Косметологияда колдонулуучу терминдер
Учурда косметологияда ар кандай кызматтардын түрү өтө эле көп. Ошого жараша бул жаатта жаңы терминдер да күндөн-күнгө пайда болууда. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
Антисерн (фр. — anticerne) — көздүн астындагы тактарга арналган, аларды агартуучу корректор. Безетки, кызарып кетүү сыяктуу теринин олуттуу учурларында жардам бере албайт, бирок көздүн алдындагы бырыштарды визуалдуу түрдө жогото алат.
Бронзер (англ. — bronzer) – күнгө күйгөндөй таасир калтыруучу косметикалык каражат. Бул каражатты “бронзант” деп дагы аташат. Күңүрт бронзерди күндүз, кечелерге жылтырап турган бронзерди колдонууга болот.
Корректор (англ. — corrector) – тон берүү аркылуу беттеги кемчиликтерди жашыруу үчүн чыгарылган каражат. Корректордун жардамы менен тегерек бетти сүйрү кылып көрсөтө аласыз.
Плампер (англ. — plumper) — оозду 1-3 саатка чейин көптүрүп борсойтуучу косметикалык каражат. Ал өңсүз, өңдүү помада жана оозго сүртүлүүчү бальзам түрүндө болот.
Глиттер (англ. — glitter) – кургак, майда сахнага жана атайын кечелерге арналган сулуулук каражаты. Глиттердин жардамы менен өзгөчө, кайталангыс образды жаратууга болот. Бул каражаттын эринге, көзгө, денеге жана чачка колдоно турган түрлөрү бар.
Фиксатор (англ. — fixer) — спрей түрүндөгү, макияж жасап бүткөндөн кийин колдонула турган каражат. Макияждын узак убакытка жана жакшы сакталышына өбөлгө болот.
Консилер (англ. — concealer) — жүздөгү пигменттик тактар, безетки, көздүн тегерегиндеги көгүштөрдү, ысыктан улам чыккан майда кызыл бүдүрлөрдү, билинер-билинбес майда сепкилдерди жана майда бырыштарды жаап, билгизбей турган сулуулук каражаты. Консилер тон берүүчү кремден айырмаланып маселе жараткан жердин дал үстүнө гана сүртүлөт. Ал тоналдык бет майдын алдында колдонулат. Аны үстүнөн үбөлөнгөн упа менен жаап койсо болот. Консилердин карандаш түрүндөгүлөрү ыңгайлуу.
Лайнер (англ. — liner) — көздү жана эринди чийүүчү косметикалык буюм. Лайнерлер атайын кистиси бар флакон, карандаш жана фломастер түрүндө чыгат.


















































