Пример HTML-страницы

Майлуу бетке кам көрүү.

https://kyrgyzcha.site/?p=22313&preview=true Пайдалуу кеңештер.

 МАЙЛУУ БЕТКЕ КАМ КӨРҮҮ

 

Майлуу тери май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Ал калың келип, бат эле жалтылдап майланышып, тешикчелер (поры) дагы абдан көп болот. Майлуу беттерге безеткилер көп чыгат.

Майлуу беттин артыкчылыгы дагы жок эмес – бырыш кеч түшөт, тез картайып кетүү коркунучу төмөн.

 

Кандай кам көрүү керек?

 

-Туура тамактануу: таттуулардан жана майлуу, куурулган тамактардан алыс болуу;

-Курамында спирт бар гелдерди, лосьондорду колдонбоо. Себеби спирт терини кургатып, тери болсо майдын ордун толукташ үчүн мурдагыдан дагы көп май иштетип чыгара баштайт.

-Эрте менен жана кечинде бетти жууш керек. Ал үчүн майлуу терилерге арналган гелдерди, көбүктөрдү колдонуңуз.

-Самын колдонууга такыр болбойт. Ал терини кургатып, май мурункудан да көп бөлүнүп чыга баштайт.

-Майлуу бетти муздак же бир аз жылымык суу менен жуу зарыл. Себеби ысык суу кан айланууну тездетип, май көп иштелип чыгуусуна түрткү берет.

 

Ошондой эле майлуу бетке кам көрүү үчүн айына бир жолу бетти тазалатып туруу зарыл. Төмөнкү кызматтардан да пайланасаңыз эң сонун натыйжа берет:

-Сары пилинг;

-Азелаин пилинги;

-Тешикчелерди кичирейтүү үчүн мезотерапия.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE