«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 2 БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=65702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН 2 БОЛУМ

Караколдон Бишкекке карай чыккан, жаркыраган жапжаңы 09 «Жигули» , «Бөкөнбаевге» деген бир келин, бир кемпирди салып алды да, «Бишкекке» деп бир келин салды. Биринчи тиги «Бөкөнбаевге» дегендерди салып алып, анан Бишкекке билет таппай, топурап жүргөндөрдүн арасынан ушул келиндин жалгыз экенин баамдап туруп басып барып: «Бишкекке бир орун бар, анча деле кымбат айтпайм, кетесизби?» — десе, тигил кубанып кетип макул болду. Ичинен баары өзү астына ала ойлогондой болгонуна кымыңдай, жайдарыланып жолго чыкты. Бөкөнбаевге түнкү саат ондордо келишти. Ага чейин баары менен таанышып, күлдүрүп сүйлөп бакылдап келе жатты. Тигилер Бөкөнбаевден түшүп калганда, келин тынчсызданып: «Дагы жүргүнчү аласызбы?» — деди эле «Жок. Эми түн ичинде кайдагы жүргүнчүнү издеп жүрөлү. Өзүбүз эле кете береличи. Машинам да жакшы тартпай жатат», — деп койду.

Экөө эмнегедир тигилер түшүп калгандан кийин көп сүйлөшпөй калышты. Түрлүү тамаша сөз айтса, келин оңдуу жооп бербей, сустайып койду. Жайын сураса күйөөсү бар экен. Караколго төркүндөрүнө келип, кайра кетип баратыптыр. Билет жок же арзаныраак машина жок, эки күндөн бери кете албай жүргөн экен.

— Кадыр көңүл жарашса бекер деле жеткирип коебуз — деди эле.

— Жок, сиз мени андайлардан деп ойлобоңуз, мынча машинага түшпөсөм болот эле, түшкөндөн кийин сураган акчаңызды беребиз. Күйөөсү, балдары бар кишимин, жаман оюңузду коюңуз, — деп, кага сүйлөдү.

— Кой эми, тамашаласа урушуп кете сактадыңыз го, — демиш болуп жайгарып койгону менен ичинен «Сендей секиргендердин далайын көргөм. Кайда барарсың. Ээн жерге чыгалычы, кандай гана эркиме көнбөйт экенсиң» — деп койду.

Пример HTML-страницы

Катар айылдар артта калып, ээн жолго чыккандан кийин бир топ барып, жолдон четкерээк, суу бою жакка бурду. «Сиз каякка?» — деп чоочуп кетти келин.

— Машинанын суусу ысып кетти, тигил суудан куюп алалычы, — деп бейкапар жооп берип койду. Тээ бир топ айдап баргандан кийин машинаны токтотуп, өзү эшикке чыгып капотту ачты, астына суу чачымыш болуп жатып ойлоду; «Эмнесин маалкатам, ачыгын эле айтып, кире бербейминби» . Кайра машинага кирди да, келинге түз эле айтты: «Бир ыраазы кылбасаң болбойт. Баары бир, күчтөсөм да максатыма жетем. Арыздансаңыз күйөөңүздөн айрыласыз. Элге-журтка шерменде болуп, уят болосуз. Мен эмне, акчанын күчүнө салып бат эле кутулам.

— Зордойсузбу? .

— Өз эркиңиз менен болбосоңуз ошентем да.

— Уятыңыз жок экен, кантип айтып жатасыз, — деп келин ыйлап жиберди. Берки, келинди шап кучактап, колун кайрып, өпкүлөп кирди. Келин бар күчү менен каршылык көрсөтүп, тырмалаңдап жатты. Аңгыча, машинанын арткы, бек турган эшиги ачылып, чачтары жайылган, кызыл көйнөкчөн келин кирип отуруп калды. Жөн эле көздөрү бирде кыпкызыл болуп, көгүлжүм тартып, бирде капкара болуп күйүп турат экен. Экөө тиктеше түшүштү. Берки тырмалаңдап жаткан келин бошонуп, машинадан атып чыгып, тизесине түшкөн ак трусысын шашыла өйдө көтөрүп: «Бетиңиз жок адам экенсиз — деп ыйлай, өзү машинанын артын ачып, эки чоң сумкасын сууруп чыгып, ийрелеңдеп көтөргөн бойдон жолду көздөй жөнөдү. Беркинин оозунан сөз чыкпады. Ордунан да кыймылдай албады. Көзүн жумуп жиберип кайра ачса, машинанын ичинде эч ким жок экен. Тигил келин жолго жетип жете электе ошону күтүп тургансып, бир жеңил машина келип токтоду да, түшүп алып «зуу» кете берди. Берки көзүнө көрүнчү көрүнгөнүн же жанагы кеткен келиндин бир балекети бар экенин билбей, жалдырап отурган бойдон, тээ далайда барып эсин жыйып, жолго чыкты.

Чоң жолго чыккандан кийин да бир топко эсине келе албай машинасын кыбыратып, жай айдап бараткан. Бир айылдан өтүп калганда машина өзүнөн-өзү ылдамдай баштады. Спидометрди караса, 130га жетейин деп калыптыр. Бутун газдан алып эмне болгонуна түшүнө бербей алактап кетти. Ушунча ылдамдыкта бараткан машинанын астыңкы эшиги ачылып, жанагы, кызыл көйнөкчөн келин «шып» кирип келип отуруп калды да, жылмая карап колдорун беркиге сунду, көйнөктүн жеңинен аппак сөөк скелеттер чыгып келатты. Жупжука кызыл көйнөктүн ичинде да аппак скелет жүргөнүн көрдү. Болгону, моюнду жапкан көйнөктүн бүйүрмө жакасына чейин.

Келиндин жүзү адамдыкындай болуп, тери каптап туруптур. Көздөрү кызарбай карарып, кирпиктери күн нурундай чачырап, жадырай күлгөндө, азуу тиштериндеги алтын көрүнө түштү. Берки, келиндин ким экенин эми тааныды. Колунун аты жогундагы өзүнө тааныш, кызыл чоң ташы бар алтын шакек да жүрөт. «Сен белең. Жок. Жок. Жогол көзүмө көрүнбөй» деп бакырып жиберди. Түптүз жолдо зуулдап бараткан жигули шарт жолдон чыгып, кучак жеткис теректи барып «былч» сүздү. Терезенин быркырандысы туш-тушка учуп, машина консерванын челегиндей болуп эки бүктөлүп калды. Теректи түнөк кылып отурган куштар пырылдай уча качты. Машина урунгандан кийин, жол боюнда кызыл куюн пайда боло түшүп, көз ирмемде жок болду.

Эки бүктөлүп былчыйган машинадан тигини сууруп алып жатышып, МАИнин кызматкерлери али да жаны бар экенин билишкенде, таң калгандарын айтпа. Көрсө, тагдыр ага деген жашоонун кыйноосун али бүтүрө элек окшобойбу.

Кыпкызыл уюлгуган куюн көз алдында созулуп, үзүлө турган болуп барып кайра биригип, коюулана түшүп, ортосу агыш тартып, жай айлана калып, кайрадан чимирик атып, укмуштуудай ылдамдык менен айланып жатты. Бир учурда кулагына: «Сен өлбөйсүң, өлүшкө али эрте, менден, жаныңды берип коюп оңой кутулайын деген экенсиң. Ач көзүңдү анткорлонбой» — деген үн угулду. Ачуу добуштан селт этип көзүн ачса, ооруканада жатыптыр, чолоо жери калбай, ак бинт менен таңылган. Буттарын, колдорун, сырайтып илип коюптур. Бөлмөнүн ичинде эч ким жок ээн экен. «Суу» — деди бар күчүн жыйнап. Канчалык күчтөнүп, катуу үн чыгарууга аракеттенсе да эч үн чыкпады. Эриндери гана алсыз кыймылдаганы болбосо. Аңгыча палатага медсестра кирип келди да, беркинин көздөрү ачылып жатканын көрүп, тиктеп туруп калды. «Суу, суу» — деди берки жалдырай. Медсестра кайра сыртка шашыла чыгып кетти. Кичинеден кийин үч ак халатчан болуп кайра киришти. Тигилер ооздору кыбырап, өз ара сүйлөшүшүп жатышты. Бөлмөнүн ичиндеги аппараттарды текшеришип, бир топко сүйлөшүштү. Берки бир да сөзүн уккан жок. «Кудай жалгагырлар, суу берип койгулачы» деди жалдырай. Тигилер карап да коюшпады. Бири жүрөк тушундагы таңууну чечип, уккучун салып көпкө тыңшады. Анан медсестрадан бөлөгү чыгып кетти. «Суу, суу берчи, өлүп баратам» деди берки. Медсестра шылдыңдагансып күлүңдөй карап турду да, чүпүрөктү сууга малып туруп чекесин, оозунун тегерегин сүртүп-сүртүп коюп, «сага ушул да жетет» дегенсип чыгып кетти. Эриндерине ным чүпүрөк тийгенде тили менен жала-###### алгысы келген менен тили колдоюп оңдуу күрмөлбөдү. Канткен менен чекесине, ооздорунун тегерегине тийген муздак суудан каниеттене түшсө да, кайра эле суусап чыкты. «Айланайындар, өлүп баратам, суу бергилечи» деп кыйкырды, бар күчү менен. Эч ким уккан жок. Чындыгында жанатан бери «сүйлөп жатам» деп ойлогону менен добуш чыгармак түгүл эриндерин да оңдуу кыймылдатууга жараган эмес.

Көп өтпөй жанагы медсестра дагы бир догдур экөө келди да сол колунун каруусуна тамма дары куюшту. Дары денесине тарай баштаганда, кайрадан көз алдына баягы кызыл куюн пайда болду да, жаны кыйналып кирди. Канча жатканын ким билет, бир учурда кулагына баягы үн кайра угулду: «Жаныңды берип кутулам деп ойлобо. Ач көзүңдү. Сен айыгасың. Жарым жан болсоң да жашайсың» деген буйрук берди.

Көзүн ачса, жанындагы орундукта аялы отуруптур. Көп ыйласа керек, көздөрү шишип кеткен. Апасына ыктай кичүү уулу отурат. Жалдырап, атасын тиктейт. Беркинин көзүнүн ачылганын көрүп, тигилер кубанып кетишти. Аялы эңкейип чекесинен сылай кетти. Бир нерселерди сүйлөп жатты, берки уккан жок. «Суу берчи бай болгур» деди. Аялы укпады. Нымдуу чүпүрөк менен кебер####н эриндерин гана сүртүп-сүртүп койду. Ушул ным чүпүрөктү тиштеп, суусун соргусу келди эле кыймылдамак түгүл оозун да ача албады.

Кийин эсине толук келгенде укса, бир жума дегенде барып көзүн ачкан экен. Чындыгында догдурлар «киши болбойт, аракет кылып деле кереги жок», — дегенсишип көңүл бөлбөй калышканда күтүүсүз көзүн ачып, эриндери кыбырап, кадимкидей жан кирип, жүрөгүнүн согушу калыптанып кетиптир. Мындай күтүүсүз өзгөрүүгө догдурлар да таң калып калышыптыр. Авариядан сынган омуртка, жамбаш, бут сөөктөрү бүтпөй, жарым жылдан ашык ооруканада жатты. Дарылаган догдурлар «Ажалың жок экен, жүзгө чыгасың. Он эки жилигиңдин эки-үчү соо болбосо бүт кыйрап, баш сөөгүңдөн жарака кетиптир эле, «өлдү» деп койсок да кайра тирилип кеттиң» деп тамашалап жүрүштү. Өзү болсо өлүмдөн коркуп, жашагысы келсе, да ооруканадан чыгаары менен укмуштуу тагдыр күтүп тургансып, жүрөк заада болуп жүрдү. Ал түгүл ооруканадан такыр эле чыккысы келбеди. Эми үйүңүзгө бара берсеңиз болот дегенден кийин да, башкы врач менен сүйлөшүп, «дагы жакшылап дарылайынчы? » деп эки ай жатты. Баш-аягы бир жыл дегенде барып үйүнө чыкты. Оң ыптасы жакшы иштебей, оң бутун сүйрөп басып, оң колунун манчалары жакшы кыймылдабай калганын догдурлар «нервден» деп коюшту. Кайсыл бир нерв тамырлары жанчылып калгандан болуптур.

Ооруканада жатканындагы көргөн бир түшү эсинен кетпейт. Бирде түшүндө эмес эле өңүндө болгонсуйт. «Эми жакшы болуп калдым, мына чыгам ана чыгам» деп турган күндөрү болчу. Таңга жуук ойгонуп кетти. Саатын караса бештен он минут өтүптүр. «Эрте экен» деп кайра үргүлөп баратканда эшик кыйч ачылып, атасы кирип келди. Атасынын дүйнөдөн кайтканына 20 жылдан ашып калган. Ал сакалы жайкалган кызыл жүздүү, дайым күлүп-жайнап жүргөн шайыр киши эле, жүдөп, оролгон ак кепининин ар жери күйүп калыптыр. Босогодо кичине туруп калды да, анан акырын басып келип, баласынын жанындагы орундукка отурду. Жүрөгү лакылдап чыккан берки: «Ата сиз кайдан жүрөсүз?» — деди.

— Ай, уулум ай, сени кайсыл шайтан жолдон адаштырганда, жаман ишке бардың экен?

— Кандай жаман иш, ата?

— Баягы мүрзөлөрдүн арасына өлтүрүп таштаган келинчи?

Беркинин жүрөгү кысылып, кыйнала баштады.

— Аны сиз кайдан билесиз?

— Билем балам. Билгенимден ушинтип өрттөнүп жүрбөймүнбү. Энең да билет. (Энеси да 15 жылча мурун каза болгон эле). Ал байкуш таптакыр күйүп кетти, сени «коргойм» деп жүрүп. «Жаным аман калды» деп кубанып жатасың. Кубанба балам. Андан көрө Кудай жолуна түшүп, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыккандан кийин сени тозок күтүп турат. Өлүүлөрдүн тозогунан тирүүнүн тозогу кыйын болот. Сага тирүүнүн тозогун даярдашууда. Тилимди ал, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыгаарың менен аракет кыл. Кийин, кеч болуп калат. Аңгыча терезелер шарт ачылып, кызыл куюн пайда боло калды да, атасы куюнга сорулуп, терезеден чыгып кетти. Учуп баратканда да бир нерселерди сүйлөп баратты, бирок анысын уга албады.

…Ойгонсо, чын эле терезе ачылып, желге чайкалып турган экен. Кечинде жакшы эле жаап жатышкан. Чекесинен муздак тер чыгып, температурасы көтөрүлүп калыптыр. Жанында жаткандардын бири ойгонуп кетип: — «Эмне болду, кыйналып жатасыңбы?» — деди эле кыңкыстагандан башка жооп бере албады. Тигил туруп, медсестраны чакырып келди. Медсестра аял температурасы көтөрүлүп кеткенин көрүп коркуп кетти, жүгүрүп чыгып, кезектеги врачты чакырып келди. Врач көрүп чыгып: — «Эмне муздак суу ичтиңизби, же шамалдап калдыңызбы? » — деп көндүм суроолорун берип кирди. Ийне сайып, дары берип жатып, араң калыбына келтиришти.

 

Мына ушул окуядан кийин ооруканадан чыккандан коркуп жүрдү. Атасы келген түш, басса-турса эсинен чыкпады. Бир жолу ары жакка барып, кайра келгенден кийин жан таттуу болуп калдыбы, атасынын тилин алып, өз күнөөсүн жоюунун жолун издейт. Бирок, таба албады. «Өз жанымды кыйсамбы?» дейт. Жашагысы келди. Жашоонун ушунчалык таттуу экенин чындап сезди. Кеп, ойноп-күлүп эле көңүл ачышта эмес, күндө бир келин-кыз менен болуп, чер жазышта эмес, жөн гана бутуң басып, оозуң сүйлөп, тынч тиричилик кылуунун өзү ырахат экенин сезди.

Жеке баамында жыргалчылыкты күндө бир аял менен болууга өтө байланыштырып жибергенин сезди. Ал түгүл кимдер менен болгонун, жашын, кыз же келин экенинен бери тизмелеп жазган блокноту боло турган. Жакын жолдошторуна көрсөтүп, мактанып: «Көрдүңбү, эки жүздөн ашып калды. 50гө чыккыча 400гө жеткизсем Чынгызхандан ашам. Согушсуз эле катынпоз боюнча Чынгызхандан өтүп кетпесемби» деп каткырып калчу. Айрым достору ага атаандашууга аракет кылса, айрымдары жөн гана уга жүргөн кептери катары ишенип-ишенбей, кол шилтеп коюшчу. Ошондой уу-дуу турмуштун шарданында «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем» деп жүргөн кезде эмне гана ишштерди жасабады, нелер гана башынан өтпөдү. Далай оор жагдайлардан да «кылт» этип эбин таап, кутулуп кеткенин эрдик катары баалап, өзүн-өзү «жигиттин жигитимин, сууга салса да кургак чыгам» деп жүрдү. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй «Урунарга тоо, урушарга жоо таппай» турган ошондой күндөрдө, кызыл көйнөкчөн келинге жолуккан. Өткөндө атасы келип, түшүндө эскертип кеткен окуя ошол жылдарда болгон. Андан бери арадан «жылт» этип он жети жыл өтүптүр. Баары эсинен чыгып, унут болуп калган.

Эми минтип кайра баарын эстөөгө тагдыр аргасыз кылып отурат.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️