Нарын дарыясына секирип кеткен жаш кызды жалпы 77 адам издеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-ноябрь күнү Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына жаш кыз секирип кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ күнү ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер жалпы 87 адам издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн.

Бүгүн, 3-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 10 куткаруучу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 32 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 77 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️