«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 4 БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=65702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН 4-БОЛУМ

Үйгө келишкенден кийин туугандары «түлөө өткөзөлү» дешти эле, Кутман болбой койду. Жакындары чогулушуп ырым кылышты да, опур-топурсуз тарашты. Анын үстүнө Кутмандын таза айыкканына эч кимиси деле толук ишене элек болчу.

Туугандары тарагандан кийин, Кутман саунаны жактырып, аябай жуунду да, кийим которуп кийинейин десе, ушунчалык шимилип, арыктагандан мурдагы кийген кийимдеринин бири да чак келбей калыптыр, жаш балага кийгизгенсип шөлбүрөп. Тескерисинче улуу баласынын кийимдери чак экен. Эптеп эле «Көңүлү чөкпөсө экен» деп карбаластаган аялы уулуна машинасын айдатып алып, күйөөсүнө жаңы кийим издеп, шаар кыдырып кетти.

Көздөрүн алайтып атасына жакындагандан корккон балдарын көрүп, Кутмандын канчалык зээни кейисе да, сыртынан сыр бербеске аракеттенди.

Өзүнчө калган Кутман экинчи кабаттагы баягы бөлмөгө көтөрүлдү. Эшиктин туткасын кармаган боюнча, жүрөгү даап ача албай кичинеге турду. Ал түгүл чекесинен тер да чыга түштү. Акыры кайратын жыйып, эшикти «шарт» ачып кирип барды.

Бөлмөнүн жасалгасы мурдагыдай эле экен. Болгону, эки кишилик уктоочу мамык дивандын үстүнө жука жабуу жабылып, төшөгү жок турганы, бул бөлмөгө көптөн бери эч ким жата электигин айгинелегенсийт. Бир сыйра айландыра карап, киши бою чоң күзгүгө келгенде, бир топко өз келбетине өзү бир чети таңдана, бир чети сынай, бир чети «акыры ушуну көрмөксүң» деп табалай тиктеп турду. Шөлбүрөгөн костюмдун ичинде арыктаганынан калжайган, башын араң көтөргөн моюну илмийип, скелетке кийим кийгизген####н неме тиктеп турду. Биринчи көргөнгө деги эле шумдук көрүнөт экен. Жаак эттери шимилип, көз чарыларынын чуңкуру ары кирип, териси эле болбосо тирүүлөй скелет. Куудай агарган чачы суюлуп, жүндөй уйпаланып калыптыр.

Пример HTML-страницы

«Чын эле ушул турган менминби» деди ичинен түтөй күйүп. Анан күзгүнүн үстүнө илинген өзүнүн портретин карады. Анда келбети келишкен, кайраттуу чачын артка карай тараган, чиренген жигит күлүмсүрөй карап турду. Жүрөгү дүкүлдөп ысып чыкты. Басып барып терезени ачып жиберди. Бакчадан жаз илеби менен жердин, жаш чөптүн, гүлдүн жыты урду. Бул жашоо кумарынын жыты эле. Өпкөсү жарылып кете сактады. Сендиректей түшүп келип диванга отура кетти.

Кичинеге башын мыжып отурду да, кайра ордунан туруп келип, күзгүнүн үстүндөгү портретин алып, кийим илгичтин ичине катып салды. Кичине жеңилдене түшкөнсүдү. Кайра күзгүгө келип өзүнө тигилди. Өзүнүн көзүн өзү тиктегиси келди. Ушунча жашап келатып, өмүрүндө өзүнүн көзүн өзү тиктебептир. «Сен деги кимсиң? Кел чындыкты ортого ачалычы» — деп, өз көзүн өзү тиктебептир. Ойлоп көрсө, өз көзүн өзү тиктөөдөн качуучу экен, кызыл көйнөкчөн келинден качкандай качуучу экен.

Бозоруп, оту качкан каректер. «Кечирээк тиктештик. Кеч болуп калды» -деп сүйлөп жатты. Түшүндү. Үнсүз түшүндү. Айтуунун кереги жок эле. Көөдөнүн жарган чындыкты түшүндү. Аңгыча «булак» деп терезеден «кызыл көйнөкчөн» көрүндү да, адатынча эч дабышсыз бөлмөгө кирип келди. Кутман бурулуп караган жок. Эч кыймылсыз, күзгүдөн кызыл көйнөкчөндү тиктеп тура берди. Болгону, баягы адатындай муундары калчылдап, жүрөгү дүкүлдөп чыкпады. Тескерисинче көптөн бери зарыгып күткөнү акыры келгенсип жеңилдене түштү. Каккан казыктай болуп, күзгүдөн тиктеп тура берди.

«Кызыл көйнөкчөн» каалгый басып тигинин катарына, бир кадам арткараак токтоду. Экөө бирин-бири күзгүдөн тиктеп турушту. Кызыл көйнөкчөндүн жеңинен скелет колдору көрүнбөдү. Ал түгүл скелет буттары да көрүнбөдү. Кыпкызыл көйнөгү гана бөлмөдө жел жок болсо да делбиреп турду. Каректери бакырайып, капкара болуп чачырайт. Чачы жайылып, далысын жаап, көйнөк менен кошо делбирейт. Эриндери кымтылып, жүзү сустаят. Баягы тааныш жылмаюу жок.

— Көрдүңбү, мен тирүүнүн скелети болдум. Акыры максатыңа жеттиң. Эми жанымды алганы келсең керек, — деди Кутман. «Кызыл көйнөкчөн» үн да дебеди. Бирок, Кутман «Биз сүйлөшүүчү жер бул жер эмес. Экөөбүз сүйлөшчү жерге кел» дегенди туйду.

— Балким менин жанымды коерсуң, ансыз да тирүүнүн өлүгү болдум, — деди Кутман.

— Мен сага эч нерсе кылган жокмун, сен өзүңдү-өзүң кыйнап жатасың. Болгону мен сенин көзүңө көрүнүү кудуретине ээмин. Сени ажалдан сактадым. Оорудан айыктырдым. Сен адамдык карызыңдан кутулуш үчүн экөөбүз сүйлөшүүчү жерге кел, — дегенди келин күзгүдөн үнсүз тиктеп турса да түшүндү. Көз ирмемде келин жок болуп кетти. Терезеден ийиктей чимирилген кызыл куюндун чыгып баратканын Кутман көрүп калды.

Жатууга келгенде Кутман аялынан төшөктү жанагы бөлмөгө салып берүүсүн өтүндү. Аялынын көздөрү алая түштү да:

— Балким башка бөлмөгө эле жатаарсың, биринчи кабаттан бир бөлмө бошотуп, дайындап койдум эле, — деди.

— Жок, мен айткан бөлмөгө салып бер. Өзүң болсо башка бөлмөгө жата бер. Менин жалгыз жаткым келип жатат, — деди орой.

Аялы үн дебеди. «Жалгыз жаткым келип жатат» дегенине кубанып да кетти.

Күйөөсү суранып жаткан бөлмөгө эч ким жатчу эмес. Анткени, туруп эле терезе өзүнөн өзү ачылып кетип, жаздыктар уйпаланып, киши жаткандай болуп калып, же кандайдыр бир добуштар угула берүүчү.

Аялынын Кутмандын тили менен «каргашалуу бөлмөгө» төшөк салып бергенден башкага аргасы келбеди. «Балдарыңды сагындың го, балдар жаткан бөлмөгө жатсаңчы? дейин десе, балдары атасы менен жатмак түгүл чогуу отуруп тамак ичкенден коркушуп, жолошпойт.

Мемиреп уктап жаткан Кутман бирөөнүн тиктеп турганын сезип, ойгонуп кетти. Түн ортолоп калса керек. Толгон айдын жарыгы түшүп, бөлмө ичи күүгүм жарык болуп туруптур. Терезенин сыртында «кызыл көйнөкчөн келин» Кутмандан көзүн албай, тикирейип тиктеп турган экен.

Экөө бир топко тиктешти. Келиндин көздөрү күйүп турдубу ким билсин, Кутманга каректеринен бери даана көрүнүп турду. Кутман ордунан туруп терезеге келди да, аны ачып жиберип:

— Кирбейсиңби? — деди.

— Киргим келсе өзүм деле кирмекмин, — дегенди укту.

— Деги менде эмне акың калды? — деп кыжырланды, кайра бурулуп басып келип, диванга башын мыжый отуруп калды. Башы жарылчудай ысып, жүрөгү лакылдап чыкты. Кайдадыр безип чуркап жөнөгүсү келип кетти. Балким, жөнөп да калмак, аңгыча: «Байкушум, эми эс-акылыңдан айрылба. Өзүңдү карма» деген баягы жиндиканадагы семиз, кара катындын айтканы эсине түштү. «Мен эмне болуп баратам?» деди өзүнө-өзү. Башын силкип-силкип алды. Эсине келе түштү. Денеси безгек тийгендей калчылдап жатыптыр. Терезени караса ачык боюнча турат.

— Мен бул жердемин, — дегенинен караса, «кызыл көйнөкчөн» чоң күзгүнүн жанындагы креслодо отуруптур.

— Шуру, Шуружан, — жалдырай карады. Канча жылдан бери ушул атты атаганга жүрөгү чыдабай келатты эле. Канча жылдан бери «өзүн-өзү «Унуттум, эч нерсе болгон эмес» — деп ишендирип келатты эле. Канча жаны кыйналса да, ушул атты атагысы келбеди эле.

Келиндин каректери атты укканда ай жарыгындагы күүгүмдү тилип, жапжашыл болуп жалындай түшүп, кайра кыпкызыл нур болуп Кутманга кадалды. Кутман алка-шалка терге чөмүлүп, ич көйнөгүнүн көкүрөк топчусун үзүп, аба жетишпегенинен көкүрөгүн тытмалап жиберди.

— Шуру, Шуружан, ансыз да мен өлүкмүн, тирүүнүн өлүгүмүн жанымды кыйнабай алчы, — деди булдуруктап.

— Жок! Сен биз сүйлөшчү жерге келмейин өлө да, тынч да жашай албайсың. Атымды атаба. Экинчи атаба, — деди да кызыл куюнга айланып, терезеден шуу чыгып кетти.

Келин чыгып кетээри менен бөлмө ичиндеги абал өзгөрүп, Кутман өзүнө келе түштү. Ордунан туруп барып жарыкты күйгүзүп, ачык терезеден ай нуруна бөлөнүп, бейкапар тынчтыкта мемиреген бакчасын карап турду. Жаздын сыдырып урган жели чыйрыктырып жибергенинен терезелерди жапты да, кайра ордуна барып, чалкасынан жата кетти. Суу ичкиси келип, астыга, ашканага түшүп баратып, аялы эшигин кичине, кыйгач ачып, аны карап турганын байкады. Алгач «Эмне карайсың. Дагы жинди болуп кеттиби деп жатасыңбы?» — деп кыйкыра жаздап барып, кайра унчуккан жок. «Анда эмне күнөө, менин толук айыкканыма али ишене албай жатат да» деп койду ичинен. Чындыгында аялы Кутмандын кимдир бирөө менен кыйкырып сүйлөшүп жатканынан ойгонуп кеткен. Жүгүрүп барып улуу баласын ойготуп, экөө азыр телефондун жанында отурушкан эле. Эгер күчөп, эшикке жүгүрүп качууга кам урса «Тез жардамга» чалалы дешип.

Кутман эч нерсе болбогонсуп ашканадан суу ичип, кайра кыңылдап ырдай басып келип, бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол боюнча дабышы угулбай, дымып калды.

 

Кутмандын ооруканадан чыгып келгенине экинчи айга айланып, үйүндөгүлөр чын эле айыгып келгенине ишенип калышты. Баягы алгачкы түндөн кийин, түн ичинде бирөөлөр менен бакылдашып сүйлөшкөнүн токтотту. Болгону, мүнөзү гана таптакыр өзгөрүп кетти. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Үйгө киши келип жатабы, кетип жатабы иши жок. Балдарын да эркелетпейт. Аялына да ашык сөз айтпайт. Керээлди-кечке бакчадан чыкпайт. Кыбырап жай кыймылдап бактарды бутап, түбүн актап, огородго ар түрлүү жер-жемиш, жашылча отургузуп, аябай эмгекчил болуп кетти. Аялынын «Жаныңды кыйнабай эле койсоңчу» — дегенине үн деп койбостон, өз ишин уланта берет. Үй-бүлөсү, туугандары «А байкуш оорудан кийин ушинтип, жарым эс болуп калган тура» деп калышты.

 

Күндөрдүн биринде аялы Салтанатты чакырып алды да:

— Салтан, мен алыс жакка барышым керек. Эртең жөнөсөмбү деп жатам. Жолго керектүүлөрдү даярдап койдум. Кайда? Эмнеге бараарымды сен сураба, мен айтпайын. Мага жолкире бер. Эгер кайрылып келбей калсам, кайыр кош. Балдарымды жакшылап тарбиялап өстүр. Көп эле нерсени айтсам дейм, айта албайм. Көөдөнүмдөн үн чыкпай, муунуп калып жатам, — деп айтып, тунжурап жер тиктеп калды.

— Кукен барбай эле койсоңчу?

— Жок, болбойт Салтан. Мен өз жазамды алдым. Эми силерге зыян боло электе сүйлөшүүчү жерге барышым керек. Барбасам болбойт. Сен эч нерсе сураба. Жол расход гана бер дебедимби. Анан да эч кимге оозуңдан чыгарба. Уктуңбу! Бирөөгө мени кеткени жатат, — деп айтсаң чатак иш болот. Сен оңбой каласың.

Аялынын муундары калчылдап, коркуп кетти. Күйөөсүнүн кандайдыр бир сырлуу күч менен байланышып жүргөнүнө өзү да ишенип калган эле. Ал түгүл өзү бир жолу күйөөсү жаткан бөлмөдөгү күзгүгө көрүнүп жатып, артында «кызыл көйнөкчөн келиндин» турганын көрүп, чоочуганынан:

— Сен ким элең? — деп бакыра артын караса, эч ким жок калган. Чын көрдүбү, же күйөөсү «кызыл көйнөк» деп бакыра бергенинен көзүнө элестеп кеттиби, түшүнө бербей дендароо болуп, экинчи ал бөлмөгө жалгыз кирбей, коркуп калган.

Аялы өзүн кармана албай бышактап, үйгө кирип, тутам акча алып чыкты да күйөөсүнө сунуп:

— Ушул жетеби? — деди.

Кутман акчаны алып шашпай санап, керектешинче чөнтөгүнө салды да, калганын кайрып аялына берди.

— Болду! Көз жашыңды тый. Мени эки жума күт. Эгер келбесем, молдо чакырып жаназа окутуп, өлдү, — деп ырымды жасай бер, — деди да ордунан туруп бакчага кирип кетти.

Муундары калчылдаган аялы ак да, көк да дей албай, ордунда турган боюнча кала берди.

Кутман бул күнү кечинде такыр башкача болуп кетти. Мүнөзү өзгөрүп, баягы ооруга чалдыга элек кезиндей жадырап жайнап, балдарын эркелетип, тамаша айтып, күлүп отурду. Канчадан бери күлкүлөрү угулбай, ал түгүл үндөрүн да катуу чыгарып сүйлөшпөй калган үй-бүлөө бул күнү чечекейлери чеч боло бака-шака түшүштү. Үй ичи томсорбой, шаңга толо түшкөнсүдү. Ушул кечте эч кимисинин жаткысы келбегенсип, уйкусу келбегенсип, деги эле кеч жатышты.

Эртең менен ойгоноору менен Салтанат күйөөсү жаткан баягы бөлмөгө башбакты. Кутмандын кечөөкү айтканы жүрөгүндө турган эле. Бөлмөгө түндө деги эле киши жатпагансып, дивандын үстү зыңкыя жыйналып туруптур. Шашкалактай жүгүрүп ашканага барды. Ал жерде да эч ким жок. Текчедеги идиштерге колу тийгени билинбейт.

Балдары жаткан бөлмөгө баш бакты. Жок. Кыздары жаткан жакты карады. Жок.

Акыры, «кеткен экен» деп эшикке жүгүрдү. Дарбазанын илгичи ачылып калыптыр. Эшик алдындагы орунтукка отура калып, буркурап ыйлап жиберди. Аңгыча кызы чыгып келип:

— Апа, сизге эмне болду? — деди үрөйү уча.

— Атаң жок. Эч жерден таппай койдум.

— Коюңузчу, апа. Атам азыр кадимкидей жакшы болуп калбадыбы. Балким бакчада жүргөндүр.

— Чын эле… Экөө жүгүрө бакча жакка чыгышты, ал жакта да жок экен. Кызы энесин соорото:

— Апа, балким көчөгө чыккандыр же туугандарыныкына кеткендир. Ооруканадан чыккандан бери эч кимисине бара элек эмеспи.

— Балким, — деди апасы ишенкиребей. Кутмандын кечөөкү айтканын кызына билгизген жок. Жашырды. Оозунан чыгаргандан коркту. Өмүрү өткүчө жашырды.

Кызы экөө телефон менен жакыныраак жердеги туугандарына чалып киришти. Эч жерден Кутман жөнүндө кабар угушпады. Ошол бойдон Кутман жоголду, бир жумадан кийин да, эки жумадан кийин да, жылдардын жылдарынан кийин да Кутман үйүнө кайрылбады. Кутман жөнүндөгү кабар эч жерден угулбады.

 

Турбайсыңбы? — деген үндөн Кутман чоочуп ойгонуп кеткенде, күн нурлары тоо башынан жаңы эле чачырай баштаган экен. Үн кимдики экенин жаземдебей тааныды.

— Уктап кала жаздаган турбаймбы, кара баскан жаным, — деп шашкалактай кийине баштады. Ичинен жайдын алгачкы айы келип, күн ысып калганына карабай ак көйнөк, дамбалын кийип алды. Кол сумканын ичине оромол ак матаны салды да, дивандын үстүнө кичине башын жерге салып ойлонуп отуруп калды.

— Кечигесиң, — деген үн угулду.

— Жок, кечикпей калайын.

Эшикти акырын ачып, бутунун учу менен баса үйдөн чыкты. Үйдөгүлөрдүн баары мемиреп уктап жатышса керек. Дымыраган тынчтык.

Бакча жакка кайрылып, сабы анчалык узун эмес кол күрөктү алды да, мурдатан дайындап койгон мешокко салып, күрөктүн баш жагынан бир бууп оозунан бир бууп туруп көтөрүп алды. Эч дабыш чыгарбай, дарбазаны ачып эшке чыкты да;

— Кош болгула! Баарыңар кошкула! — деп күңгүрөнүп алды. Карегинен жаш тегеренип, көзү тумандап барып оңолду.

Көлдүн күңгөйү менен Кара-Колго кетүүчү автобуска отурганда, күн көтөрүлүп калган. Көлгө каттоочу жолду жаңы көргөнсүп, айлананы суктана карап баратты.

 

Зымыраган автобус Кутмандын көздөгөн жерине жакындаганда, жол боюнда кызыл көйнөгү желге желбиреген келин турган экен.

— Бул арада киши деле жашоочу эмес эле кайдагы келин? — деди шофер өзүнчө. Орунтугунан туруп, чыгуучу эшикке жакындаган Кутман:

— Ошол келиндин тушуна токтотуп койсоңуз, — деди.

— Аа, сизди күтүп турган го, — деди шофер жылмая.

— Ооба, — деп Кутман бейкапар баш ийкеп койду.

Автобус жакындаганда, келин калың бактын арасына кирип кетти да, көрүнбөй калды.

— Кызыңыз уялчаак го, автобус токтогон жатса качып кетти, — деди шофер Кутманга бажактап. Чачы купкуу болуп, өзүнүн кейпи абышкадай болгон Кутманды көрүп туруп, шофер тигил кызыл көйнөктү «кызы го» деп болжоду.

Кутман үн дебестен жайлап келип токтоп, эшиги ачылган автобустан түштү да, автобус кайра жүрүп кеткиче жол жээгинде туруп турду. Автобус алыстай түшкөндө барып, бакты аралай басып, беде айдаган талаага чыкты. Жол издеп жүрбөстөн, түптүз беде шалбаасын аралай жөнөдү.

Жолго эки-үч тыныгып, улам чекесинин терин аарчый, чарчап-чаалыгып, дөңсөөлөрдүн ортосундагы эски көрүстөндөргө араң жетти.

Аралай басып орто чениндеги үстү ачык, кенен салынган коргонго келгенде жүрөгү лакылдап, башы ысып чыкты. Чөк түшүп коргондун астына отура калды.

Кулагы чуулдап, кандайдыр бир үндөр угула баштады. Айланасын караса, улам бир көрүстөн ачылып, скелеттер суурулуп чыгып жатат. Бакырайын десе үнү да чыкпай калды. Арбактар аны тытып жешчүдөй болуп, улам жакындап келатышты.

— Шуру. Шуружан сакта! — деп кыйкырып жиберди. Кыпкызыл куюн коргондун ичинен көтөрүлүп чыкканда, айланадагы арбактардын кулакты чуулдаткан добушу токтоп калды. Куюн «кызыл көйнөкчөн келинге» айланып, коргондун кырына көйнөгүн желге желбиретип отурганда, экөө тиктеше түштү.

— Мен сени атымды атаба дебедим беле, — деди келин.

— Кечир. Кечирчи мени, — деп колун бооруна ала жалдырады, Кутман.

Келиндин көздөрү бул жолу баягыдай куйкалап тиктебей, боору ооругансып, азыр карегинен жаш куюлчудай болуп тиктеп турду да, бир кезде «Ай» деп чаңырган боюнча коргондун ичине кулап түштү. Коргондун ичинен шалдыраган сөөктөрдүн дабышы угулду. Кутмандын оюна куран окуу түшө калды. Акыркы эки айда эптеп жаттаган үч кайырма курандын, коркконунан бир кайырмасы да эсинде калбаптыр.

«А уузу биллахи минаш-шайтоонир- ражиим» деп кайта-кайта айтып, аржагы эсине түшпөй койгон соң токтотту да кыргызча эле:

— Айланайын Кудай сактай көр. Айланайын Кудай ишенерим, таянарым өзүңсүң, сактай көр. Айланайын Кудай аз айып, көп күнөөмдү кечире көр, — деп бүк түшүп жер кучактай жыгылды. Бүткүл денеси менен сөөгүнүн чучуктарынан бери сыздап буркурады. Зарынын күчүнөн айлана тымтырс болуп, чегирткелердин да үнү угулбай калды. Бир канча көз ирмемге уктап кетип ойгонгондой болду. Баш көтөрүп айланасын караса, мемиреген тынчтык. Жанагы көзүнө тумандап көрүнгөн арбактар ың-жыңсыз жок. Айланасындагы коргон-мүрзөлөр эч нерсе болбогонсуп, төбөдөн кактаган күн нурунун аптабына бышып, бозоруп турушат. Делдейип бир топко дүлөй тынчтыкка кулак төшөп отурду да, акыры ордунан очорула туруп, коргонду айлана басып, күн чыгыш жагы жемирилип ураган, жапыз кырынан ичине баш бага карады. Караарын карап алып;

— Ай, мен күнөөлүү эмесмин, — деп кыйкыра, кайра артына бурулуп качам деп чалынып кулап түштү. Сүрдүгө жыгылып мурду менен тийип, оозу-мурдунан кан жая берди. Чалынып-чулунуп, туруп жүгүрөм деп кайра жыгылды. Жыгылган боюнча бирөө аны башка урган жаткансып, колдору менен башын калкалай, катып жатып калды.

Тээ өткөн жылдардагы мас жигиттин калың карга, так ушул коргондун түбүндө, так ушул жерде ушинтип томолоно жыгылып, мурдун канатканы, кайра туруп кайра жыгылганы, кардын бурганактатып уйгу-туйгу жаап турганы көзүнө элестеди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️