Нарындагы көз жоосун алган жерлер (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын жаратылышы суктандырып, көз жоосун алат. Анын аймагында чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор, шар аккан мөлтүр суулар, ар кандай кен байлыктар жайгашкан.

Алардын ичинен жаратылышы, тоолору, эң узун дарыясы менен өзгөчөлөнгөн Нарын облусу тууралуу сөз болмокчу. Turmush басылмасы Нарындын жаратылышы жөнүндө жарык көргөн макалаларды топтоду.

—————————————————

Топу-Таш жайлоосу

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айыл аймагына караштуу Топу-Таш жайлоосу көргөндүн көз жоосун алып, көргөн адамды кайдыгер калтырбайт.

Шабыр капчыгайына Жаңы-Талап айылынан түштүк тарапка же тактап айтканда Соң-Көл жайлоосуна бара турчу жол менен жүрүп отуруп, Кошой-Конуш капчыгайына жетпей күн батыш тарапты көздөй бурулуп, алгач айланасын бийик тоолор, ак чаптар менен курчалган коктуну өрдөп барып жетесиң.

Пример HTML-страницы

Эки тарабын чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолор орун алган, ортосунан мөлтүрөгөн көк кашка суу шаркырап аккан, тал-терек, кайың, арча, карагай өскөн капчыгайдын ичи Шабыр капчыгайы деп аталат. Шабыр капчыгайын өрдөп бара бергенде чоң жайык чөлкөмдү Топу-Таш деп аташат.

Жаңы-Талап айылынын тургуну Акылбек Бексултанов Топу-Таш деп эмнеден улам айтылып калгандыгын айтты.

«Топ-Таш касиеттүү, карагай-чер өскөн кооз өрөөн. Зооканын кырында көлөмү боз үйдөн чоң таш туруп калган. Алыста караган адамга топудай болуп көрүнөт да. Ошондон улам Топу-Таш деп аташат. Мындан ары Карагайлуу-Мойнок менен Узун-Булакка барып, андан ары Соң-Көлгө ашып кетесиң. Бул жагы Камчы-Булак, Төр өрөөндөрү жайгашкан», — деди А.Бексултанов.

—————————————————

Бабачал жайлоосу

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Бабачал жайлоосунун аталышы сансыз жылкы баккан адамдын атынан аталган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жаман-Даван дарыясын бойлой түштүк тарапты көздөй бара жатканда, тактап айтканда Турук көмүр кенине жетпей оң тараптагы чоң коктунун ичи Бабачал жайлоосу деп аталат. Дал ортосунан Бабачал суусу агып өтөт. Жайлоодо кийик, суур, карышкыр, кашкулак, улар жана башка жаныбарлар байырлашат. Ал эми Бабачал суусу Жаман-Даван дарыясынын оң куймасы болуп эсептелет.

Элдик уламыштарда, илгери Бабачал деген карыя бул коктуда сансыз жылкы бакканы айтылат.

«Бул жерди Бабачал деген карыя жердеп, миңдеген жылкы багып, ошол жылкылары ушул сууну ичкенде суу кадимкидей соолуп калчу экен. Ошондон улам Бабачалдын суусу, Бабачалдын жайлоосу аталып калган дешет. Мал бакканга ыңгайлуу жайлоо», — деди алар.

—————————————————

Арпа жайлоосу

Ак-Талаа жана Ат-Башы райондоруна караштуу Арпа жайлоосунун аталышы тууралуу аймактык кабарчы азыноолак маалымат топтоду.

Арпа жайлоосу — ички Теңир-Тоонун түштүк батышындагы бийик тоо өрөөнү. Түштүк батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк чыгышынан Орток-Тоо жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 чакырым, эң жазы жери 32 чакырым. Бул өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2600-3600 метр бийиктикте орун алган. Арпа суусу өрөөндү 2 бөлүккө бөлүп турат. Климаты катаал. Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа. Күңгөй тарабы жарым чөл же тактап айтканда кургак талаа.

Арпа өрөөнү Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек—Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Ак-Талаа районунун тургуну Кылымбек Чодонов: «Менин укканым боюнча, илгери Санчы сынчы өтүп бара жатып Ак-Талаага келгенде: «Карысы карап турбаган, жигити жилик албаган, катаал жер экен» деп, андан ары жолун улап, азыркы Арпа жайлоосуна жеткенде, минип келе жаткан аты баспай калат. Атын эс алдырып алайын деп, атын бош агытып, өзү да эс алат экен. Бир убакта, атын кармайын десе карматпай качып жөнөйт. Ошондо, Санчы сынчы: «Бул жердин чөбү арпадай күчтүү экен» деп, качкан атынын артынан ээрчип жүрүп отурат. Аты азыркы Ат-Башыга жетип, бир журтта күл төккөн дөбөгө токтоп калат. Барып кармайын десе, күл дөбөдө ача болуп сынган малдын далы сөөгү турган болот. Аттын чылбыры ошол далы сөөккө илинип, ат ошондон ула токтоп калган болот. Мындан улам «далыны ача кылып коюш керек» деген сөз калса керек. Жини келген Санчы сынчы атты ошол жерден союп, аттын башын орноп турган мамынын башына сайып: «Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы» деп жазып кеткен экен. Ошондон тартып Ат-Башы аталып калса, ал эми чөбү арпадай күчтүү өрөөн Арпа аталып калган экен», — деди.

Ал эми айрым санжыраларда Арпа өрөөнү түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Торугарт кырка тоосу, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосу, түндүгүнөн Жаман-Тоо курчап тургандыгы, ошондой эле Кожогулдун сайы, андан төмөн жагы Калматайдын жары, кадимки кыргыздын баатыр кызы Жаңыл Мырзанын жайлап турган жери, андан ары Масеилдин бели, андан аркы сай Бургандын сайы деп айтылат. Калматай Жаңыл Мырзанын күйөөсү, Кожогул, Масеил, Бурган Жаңыл Мырзанын кайнилеринен болгон экен. Ошол доордо Жаңыл Мырза сарыбагыш уруусунун мыкты чыкма баатырлары Үчүке, Түлкүнү басынтып, намысына тийгендиги үчүн экөөнү катары жаа менен атып өлтүрүп качканда, чагалдак уруусунан Аккочкор аттуу жигит Жаңыл Мырзаны кубалап жөнөйт. Жаңыл Мырза Аккочкорду дагы атып салууну ойлойт. Бирок, анын жапжаш, келишкен баатыр жигит экендигине суктанып, Аккочкорго колго түшүп берет. Бирок, ошол кездеги кыргыз бийлери Жаңыл Мырзаны күнөөлүү деп таап, 60 жаштан ашып калган Калматайга алып берип койгондугу тууралуу да аңыз кеп айтылып келет. Ошондон улам, Жаңыл Мырзанын ичинде кеги калат. Качан Арпанын Семиз сазында, төрт уруу эл катышкан чоң тойдо, кайнилери болбой Жаңыл Мырзаны кыйнап, «эскини эскертпегиле» дегенине болбой, өз урууларынын намысы үчүн жамбы аттырышат. Жамбыны атып түшүрүп, жоо кийимчен Жаңыл Мырза качат. Артынан кубалаган кайниси Кожогулду сайдан өтө берген жерден жаа менен атып өлтүрөт. Ошол сай Кожогулдун сайы аталыптыр. Балтыр бешик эркек баласын өңөрүп, артынан жете барган күйөөсү Калматайды артынан атып түшүрүп, баласынын ыйлап ээрчигенине карабай ары качат. Бул жер Калматайдын жары, андан ары кубалап барган Масеилди, Бурганды катары менен атып өлтүрүп, ал жерлер Масеилдин бели, Бургандын сайы аталыптыр. Жаңыл Мырза Ак-Бейит, Таш-Рабатты басып, Ак-Сайды ашып, Чатыр-Көл аркылуу Ак-Чийдеги нойгут элине кирип кеткен деген уламыш айтылып, тарыхта «Жаңыл Мырза нойгут элинен чыккан баатыр кыз» деп айтылып калган экен.

Арпа жайлоосу жөнүндө дагы башка уламыштарды окуу үчүн бул жерди басыңыз.

—————————————————

Кашка-Суу жайлоосу

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында тарыхка бай, эң кооз Кашка-Суу жайлоосу тууралуу сөз болмокчу.

Кашка-Суу — ак кайыңдар, тал, бийик карагайлар, жайылып өскөн арчалар, түркүн-түстүү гүлдөр, түрдүү чөптөр өскөн, мөлтүр кашка булактар аккан, кайберендер, карышкыр, түлкү, суур, ителги, улар жана башка жаныбарлар мекендеген эң кооз жайлоолордун бири. Аталган жайлоодо Кыз-Коргон, Вулкан-Тоо, Беш-Көл сыяктуу тарых окуяларын камтыган, уламыштарга бай, келечекте туристтик базага айлана турчу жерлер бар.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Саякбай Итикулов ата-бабасы жердеген Кашка-Суу жайлоосу тууралуу айтып берди.

«Кашка-Суу менин ата-бабаларымдын жери. Ошол жерди жайлап, кыштап жашашкан. Малы көп, бай адамдар болгон экен. Совет доору орноп, төрт түлүк малын колхозго тартып алабыз дегенде, бербей коюшат. Бир атанын төрт баласы да. Экөөнү Жалал-Абадга, экөөнү Нарынга алып келип, атып салышыптыр. Ал жерде ата-бабаларыбыз текенин мүйүзү менен казган суу арыктар бүгүнкү чейин бар. Кашка-Суу кооз өрөөн. Куркурак-Зоо деген зоонун үстүндө көл орун алган. Ошол зоонун оң капталында Кыз-Коргон деген жер бар. Кыз-Коргондун ичинде үңкүрлөр жайгашып, ак кайыңдар өсөт. Кокон хандыгынын мезгилинде сулуу кыздарды хан ордого алып кетип турушкан экен. Кыз-Коргондун ичинде чоң зоо бар, зоонун этегинде жайык булак, үңкүрлөр жайгашкан. Ошол жерге жергиликтүү жашоочулар кыздарын катышчу тура. Кокондун сарбаздары жердин шартын жакшы таанып билбегендиктен, ал жерге жашынтып койгон кыздарды көрбөй, өтүп кетишчү экен. Ошентип көптөгөн кыздарды хан ордого жибербей алып калышкандыктан, Кыз-Коргон деп аталып калыптыр», — деди Саякбай карыя.

Куркурак-Зоонун түбүнөн 17-кылымдарда вулкан атылган деген уламыштар айтылып жүрөт. 40 түтүн үй вулкандын алдында калган. Толук маалыматты бул жерди басып окуңуз.

—————————————————

Соң-Көл жайлоосу

Жаратылышы жайы-кышы кооз болуп, көпчүлүктүн сүйүктүү эс алуучу жайына айланган Соң-Көл жайлоосу.

Соң-Көл өрөөнү — Ички Теңир-Тоонун борбордук бөлүгүндө, Соң-Көл, Молдо-Тоо, Бооралбас кырка тоолорунун ортосунан орун алган. Кеңдик багыт боюнча 50 чакырымга созулат, туурасы 25 чакырым. Таманын Соң-Көл көлү ээлейт. Деңиз деңгээлинен 3000-3400 метр бийикте жатат.

Климаты континенттик, жылдык орто температурасы -3,5°С, январда -20°С, июлда +11°С болот. Жылдык жаан-чачын — 350-400 мм.

—————————————————

Шабыр капчыгайы

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айыл аймагына караштуу Шабыр капчыгайынын кооздугу көргөн адамды кайдыгер калтырбайт.

Жаңы-Талап айылынан түштүк тарапка, тактап айтканда айтылуу Соң-Көл жайлоосуна бара турчу жол менен жүрүп отуруп, Кошой-Конуш капчыгайына жетпей, күн батыш тарапты көздөй бурулуп, алгач айланасын бийик тоолор, ак чаптар менен курчалган коктуну өрдөп барып жетесиң. Андан соң, эки тарабын чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолор орун алган. Ортосунан мөлтүрөгөн көк кашка суу шаркырап агып, тал-терек, кайың, арча, карагай өскөн капчыгайга келесиң. Анын ичи Шабыр капчыгайы деп аталат.

Жаңы-Талап айылынын тургуну Темирбек Турсунбеков Шабыр капчыгайынын аталышы тууралуу айтты.

«Биздин Куртка өрөөнүндө карагай, кайың өскөн аймак бар. Кирип бара жатканда арчанын жыты буркурап, ортосунан ат агызгыдай чоң суу агып өтөт. Саздактуу жер болгондуктан, аттын бою менен тең камыш өскөн. Улуулардан угушума караганда, илгери азыркыдай унаа жол жок, ат жол өтчү. Ошол буркан-шаркан түшүп аккан сууну жергиликтүү эл ат менен ар кай жеринен кесип өтчү экен. Аттын боюнан бийик өскөн камыштар шуулдап, коркунучтуу, сүрдүү өрөөн болгондуктан Шабыр дешчү экен. Ал эми башка вариантында, ошол эле камыштардын шуулдаганынан жана суунун шарпылдаганынан «шабыр-шубур» деп жүрүшүп, «шубур» дегени калып, Шабыр аталып калгандыгын айтып жүрүшөт», — деди Темирбек Турсунбеков.

Ал эми аталган айылдын тургуну Алмаз Кайыпов дагы ушул эле аталыштын башка вариантын айтты.

«Ооба, Шабыр өтө кооз жайлоо. Келечекте туристтик база боло турчу аймак. Менин санжыралардан угушума караганда, капчыгайдын ортосунда шарпылдап аккан чоң сууда балыктар өтө көп болуп, суу шарпылдап турчу дешет. Ошондон улам Шабыр аталып калган деп айтылып жүрөт», — деди ал.

—————————————————

Кашка-Суу жайлоосундагы көлдөр

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылына караштуу Кашка-Суу жайлоосунда көргөндүн көз жоосун алган кичи көлдөр жайгашкан. Көлдөрдүн санжырасы тууралуу аймактык кабарчы сураштырды.

Маалым болгондой, аталган жайлоодо Самын-Көл, Көк-Көл жана Мазар-Көл аттуу көлдөр жайгашкан. Самын-Көлдүн түбүндөгү таштар самын сымал болгондуктан жергиликтүү тургундар Самын-Көл деп атап алышкан. Ал эми Көк-Көлдүн суусу таза, тунук, алыстан караганда ар дайым көпкөк болуп тургандыктан Көк-Көл деп аташкан. Бул көлдүн тереңдиги 9-11 метрди түзөт.

Өткөн мезгилде Куркурак-Зоонун айланасында жашаган элдер Мазар-Көлдү мазар катары ыйык тутуп, сыйынганы айтылат. Ушул убакка чейин Мазар-Көлгө сыйынуу үчүн келгендер көп.

Аталган айылда бир топ жыл мугалимдик кесипти аркалаган ардагер Олег Итикулов ар бир көлдүн аталышы жана Мазар-Көлдүн сыры тууралуу айтты.

«Самын-Көлдүн түбүндө балырлар көп өсөт. Балыр өтө сыйгалак өсүмдүк экенин билесиңер. Анан ал таштарга жабышып өсүп, таштардын үстүнө самын сүйкөп койгонсуп басканда бутуң тайгалангандыктан, Самын-Көл дешет. Көк-Көл терең болуп, көгөрүп көрүнгөндүктөн Көк-Көл деп аташат. Ал эми Мазар-Көл өзүнчө касиетке ээ, сырдуу көл. Берки көлдөргө караганда караңгыда деле, жарыкта деле жанынан өтүп бара жатканда сүрдүү көрүнөт. Жанагы мен атаган аксакалдардын айтымына караганда, илгери ата-бабаларыбыз бул көлдүн ээси бар деп айтышчу экен. Бири аппак коён көргөндүгүн, көлдүн ээси аппак коён десе, бири ак кийик көргөндүгүн айтып калышчу дейт. Мындан тышкары көлдүн жанынан шамал, жел болбой турса деле жылуу аба адамдын бетин аймалап, сыйпалап кеткенине дуушар болдум деп айтып калгандарын уккан элем. Ошондон улам Мазар-Көл аталып, эл бул жерге тилек айтып, сыйынып, балалуу боло албай жүргөндөр балалуу болуп, ооругандар оорусунан сакайып кеткен учурлар болгон дешет. Ал кезде азыркыдай техникалар, унаалар жок. Эл жөө, атчан жүрүп көлдүн сырын, касиетин көп байкашса керек. Азыркы учурда унаалар менен барып, дүңкүлдөтүп музыка коюп, байкабай жүрүшсө керек.

Сүрөттөр Баетов айылынын тургуну Эдил Беккелдиевге таандык

Аталган көлдөр тууралуу толук маалыматты бул жерди басып окуңуз.

—————————————————

Ат-Кулак жайлоосу

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн Ат-Кулак жайлоосу туурасында аймактык кабарчы маалымат топтоду.

Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Шейшеналы Максүтовдун айтымында, Ат-Кулак жайлоосу күн чыгыш тарабынан Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагы, күн батыш жагынан Тоголок Молдо айылы менен чектешет. Бул жайлоодо Молдо-Тоо кыркалары жайгашкан. Эң бийик чокусу Бабык-Чоку деп аталат. Бел-Булак, Коржой, Шаркыратма, Турдубайдын аралы, Холодильник, Байжан-Үңкүр, Салык-Үңкүр тилкелери орун алган.

Илгери илбирс, аюу байырлаганбы?

— Ат-Кулак жайлоосунда басымдуусу кайберендер мекендешет. Ошондой эле сүлөөсүн, карышкыр, суур, түлкү сыяктуу жаныбарлар жашайт. Илгери илбирс бар болчу деп калышат. Бирок учурда кездешпейт. Бабалар аюуга аңчылык кылып, терисин пайдаланган учурлар болуптур.

Белгисиз чеп, алтын катылган үңкүр…

— Ат-Кулакта калмактар мекендеген имиш. Бир жайык жер бар. Ошол жерде белгисиз чеп болгон деген уламыштар айтылып жүрөт. Ушул жердин жанында Салык-Үңкүр деген үңкүр жайгашкан. Үңкүрдө катылган алтын бар. Ал алтынды издеп казышкан деген дагы уламыштар эл оозунда айтылып жүрөт. Мен дагы үңкүргө кирип көргөм. Ичинде мрамор сыяктуу ак таштар бар. Аркы түбү атайын казылган сыяктуу көңдөй болуп көрүнүп турат. Учурда жер кыртышынын өсүшүнөн улам үңкүр кичирейип бара жатат. Ошондой эле Манас атабыздын таш тулгасы, Аккуланын мамысы Ат-Кулак жайлоосу менен Соң-Көл жайлоосунун чектешкен жеринде орун алган.

Сүрөттөр Кызыл-Белес айылынын тургуну Нурбек Байшериев тарабынан тартылган

Толук маалыматты бул жерди басып окуңуз.

—————————————————

Карагай-Төр жайлоосу

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына караштуу эң кооз жайлоолордун бири Карагай-Төр жайлоосу тууралуу айыл аксакалы Касымбек Сатиндиев айтып берди.

Анын айтымында, бугулар байырлаган жайлоодо Маамыткан деген болуш жердеген.

«Маамыткан деген болуш болгон. Ал караке жана көчөк урууларын башкарып, ушул Карагай-Төр жайлоосун жердеп турган. Маамыткан элге карамдуу, калыс болуш болгон экен. Карагай-Төр, Алабай-Там, Түз-Бел жана Кызыл-Коргон чөлкөмдөрү ошол болушка тиешелүү болуптур.

Илгертеден бери эле аты Карагай-Төр. Аркы чокуну Ак-Текенин тоосу деп коёт. Тоонун аркы бети өтө катаал зоо болуп кетет. Карагай-Төр жайлоосунун төр тарабында бийик-бийик жыш карагайлар өсөт. Ошондон улам Карагай-Төр аталып калса керек. Илгери бул жерде бугулар байырлачу экен. Биз деле көргөн жокпуз. Санжыралардан угуп калабыз. Карагай, кызыл карагай, кайың, тал, долоно, шилби, жапайы карагат, ыргай, табылгы, четин өсөт. Өспөгөн бак-дарак жок. Тизмеде кайсы өсүмдүк болсо, ошонун баары ушул жерде өсөт. Карагай-Төр суусунда, Бычан суусунда, Кайыңды суусунда балык бар. Бул аймакта кашкулак, суур, кийик, аркар, кулжа жана башка жаныбарлар жашайт. Убагында тоо эчкисинин улагын кармап келип, аны жасалма зоокада бактым», — деди Касымбек аксакал.

Ал эми жаш активист Бакай Акылбеков Карагай-Төр жайлоосуна туристтик борбор ачып, туристтерди тартса болорун айтат.

«Туристтер бул жакты билбейт. Бычан жайлоосу аркылуу ашып өткөндө эле билбесе, негизи жергиликтүү элден башка эч ким билбейт. Туристтерди тартуу үчүн эл, жергиликтүү бийлик аракет кылышыбыз керек. Буга кызыккан адамдар кичирээк мейманкана куруп, жакшы шарт түзүп, туристтерди кызыктырсак сонун болор эле. Ары-бери өткөн туристтер айылга деле түнөп кетип жатышат. Андан көрө ошолорду Карагай-Төр жайлоосуна алып барсак, алар деле мындай кооз жайлоону көрсө суктанышат. Кийинки жылдары акырындап келе башташмак. Негизи аракет керек», — деди Б.Акылбеков.

—————————————————

Келин-Таш жайлоосу

Ак-Талаа районундагы кооз жайлоолордун бири — Келин-Таш тууралуу айтылган уламыштарды аймактык кабарчы топтоду.

Баетов айыл аймагынын түштүк тарабындагы Кара-Суу чөлкөмүнөн жогору чыкканда капчыгай ичи жана ошол аймак Келин-Таш жайлоосу деп аталат. Капчыгай ичин өрдөп барганда бийик аска орун алган. Карагай черлүү, түркүн чөп өскөн, аркар-кулжа, кайберендер мекендеген жайлоо.

Тарыхчы Жумагул Байдилдеев Келин-Таш жайлоосу тууралуу уламышты санжырачы Кадаңалы аксакалдан укканын айтат.

«Бул окуя тээ калмактар бизге кол салып турган убакта болгон экен. Калмактын көп колу капысынан Арпа жайлоосунда жаткан кыргыздарга түн ичинде кол салып, бир далай адамдарды туткундап кетишет. Ошол туткундалып кеткен адамдардын арасында айдай сулуу, акыл-эстүү бир келин болот. Келиндин сулуулугуна көзү түшкөн калмактын кол башчысы аны аялдыкка алат. Калмактар менен кармашууда күйөөсү курман болгонун билсе дагы, келин эл-жерине болгон кусалыгы артып, эки-үч жолу качууга аракет кылат. Бирок ал аракеттери аткарылбай колго түшүп калат. «Келин качып кетпесин» деп калмактын кол башчысы беш-алты жигитине кайтартып коёт. Арадан бир жыл өткөндө келин дагы качууну ойлойт. Ак кодол деген чөптүн тамырын кошуп, кымыз ачытат. Калмактын кол башчысы жортуулга кеткенде баягы өзүн кайтартып койгон сакчыларга кымыздан берет. Ак кодол кошулуп ачытылган кымызга тойгон сакчылар мас болуп уктап калышат. Келин сыртка чыгып, байлануу турган аттардын бирин минип, качып жөнөйт. Эртеси, жортуулдан келген калмактын кол башчысына келин качып кеткенин кабарлашат. Ачуусу келген кол башчы: «Келинди жердин түбүнөн болсо дагы таап келгиле. Тирүү болсо тирүүлөй, өлүү болсо өлүгүн алып келесиңер. Таап келбесеңер башыңар алынат» дейт. Жанынан корккон сакчылар: «Кантсе дагы өзү туулган жерине кетти го» дешип, Арпа жайлоосуна жөнөшөт. Күнү-түнү жүргөн келиндин аты чарчап, жаңыдан эл-журтуна алып баруучу капчыгайды өрдөп жөнөгөндө, арт жактан куугунчулардын кыйкырыгы, аттардын дүбүртү угулат. Келин атын канчалык камчылаганы менен чарчаган ат араң эле басат. Куугунчулар жакындап калганда келин атты таштап, аскага тырмышып чыга баштайт. Куугунчулар дагы аттарын таштап артынан түшөт. Келин асканын кырына чыгып, өзү туулуп, өскөн жайлоосун тегерете бир карап алат дагы «душмандын колунда жүргөндөн көрө өз жеримдин топурагын кучактап өлөйүн» деп аскадан боюн таштайт. Аркасынан жете келген куугунчулар делдейип туруп калышат. Кол башчынын «өлсө өлүгүн алып келгиле» деген буйругун эстешип, келин боюн таштап жиберген асканын түбүн карашса, келиндин денеси ташка айланып калган экен. Бул окуяга аң-таң болгон куугунчулар жакаларын кармап, айласыздан артка кайтышат. Ошол жер кийин Келин-Таш деп аталып калыптыр», — деди Ж.Байдилдеев.

Ал эми санжырачы жана журналист Өмүрбек Дөлөев келиндин келбетине окшош ташты Бишкектеги музейге алып кетишкенин айтат. Толук окуу үчүн бул жерди басыңыз.

—————————————————

Калкагар зоосу

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Орто-Сырт жайлоосунда жайгашкан Калкагар зоосу келген туристтерди кооздугу менен таң калдырып келет.

Калкагар зоосу Орто-Сырт өрөөнүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан. Калкагар — бийик зоо, калканыч деген маанини билдирет. Бул кооз зоого арнап акын Өмүрбек Дөлөев ыр жазып, композитор Жалил Сыдыков обон чыгарган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган зоо адам колу менен жасап койгондой элести берип турат.

«Бул зоокада кайберен, илбирс мекендейт. Аска бетинде майда оюкчалардан тарта чоң-чоң үңкүрлөргө чейин бар.

Өзгөчө кооз Калкагар зоосунун ичинде чоң үңкүрлөрдүн биринде бийиктиги 7 метрден ашык шаркыратма сууга окшош муз орун алган. Ал жерди Муз-Төр деп аташат. Муз жайгашкан каньондун ичинде жүрсөң кадимки кондиционерге түшкөндөй болосуң. Калкагар аскасы күн батар алдындагы күндүн кызыл түстөгү чачкан нуруна чагылышкан учурда өзгөчө керемет кооздукка бөлөнүп, чет өлкөлүк туристтерди өзүнө тартып, суктандырып турат. Жай мезгилинде туристтер үзүлбөйт», — дешет тургундар.

Акын Өмүрбек Дөлөев бийиктигине көз жеткис Калкагар аскасында мумиёлор бар экенин айтты.

«Калкагар аскасы туурасында эл ичинде эч кандай деле уламыш же санжыралар жок. Калкагар зоосунун башы асманды сайып турат. Миңдеген усталар биригип, атайын кол менен куруп койгонсуп көрүнөт. Бул жерди ат менен айланып бастырып көргөм. Ушунчалык укмуштуудай кооз жер. Өзгөчө, кийиктер өтө көп. Башка жагынан карасаң, байыртадан калган хансарай же шаар дейбизби, айтор курчалган өтө чоң сепилдей көрүнөт. Зоонун этек жагында үңкүрлөр, кичирээк оюкчалар бар. Ошол оюкчаларда, үңкүрлөрдө чөп аралашкан мумиё көп. Мен дагы мумиёлордон үйгө алып келип, айрым адамдарга дагы бергем. Мумиёнун абдан күчтүү дарылык касиети бар. Өзгөчө, сынган сөөктүн кайра бүтүшүнө жана башка көптөгөн ооруларга дары», — деди Ө.Дөлөев.

Айрым сүрөттөр менен видеолор айыл тургундары Билимбек Капарбеков менен Кубаныч Баялиев тарабынан тартылган.

—————————————————

Молдо-Ашуу ашуусу

Нарын облусунун Ак-Талаа району тараптан Соң-Көлгө алып баруучу 3346 метр бийиктеги Молдо-Ашуунун кооздугун көрүү үчүн жыл сайын көптөгөн туристтер келишет.

Алар Сары-Жыгач, Кошой-Конуш деген кооз коктуларды өрдөп отуруп, аталган ашууга жетишет. Ашуунун башына чыккыча автоунаалар 11 бурулуштан бурулуп, бийик аскаларды, бийик өскөн карагайларды аралап жүрүп отурат. Бирок бурулуштардын өтө эле кууштугу кооптуулук жаратат.

1968-жылы коомдук ишмер Корчубек Акназаров Ак-Талаа районунун 1-катчысы болуп турган кезинде малчыларды Соң-Көл жайлоосуна көчүрүү маселеси бюродо каралып, К.Акназаров ашууга автоунаа өтүүчү жол салуу тапшырмасын тиешелүү жактарга берген. Ошондо Маамытбек Таабылдиев башында турган комсомолдор 6 ай бою тынымсыз иштеп, жолду куруп бүтүрүшкөн.

—————————————————

Бычан жайлоосу

Кыргызстандагы кооз жайлоолордун бири — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Бычан жайлоосу.

Бычан жайлоосу Кош-Дөбө айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жайлоо эки өрөөнгө Кең Бычан жана Кичи Бычан деп бөлүнөт. Кең Бычан айылдын түштүк-батыш тарабында, ал эми Кичи Бычан батыш тарабынан орун алып, Арпанын Ала-Тоосу, Саймалуу-Таш коругу жана Байбиче тоо кыркалары менен чектешип, Ала-Буганын сол куймасы болгон Бычан суусу жайлоону аралап агат. Узундугу 56 км, алабынын аянты 1050 чарчы км, суу Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталат. Аталган жайлоонун климаты туурасында айтсак, май жана июнь айларында жаан-чачын көп болуп, кышкысын кар оор түшөт.

Кең мейкиндикти ээлеп жаткан Бычан жайлоосунда кандай өсүмдүктөр өсөт жана кайсы жаныбарлар мекендешет? Алсак, тоо беттери токойлуу. Карагай, четин, кайың, долоно, тоо карагат, бөрү карагат, ак-кайың, тал жана алтыгана сыяктуу өсүмдүктөрдү көп кездештирүүгө болот. Жаныбарлар кийик, элик, карышкыр, кашкулак, суур, ач-күзөн, сүлөөсүн, кундуз, суусар, аюу, түлкү, коён жана башкалар байырлашат. Куштардан бөдөнө, үпүп, торгой, кара боор, күкүк, кекилик, чил, улар, бүркүт, ителги, күйкө жана башка жан-жаныбарлардын мекени. Ошондой эле Кыргызстанда кызыл китепке кирген, сактоого алынган кийик, аюу, сүлөөсүн жана суусар жашайт.

Бычан жайлоосу тарыхый чоң окуяны камтып турат. Тактап айтканда, 18-кылымдын орто ченинде тарыхта Кокон хандыгынын эң залим ханы эсептелинген Мадали хан Тайлак баатырды туткундап келүүгө Арап баатыр баштаган 500 сарбазды жөнөткөн. Муну билген Тайлак баатыр аскерлерин баштап барып, Арап баатырдын колун Бычан жайлоосунан тосуп алган. Ошол бычан жайлоосунун капчыгайындагы кичирээк белден (ашуу) Арап менен жекеме-жеке чыгып урушуп, жыйынтыгында Арап баатырды найза менен сайып өлтүргөн. Мына ошол жер Араптын бели, айрым санжыраларда Арап өлгөн жер деп аталып калган.

Андан сырткары, таштары ар кандай буюмдарга, тамак-аштарга окшошкон Ас-Казан чөлкөмү дагы көргөндөрдүн таң калдырып келет. Өткөн доорлордо бул өрөөндө төрт түлүк мал асыраган, өтө чириген сараң бай жашап келген. Ошончо байлыгы туруп кол алдындагы малайларына арткан азыгын бербеген сараң бай болуп, бир күнү кудайдын каарына калып, ал жайлаган өрөөндү кар басат. Жети күн-түнү бороон-чапкын болуп, бул өрөөндөн көчүп кеткиси келген бай, төөлөргө жүгүн артып жаткан мезгилде, артылган жүгү, кургаткан курут-майы, токочу, идиш-аягы, көмкөрүлгөн казандары жана башка оокаттары таш болуп катып, жыйнаган оокат-мүлкү, мал-жаны турган бойдон ташка айланып калган деп божомолдонуп келет.

Ошондой эле, Орус падышачылыгынын баскынчылык саясатына каршы күрөш жүргүзгөн ошол аймактагы Жаныбек казынын орус аскерлери менен беттешип урушкан тоо чокусу Пулемёт чоку деп аталып калган. Мунун себеби ошол чокуда азыркы күнгө чейин пулемёттун окторунун калдыктары жатат. Толук маалыматты бул жерди басып окуй аласыз.

—————————————————

Үңкүр-Сай жайлоосу

Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Кабак айылындагы Үңкүр-Сай жайлоосуна эс алууга баргандардын саны арбын.

Үңкүр-Сай жайлоосу Бишкек шаарынан 360 чакырым, Жумгал районунун борборунан 54 чакырым аралыкта жайгашкан. Эгерде Чаектен Үңкүр-Сай жайлоосуна барууну кааласаңыз, анда Чаектен Сары-Булуң айылындагы май куюучу жайга чейин 36 чакырым, андан ары Үңкүр-Сайга чейин 18 чакырым, андан бери Хан-Салык аймагына чейин 9 чакырым жолду басасыз. Андан ары Ак-Көл көлүнө чейин 10 чакырым аралыкты басып өтөсүз. Көл менен Үңкүр-Сай жайлоосундагы боз үйлөр лагерине чейинки аралык 2 чакырым жолду түзөт.

Үңкүр-Сай жайлоосундагы тоонун түбүндө чоң үнкүр бар. Ал кеминде 3-4 бөлмөдөн турат.

Жумгал районундагы Ак-Көл табигый көлүнүн үстүнө муз тоңду. Буга Мамэкотехиспекциясынын Кочкор-Жумгал бөлүмүнүн инспекторлору табигый көлдүн коопсуздугун кароо боюнча текшерүү учурунда күбө болушкан.

Адистердин бири көлдүн ортосуна чейин басып барып, текшерип көргөн. Көлдүн үстүнө 20 см гана муз тоңгон. Муз салмак оорлошкондо кычырап жарылып баштаган. Көлдүн үстүндө басууга, муз тебүүгө тыюу салынат жана кооптуу.

—————————————————

Ак-Көл көлү

Ак-Көл табигый көлү Жумгал районунун Кабак айылына карайт. Ал райондун борбору болгон Чаек айылынын түштүк-батыш тарабынан 42 чакырым алыста жайгашкан. Бул көлгө Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынан келген мөңгү суулар куюлуп, жыл сайын кардын жана жаан-чачындын жаашына жараша көлдүн деңгээли өзгөрүлүп турат.

Азыркы күндө көлдүн жогору жагында Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынын кошулушунда 15 кожолук, мындан сырткары көлдүн төмөн жагында 6 чакырым аралыкта Кичи-Сары-Булуң айылында 7 кожолук эл жайгашкан.

Көлгө баруучу ички чарбалык унаа жолдо 3 даана жыгач көпүрө жана 1 темир көпүрө жайгашкан. Көлдөгү суунун деңгээлин туруктуу кармоо максатында иштетилбей калган эки даана түтүкчөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

—————————————————

Кара-Күнгөй жайлоосу

Кочкор районунун аймагындагы кооз жайлоолордун бири Кара-Күнгөй жайлоосу болуп эсептелет.

Маалым болгондой, Кара-Күнгөй тоосу ички Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоонун түндүк батыш тармагында, Тоң менен Кочкор райондорунун ортосунда жайгашкан. Дэңиз деңгээлинен бийиктиги 3700-3800 метр. Эң эле бийик жери 4081 метр. Түндүк батышынан түштүк чыгышка карай улам бийиктеп, өрөөндүн таманынан 1200-1300 метр көтөрүлүп турат. Тоодон Кара-Күнгөй, Борке, Сары-Төр суулары башталат. Кара-Күнгөй жайлоосунда Деркенбай, Токтомбай, Данакандын кечүүсү, Асанбектин сазы, Ботокандын ташы, Бороон-Төр, Иван өтөк, Шиш-Чоку сыяктуу аталыштагы жерлер бар. Түндүгүнөн Бел-Тепши, Кашаң-Бээ жайлоолору менен чектешкен. Борке жайлоосу, Улакол өрөөнү менен чектешкен.

Кара-Күнгөй жайлоосу аркылуу Кара-Күнгөй суусу агат. Жайкысын жаан-чачын көп жаап, суу кирген кезде ат менен өтүүгө мүмкүн болбой калат. Ушул суунун жээгинде Кара-Күнгөй кыштагы жайгашкан. Суу Кочкор суусуна кошулат Ошондой эле Үкөк суусуна да куят. Кара-Күнгөй суусу аркылуу Кара-Күнгөй айылынын, Кара-Саз айылынын жана Семиз-Бел айылынын жайыт жерлери сугарылат. Мурда бул сууну «киши агызган кандуу суу болгон» дешет.

«Манас» эпосунда Манас баштаган кыргыздын колу Алтайдан кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн аттанышат. Кыргыздын колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаңжуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин ушул жерде талкалаган деп айтылат.

Жердин аталышын эл оозунда 1878-жылдары көл башынан (Ак -Суунун Түргөн аймагынан) арык тукуму уруусу көчүп келгенде алардын болушу Кененбай Байтүгөл уулу койгон деп айтылат.

«Көлдөгү Боз-Учук тоонун бетиндеги менин киндик каным тамган жердин аты Кара-Күнгөй эле. Бул жерди да Кара Күнгөй атап койбойлубу. Жердин жайгашышы, көрүнүшү бир аз окшош экен» дейт. Жанындагылар кубаттап калышат. Ошондон бери Кара-Күнгөй аталып калган деген сөз айтылат. Негизи жердин шартына, жайгашышына карата коюлган болушу керек.

—————————————————

Шиш-Чоку

Кочкор өрөөнүнүн Сарала-Саз жайлоосунда Шиш-Чоку ажайып кооздугу менен көргөн адамдарды суктандырат. Чокунун бийиктиги 4400 метрди түзөт. Ал чокуга чыкканда Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү алаканга салгандай көрүнөт. Бул жайды жеке ишкер Болот Асанбеков сүрөткө тартып алган.

Анын айтымында, бул жерде 4 кичине көл жана 4 шаркыратма орун алган. Ошондой эле тоонун бетинен оргуштап, атырылып суу чыгат. Тоо бетинде бирөөлөр алып баргансып, адамдарды таң калтырган жалгыз тоголок таш бар. Ошондой эле илгери аялдар бала тилеп сыйынып келген мазар таш бар.

«Шиш-Чокуга жол салса, туристтик жайга айланмак. Жакында Нарын туризм ассоциациясын түзүү боюнча иш-чаралардын уюштуруучуларын алып бардым. Алар Шиш-Чокуну дрон менен тасмага түшүрүп, сүрөткө тартып келгенден кийин өтө керемет жер экенин, туризм үчүн ылайыктуу жер экенин айтып суктанышты. Бирок иш-чаранын катышуучулары 3600 метр бийикке чейин гана барышты. Чокунун бийиктиги 4400 метрди түзөт», — деди ал.

Шиш-Чоку Кочкор районундагы эң бийик чокулардын бири. Ал жерде калың мөңгү жатат. Жайгашкан жери боюнча Чүй облусу менен Нарын облусунун чегинен орун алып, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылына жана Дөң-Алыш айылына тиешелүү жайлоодо. Шиш-Чоку малчылар көчүп барган жайлоодон алыс болуп, ага баруучу унаа жолу жок болгондуктан эл аз катташат.

—————————————————

Орток тоосундагы таштар

Кочкор районунун Орток тоосундагы Көк-Сайдын оозунда керебет таш, отургуч таш аталышындагы таштар бар. Бул таштар тууралуу аймактык кабарчыга Орток айылынын башчысы Райымбек Салбаров айтып берди.

«Илгери кайсыл бир кылымда Кочкор-Ата мазарында Шаа Машрүп деген олуя жашаган экен. Ошол олуя төө кайтарып жүрүп, чарчаган кезде ушул ташка жатып эс алчу экен. Ал эми отургуч ташка жөлөнүп отуруп, төөлөрүнө көз салып турчу дешет. Жаткан адам башын койгондой атайын чуңкурча, чалкалап жатса далысынын орду, эки буттун орду бар. Эс алып жатканга ылайыкталган. Бою кичине же эки метр бийик бойлуу адам жатса да ыңгайлуу жаралган.

Экинчи айтылышта кадыр түн учурунда таштан бери көлкүлдөп эрип турат экен . Ошол кадыр түндө бирөө ушул ташка жатып, ошондон киши жатууга ылайыкталып калыптыр. Мен да ушул экинчи пикирге кошулам. Бул жердеги таштардын көбүнүн аты бар. Керебет таш, отургуч таш, кемпир таш деп окшоштуруп ат коюла берген. Бул ташка келип, тилек тилеп жатып, отуруп кетишет. Бул байыркы таш, жер алдында канча бөлүгү көмүлүп жатат. Мен ушул тегеректе союз мезгилинде 11 жыл кой бактым. Бул жерде жайкысын жыландар көп болот», — деди Райымбек Салбаров.

Таш ортосунан бөлүнүп, табигый жол менен адам жатууга ылайыкталып жаралгандыгы көрүнүп турат. Аны жергиликтүү эл Шаа Машрүп дубанага байланыштырып, анын жаткан ташы, кай бирөөлөр пайгамбардын ташы деп атап алышкандыгы байкалат. Толук маалыматты бул жерди басып окуй аласыз.

—————————————————

Сарала-Саз жайлоосу

Кочкор районунун Сарала-Саз жайлоосундагы 3500 метр бийиктиктеги Шиш-Чокуда петроглифтер орун алган. Алардын бир нечесин Кочкор айылынын тургуну, фермер Болотбек Асанбеков сүрөткө тартып алган.

Анын айтымында, бул жерге кышында эч ким бара албайт. Ал эми сүрөттөрдү кеч күздө, кыштын алдында тартып алган.

«Аска-таш беттериндеги сүрөттөрдү тоолордон көрүүгө болот. Алсак, Шамшы ашуусунун батышындагы Шиш-Чокунун астында бир көчө болгон петроглифтер бар.

Мен тарыхчы болбогондуктан алардын кайсы кылымга таандык экенин билбейм. Бирок бул чоку 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Кышында эч ким бара албайт. Жайкысын гана 3 ай адамдар барууга болот. Мына ушундай жерлерде бир кезде ата-бабаларыбыз жашаганын ушул аскадагы жазуулардан билсек болот. Мен айрым өзүм көргөн жерлердеги таш бетиндеги чиймелерди сүрөткө тартып алдым. Келечекте чиймелерди тарыхчылар изилдесе жана туристтик жайга айланса деген оюм бар», — деди ал.

Шиш-Чокуда көбүнчө эчкилердин, текелердин, аркарлардын сүрөттөрү чегилген.

—————————————————

Сарала-Саз жайлоосундагы тоголок таш

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Сарала-Саз жайлоосунда 4400 метр бийикте жайгашкан Шиш-Чоку деген кооз тоо бар. Ал жакка адамдар оңой менен жете албайт. Ошол тоодо бирөөлөр атайын алып барып, таштап койгондой жумуртка сыяктуу тоголок таш бар. Бул ташты улуу муундагылар «ажыдаардын жумурткасы» десе, кээ бирөөлөр «буудайыктын жумурткасы» деп атап коюшчу экен.

Балалык кези Сарала-Саз жайлоосунда өткөн Кум-Дөбө айылынын тургуну Болот Асанбеков кызыктуу уламышты айтып берди.

«Биздин бала кезде бул таштын өңү ак болор эле. Кийин өңү өзгөрүптүр. Шиш-Чокуда мындай таш бирөө эле. Атайын кимдир бирөө алып барып койгондой, чоң таштын үстүндө турат. Бала кезибизде «ажыдаардын жумурткасы» деп айтышчу. Азыр антип айтпай калышты.

Илгери кайсыл бир кылымда ушул чөлкөмдө ажыдаар байырлаган экен. Ал тегеректеги жан-жаныбарларды оп тартып, жутуп койчу дейт. Ал тургай бул жерден адам баласы өтө албай калыптыр. Ажыдаар жумурткалап, андан бала ажыдаар чыгып, бул жер ажыдаардын мекенине айланат. Ошондой күндөрдүн биринде жер титирегенби же башка себептенби, Сарала-Саз жайлоосундагы Шиш-Чокунун түбүндөгү суу бузулуп, жолунан чыккандарды агызып, азыркы Кум-Дөбө аймагындагы шаарларды талкалап, Орто-Токойду басып өтүп, Ысык-Көлгө кошулган дейт. Баягы суу каптаган жерде тереңдиги 35-40 метр, туурасы 50-70 метр сай пайда болуп, ал жер “Бузулган суу” деп аталып калган экен. Ошондо ажыдаар суу менен агып кетип, жумурткасы калып калыптыр. Жараткандын буйругу менен жумуртка ташка айланыптыр. Таш ошол мезгилден бери сакталып турат», — деп айтып берди.

Бул аймакта азыр сайдын издери турат. Шиш-Чокуга чыкканда Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү алаканга салгандай көрүнөт.

Ажыдаар кыргыз элинин оозеки адабиятында жылаандын зору катары сыпатталат. Ошондой эле, ажыдаар бир оп тартса, бир адамды бүкүлү жута тургандай жандык. Адам баласына душман делет.

—————————————————

Кочкордогу шаркыратмалар

Кочкор районунун тоо башындагы шаркыратмаларды көпчүлүгү биле беришпейт.

Кыргызстандын аймагында узундугу 3 миң метрден ашкан шаркыратмалар бар. Учурда жергиликтүү тургундар жана чет элдиктер жаңы табылган шаркыратмаларга кызыгууларын арттырып жатышат.

Шаркыратманын алдына 3 мүнөт турган адамдан терс энергия чыгып кетери айтылат.

—————————————————

Орток тоосу

Кочкор районундагы Орток тоосу жайгашкан. Кочкор айылынын тургуну, фермер Болотбек Асанбеков Орток тоосунун аталышы боюнча мындайча түшүндүрмө берди.

«Картадан карасаң же жөн карасаң да бул тоо Күнгөй Ала-Тоосуна кошулбай бөлүнүп турат. Бери жагынан карасаң, Баба-Ата тоосу жайгашып, ага да кошулбай ортодо турат. Тоонун ар жак тарабында Шамшы, асты Кум-Дөбө айылдары жайгашкан. Бери жак тарабында Орток, Ак-Кудук, Комсомол, Дөң-Алыш айылдары жайгашып, ошол айылдарга тиешелүү ортодо турган тоо болгондуктан (жалпыга орток), Орток тоо деп аталган болушу керек», — дейт Болотбек Асанбеков.

Тарых иликтөөчү, Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев: «Байыркы мезгилден эле Ортоктун тоосун бардык хандар жайкы ордо кылып, өрөөндөгү бардык кыймыл-аракеттерге көз салып турушкан.

Кара-Тоонун (Ортоктун) тоосун айландыра корутуп, бул жерде байыр алып жашаган кийик-бугуларды аттырбай, хандар кайтарткан. Кийик-бугулар Чүй суусунан суу ичип, кайра Кара-Тоого чыгып кетип турушкан. Түндүгүндө (Миң-Булак) Сарала-Саз, Ак-Бел түздүгүнө чейин оттогон жер болгон», — дейт.

Орток айылынын башчысы Райымбек Салбаров Орток тоосунда Зындандын тоосу аталган жай бар экенин, ал жерде Манастын зынданы болгонун айтты. Санжыра, тарых иликтөөчү, филолог Кабылбек Жумабаев Орток айылынын аталышы Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдары колхоз, совхоздор курулганда ортоктошуп иштөө жана мал-мүлктү ортого коюп, коллективдүү иштетешүү дегенден чыгышы мүмкүн дейт. Кээ бир айыл тургундары бул айылда бир нече уруу жашайт. Ошол уруулар ынтымактуу жашаш үчүн орток болсун, ортоктошуп (биргелешип) жашайлы деп, айыл аты Орток болгон дейт.

Чынында эле Кочкор өрөөнүндө Кыргыз Ала-Тоосунан бөлүнүп, орто жерде Ортоктун тоосу турат. Ал тоо Кара-Тоо деп да аталат. Тоонун үстүндө эл айтып жүргөн, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте Манастын ордосу бар. Ордонун четинде Аккуланын мамысы жана колго түшкөндөрдү салуучу ор (зындан) да бар. Ошол ор болгондуктан ор жайгашкан тоо деп жүрүп, ор тоо кийин Орток деп калышы да мүмкүн. Кароол чокудан караганда өрөөндүн бардык жагы алаканга салынгандай көрүнөт. Чыгыш жакка көз салсаң, Ысык-Көл тарап, түштүк-чыгышында Долондун бели тарап, түндүгүнөн Шамчы (Кашат) ашуусу, түндүк-батышынан Кызарттын бели, батышында Каракол, Сөөк өрөөндөрү көрүнүп турат.

Орток тоосундагы Манас баатырдын ордосу

Кочкор районунда Орток тоосунун жонунда Манас баатырдын ордосу бар экени айтылат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ага кызыгып көрдү.

Кочкор өрөөнүндөгү Орток тоосу тоолордон бөлүнүп, орто жерде жайгашкан. Эл ичинде Зындандын таш короосуна жакын аралыкта, Орток тоосунун жонунда Манас баатырдын ордо ойногон жери жана каздырган ору (зындан, абак, түрмө) бар деген уламыштар айтылат.

Кочкор районунун тургуну, фермер Болот Асанбеков бул тоого чыгып, Манас баатыр каздырган зынданды (абак, түрмө) сүрөткө тартып алган.

«Тоого Кочкор-Ата мазарынын чыгышынан айланып, Кара-Булуң тарабынан чыгып жүрүшөт. Автоунаалар ал жерге жете албайт. Жөө барууга туура келет. Тоонун бетинде шилби, алтыкана, анда-санда тоо карагат, бөрү карагат кездешпесе, эч нерсе өспөгөн, жылаңач кара тоо. Бирок үстүңкү бетинде түркүн-түстүү гүлдөр, шиберлүү чөптөр өсүп, өзүнчө эле керемет жайык, түздүк кездешет.

Тоонун эң бийик жери деңиз деңгээлинен 3000 метр бийикте болот. Ал эми Манастын ордосу деңиз деңгээлинен 2850-2900 метр бийикте жайгашкан экен. Бирок ал кандай болгону белгисиз. Болгону Манастын каздырган зынданын (абак, түрмө) сүрөткө тартып алдым. Анын диаметри болжол менен 15 метр, тереңдиги 2,5 метр болот. Мен бул жерге метеорит түшсө керек деп ойлойм», — дейт ал.

Болот Асанбеков тоо бетиндеги түркүн түстүү гүлдөрдү сүрөткө тартып, ал жерге туристтерди да ээрчитип барган. Тоодо суур, коён, кекилик сыяктуу жандыктар жашайт. Айрыкча кашкулак менен сүлөөсүн көп кездешет.

Тарых изилдөөчү Кабылбек Жумабаев да бул тоого чыгып, Манас каздырган зынданды тапканын билдирди.

«Азыркы учурда анын тереңдиги 8 метр, түбүнө 6 же 12 адамды салса боло турган зындан экени көрүнүп турат. Кезинде мунун тереңдиги 20-22 метр болушу ыктымал. Батыштан-чыгышка 20 метр, түштүктөн-түндүккө 24 метр болуп, чым басып турат. Манастын ордо ойногон жери бар дешкен. Аны таба албай койдум», — деди.

Ортоктун тоосу Ор тоо, Ор турган тоо деген аталыштан Ортоо деп жүрүп, Орток аталышы да мүмкүн.

—————————————————

Күйгөн көпүрө

Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынан Ак-Жар айылына баратканда Күржү-Булуңдун тушунда Күйгөн көпүрө деген жер бар.

1909-1911-жылдары Кочкор өрөөнүнө орустар көчүп келе баштаган. Орус бийлиги эл каттоо максатында Кочкор суусундагы Күржү-Булуңдун тушунан жыгач көпүрө курушкан. Кочкор суусунун жээгиндеги (Күйгөн көпүрөнүн күн чыгыш жагында) Теңдик айылына тиешелүү аймагы тарабында токой жайгашкан. Көпүрөдөн өтө бергенде эле Күржү-Булчуң, андан ары Ак-Жар айылына тиешелүү айдоо аянттары, жайыт жерлер жайгашкан. Ошол көпүрө аркылуу адамдар Кочкор суусунан өтүп, эки жээкте элдин байланышы жакшырган.

Кийин 1916-жылдагы Улуттук көтөрүлүш болгондо орус жазалоочу отряды келе жатканын көргөн кыргыздар жыгач көпүрөнү өрттөп жиберишкен. Көпүрөнүн өрттөнүп жатканын көргөн орус жазалоочу отряды Кочкор суусунан өтө албай калышкан. Кыргыздар 1916-жылы жазалоочу отряддан сактануу үчүн Боомдогу кызыл көпүрө турган жердеги жыгач көпүрөнү да өрттөгөн. Ошол мезгилден бери бул аймак Күйгөн көпүрө аталып калган.

Ал эми бул жердин Күржү-Булуң аталышы Манастын доорунда Күржү деген калмак аскер башчысы жашаганы менен байланыштуу деп айтылат. Дагы бир вариантта кыргыз элине казактын Жалдуу Барак деген кол башчысы кол салат. Ал Кочкорго чейин басып алат. Ошондо Эсенгул Болот уулу баштаган кыргыз аскери казактарды сүрө баштайт. Ушул аймактан казактын Күржү баатыры курман болгон дейт. Баягы Күржү өлгөн жер деп жүрүп, Күржү аталган деген уламыш бар.

—————————————————

Ара-Көл көлмөсү

Кочкор районундагы ​ Ара-Көл көлмөсү көпчүлүктүн көңүлүн бурат.

Айыл тургундарынын айтымында,​ көлмө жайкысын сугат суу үчүн колдонулуп, суу топтолуучу жай болот.

Адамдардын коопсуздугу боюнча эч кандай шарттар жок. Айыл эли акча табуу максатында эс алуучуларга ат, чана, конькини ижарага берип, тамак-аш алып келип сатышат.

Балык кармап жаткан эс алуучуларды да көрүүгө болот.

—————————————————

Орто-Токой

Кочкор районундагы Орто-Токой аймагындагы тоолордо жаныбарлардын кебетесин элестеткен таштар бар. Аймактык кабарчы айрым таштарды сүрөткө тарткан.

Бул таштарга туристтер келип, сүрөткө түшүшөт. Таштардын кээ бирөө ажыдаарга, балыкка, айрымдар пилдин башына окшоштурат.

—————————————————

Көл-Үкөк жайлоосу

Кочкор районундагы эң кооз жайлоолордун бири — Көл-Үкөк жайлоосу. Бул жайлоо Кочкор районунан 20 км алыстыкта жайгашкан.

Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү аталган жайлоодо мал багып, күнүмдүк жашоосун кечирсе, айрымдары чет мамлекеттерден келген туристтерди кабыл алышат. Туристтер жайлоонун кайталангыс кооздугуна суктанып, өзгөчө Көл-Үкөктөгү шакыратмага барып эс алышат.

—————————————————

Кочкор-Ата мазары

Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө аймагында Кочкор-Ата мазары деп аталган тоо бар. Мына ушул мазарга жөнөкөй элден баштап жогорку бийликте отургандар да сыйынып, бийлик үмүт эткендер Кан-Такты деген ташка отуруп кетишет.

Тарыхчылардын айтымында, байыртадан бери бул тоого сыйынып, кан көтөрүү жөрөлгөсү өткөрүлүп келген. Кыргызда «эгерде бала сурасаң Манжыл-Атага, мал сурасаң Чолпон-Атага, бийлик сурасаң Кочкор-Атага бар» деген сөз айтылып калган.

Жергиликтүү тургандардын билдиргенине караганда, бул имиштен улам эл өкүлдөрү, ал тургай президенттикке талапкерлер жол тандабастар менен Кочкор-Атага байма-бай каттап, тоону 3 же 7 жолу айланып чыгышат. Ошондой эле, айрымдар жандык союп, кан чыгарышат.

—————————————————

Гүлдөр

Кочкордун 3000-4000 метр бийиктеги тоолорунда түркүн түстөгү жыты аңкыган гүлдөр өсөт.

«Бийик тоо кыркаларында, тоо үстүндө өскөн түркүн түстөгү гүлдөрдүн баарынын эле аталышын биле бербейт экенбиз. Ошентсе да сүрөткө түшүрө берем.

Биздин ата-бабалар көптөгөн гүлдөргө ат коюп, анын сырын билип, дарычылыкка колдонушкан. Азыркы муун тоодо өскөн гүлдөрдүн аталышын онго да жеткире албайт экенбиз», — деди Кочкор айылынын тургуну Болот Асанбеков.

Маалымат боюнча кыргыз жергесинде 4100 татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөр бар. Алар 875 урууга, 14 тукумга бөлүнөт. Бул дүйнөлүк флоранын 2 пайызын камтыйт.

—————————————————

Балатапан жайлоосу

Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айыл аймагында тарыхый уникалдуу жерлер бар. Анда ташка баланын изи түшүп калган Балатапан жайлоосу кирет.

Балатапан жайлоосу тарыхый аймак катары баамдалып, эски таштардын бетинде калган жаш балдардын издери калтырылган.

«Жайлоонун мындай аталып калышынын себеби, ушул өрөөндүн оозунда чоң таш жайгашкан чоң таштар бар. Таштардын бетинде кадимкидей баланын таманынын изи сакталып калган. Ташка издин кандай болуп түшүп калганы бүгүнкү күнгө чейин өзүнчө сыр жана табышмак бойдон келет. Мына ушул таштан улам бул өрөөн Балатапан жайлоосу деп аталып келет», — дейт Ак-Талаа райондук тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов.

49

48

47

—————————————————

Ала-Буга дарыясы

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясы биздин мезгилге чейин деле бир дагы жолу тунук акпаса керек, дешет жергиликтүүлөр.

Анткени, аталган дарыя кайсы мезгил болбосун бирде кара, бирде кызыл түстө болуп, буркан-шаркан түшүп, албууттанып, бирде оң жээгине, бирде сол жээгине урунуп, астынан чоң-чоң таштарды кошо агызып, айрым жеринде жайылып акса, айрым жеринде 3-4 колго бөлүнүп агат.

Жайылып жана 3-4 колго бөлүнүп аккан жеринен гана адамдар ат менен аркы өйүзүнө өтө алышат, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. Ал эми бир кол болуп аккан жеринен өтүү дегеле мүмкүн эмес. Алтургай, бул дарыяны кечип өтүүнүн сырын билбеген адамдар дарыяга агып, көз жумгандары дагы болгон.

Ала-Буга дарыясы — Кыргызстандагы эң ири дарыялардын катарын толуктайт. Ал Нарын дарыясынын сол куймасы болуп эсептелет. Узундугу 180 чакырым аралыкты (км) түзсө, алабынын аянты 5 миң 820 чакырым квадратты түзөт. Ал Фергана тоо кыркаларынын түндүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа жана Бычан суулары биригип Ала-Буга дарыясын түзүп, Арпа өрөөнү аркылуу агып келип, Нарын өрөөнүнө келет.

Бул дарыяга чоң агын суулар: Жаман-Даван, Коңорчок, Кашка-Суу, Кум-Арык, Бычан, Сөөк, Макмал, Кара-Суу, Миң-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак сыяктуу ири суулар келип кошулат. Андан жүрүп отуруп, Нарын дарыясына куят. Ичинде форель сыяктуу балыктар байырлайт.

Аталган дарыянын жээгинде Кош-Дөбө, Чолок-Кайың, Жерге-Тал, Коңорчок айыл аймактары жайгашкан. Бул дарыянын суусу сугатка пайдаланылат. Бирок, аны жөнөкөй арыктар аркылуу алып келүү мүмкүн эмес болбогондуктан насостук станциялар аркылуу алууга болот. Район боюнча ал бул дарыянын жээгинде жалгыз гана «Ала-Буга» суу насостук станциясы бар. Ал төмөндө жайгашкан айылдардын айдоо аянттарына пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️