Кызыл-Кыя шаарында кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-ноябрдаа, Кызыл-Кыя шаарында кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага ИИМдин кызматкерлери жана ардагерлер катышты. Мэрия тарабынан ардагерлерге жана кызмат учурунда кайтыш болгондордун жакын туугандарына акчалай колдоо көрсөтүлдү. Айрым кызматкерлерге Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдык юбилейлик медалы жана ардак грамота менен ыйгарылды.

Ушундай эле саамалык Сүлүктү шаарында маданият үйүндө да белгиленип, милиция кызматкерлери сыйланды.

  • 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ошол күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлгөн. 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милиция башкармалыгы иштей баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️