Пример HTML-страницы

Косметика каражаттарын канча убакыт колдонуу керек.

https://kyrgyzcha.site/?p=21874&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Косметика каражаттарын канча убакыт колдонуу керек

 

Сулуулук каражаттары кеминде 36 ай сакталат. Микробдор менен күрөшүү максатында өндүрүүчүлөр продукцияларына ар кандай консерванттарды кошуу менен алардын колдонуу мөөнөтүн узартып келишет. Бирок кандай гана косметикалык каражат болбосун, анын сакталуу мөөнөтү тууралуу эрежелер бар.

 

Ультра нурлардан, күндөн коргоочу бет майлар3-4 айга чейин сакталат. Бул бет майды бир эле мезгил колдонуш керек. Себеби бет май барган сайын ультра нурлардан коргоочу касиетин жоготот. Курамында С витамини бар косметикалык каражаттарды 3 айдан ашык колдонбош керек.

 

Кирпикти боёочу туштарды 5-6 ай гана сактоо талапка ылайык. Ал дайыма аба менен кагылышып тургандыктан бат кургайт жана сапатын жогото баштайт. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен туштар аллергияны чакырышы мүмкүн.

 

Көздүн тегерегине колдонулуучу бет майлар да 5 айга чейин сапатын жоготпой жакшы сакталат. Бет майдын бул түрүнүн аз убакыт сакталышы анын курамындагы консерванттардын аздыгынан кабар берет.

 

Бетти азыктандыруучу, нымдаштыруучу, калыбына келтирүүчү каражаттар бөлмөнүн температурасында жана күндүн нуру тийбеген жерде сакталса, 6 айга чейин жетет. Бөлмөнүн температурасы жогору болсо каражаттардын курамындагы майлар бузула баштайт.

 

Тоналдык бет майлар дагы 6 ай гана сакталат.

 

Упа менен тенди бир жылга чейин сактоо керек. Ал үчүн кисть менен спонжа таза сакталып, туура колдонулушу керек. Бул каражаттарды жумасына бир ирет жууп же башка сатып алып жаңыртып туруңуз.

 

Помаданы, денеге колдонуучу гель жана шампундарды бир жылдан ашык колдонбогонго аракет кылыңыз. Бул каражаттардын узак сакталышын кааласаңыз, бөлмөнүн температурасын бирдей калыпта кармаңыз.

 

Эриндин тегерегин жана көздү чийип контурлоочу карандаштарды 3-3,5 жылга чейин сактоого болот.

 

Атырлар жана дезодоранттар өмүрү эң узун каражаттар болуп 5 жылдык мөөнөткө чейин сакталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE