болдум, мен кубана турган күн да болобу дегендер — боор, өт ооруларына дуушар болуп, ашыкча семиздикке чалдыгып калышат.

 

• Өз өзүн жеп, сыгыла берген адамдарга көбүрөөк жара чыгат.

 

• Өлгүдөй чарчадым дегендер — бөйрөк оорулары менен жабыркайт.

 

Андыктан ар дайым айтып жаткан сөздөргө маани бериңиз. Анткени адамдын организмин айтылган сөздөр кошо башкарат.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE