Ноокатта 24 миңден ашык калкы бар айыл аймактагы стадиондун жери сатылып, кароосуз калган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев айыл аймагындагы стадиондун жерлери жеке менчикке сатылып, бүгүнкү күндө стадион кийиштүү абалга келди.

Токтомат Зулпуевдин атын алып жүргөн стадиондун курулганына быйыл 42 жыл болду. Ал өз учурунда Ноокаттагы алдыңкы, аты чыккан спорт комплекс болуп турган. Учурда андагы орундуктардын баары талкаланып, жараксыз абалга келген. Чуркоо үчүн жолдор бузулуп, чөп баскан. Дааратканасы пайдаланууга жарабай, айланасы таштандыга толгон.

Токтомат Зулпуев СССР убагында Ноокат районунда Россия колхозун негиздеген. Ал кезегинде Москвада ВДНХнын (элдик чарбанын жетишкендиктеринин көргөзмөсү) ардак тактасында эң бай колхоз деп илинип турган. Т.Зулпуев колхоздун раиси (башчы) болгон. Өзү негиздеген колхозго Тотомат Зулуевдин ысымы ыйгарылган.

Токтомат Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Тажибаев Turmush басылмасына берген комментарийинде бүгүнкү күндө стадиондун жерлерине ээлик кылып келгендердин айрымдары өз ыктыяры мамлекетке кайтарып берип жатса, айрымдары менен соттук процесстер дагы деле уланып жатканын билдирди. Менчик ээлеринин арасында Жогорку Кеңештин V-VII чакырылыштарындагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун да аты аталды.

«Бүгүнкү күндө Жунус Алимбеков аттуу жарандын менчигинде турган 8 сотых жерди кайтарып алдык. Азыр Айнуска Маткасимова деген жарандын менчигине өткөн жер калды. Бул маселе боюнча Жогорку соттон утулуп калдык. Кайрадан кароо үчүн укук коргоо органдарга дагы бергенбиз. Анын менчигинде 35 сотых жер бар. Алар дагы бирөөдөн сатып алышкан экен. Биз алар менен 3-4 жолу кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Алар бизге талап коюшкан, «биз акчабызга сатып алганбыз, ордуна башка жер бергиле» деп. Биз эки жерден жер көрсөттүк, бирок аларга жакпай жатат. «Мындай жерден албайбыз, жакыныраак жерден берсеңер анан өткөрүп беребиз» деп турушат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине дагы билдирүү жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күндө алар иш алып барып жатат.

Пример HTML-страницы

Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен «Жаш күч» деген спорт комплекси курулган. Ал да өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Андан башка стадиондун ичинде дагы бирөө биринчи кабатка чейин имарат курган болчу, ал да бизге өткөрүп берди», — деди Данияр Тажибаев.

Стадиондун жерине курулган «Жаш күч» спорт комплекси да бүгүнкү күндө кароосуз, терезе-эшиктери талкаланган абалда турат. Аны оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүү үчүн жергиликтүү бийликте акча каражаты жетишсиз экени белгилүү болду.

Спорт комплекстин жерлери колхоз, совхоз болуп тараган учурда, 1994-жылдары колхоздун, дыйкан чарбалардын үлүштөрүнө тийип, дыйкан чарбалар Социалдык фондго, салыкка карыз болгондо алар аркылуу сатылып кеткен. Ал жердеги эски имараттар, стадиондун төрт бурчундагы жарык берүүчү жабдыктардан бери сатылган. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы бүгүнкү күндө алар кайрадан айыл өкмөттүн балансына кайтарылганын айтты.

Аталган стадиондун жалпы аянты 3 гектар жерди ээлеген. Бара-бара жеке колдорго өтүп, анын аймагы 2,5 гектарга чейин кыскарган.

Айыл өкмөт башчысы Данияр Тажибаевдин айтымында, бул стадионду капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү документтер, болжолдуу баасы 150 млн сомдук долбоор даярдалды. Ал 2025-жылы бул спорт комплекс толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө турганын кошумчалады.

Зулпуев айыл аймагындагы калктын саны 24 миң 722 адамды түзөт. Айыл аймактын курамында 10 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️