Пример HTML-страницы

КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕГИ КОШУЛУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=42127&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕГИ КОШУЛУУ

Аялзаты үчүн кош бойлуу кезде төшөк кумарына батуу бир топ ыңгайсыздык жаратат. Бирок төшөк кумары – жашоонун ырахаттуу бөлүгү. Ошол себептен кош бойлуу айымдар үчүн төшөк кумарынын төмөндөгүдөй ыкмаларын сунуш кылышат.

 

КОШ БОЙЛУУ КЭЭ БИР АЙЫМДАР

түйүлдүк 3 ай болгуча секстен алыстап кетишет. Түрдүү жыттардан көңүлү айлана баштайт. Ал гана эмес, буга чейин дүүлүктүрүп келген өнөктөшүнүн жытынан да качып калат. Дагы бирлери шалдырап, өзүн алсыз сезишет. Бирок бул убакыт бат эле өтүп кетет. Түйүлдүккө 3 ай болгондон кийин кош бойлуу айымдын кайрадан секске болгон каалоосу ойгоно баштайт. Ойгонгондо да кээ бир айымдар күндө төшөк кумарын каалашат. Өзгөчө каалоонун пайда болушун сексологдор айымдын өтө сезимтал болуп калуусу менен түшүндүрүшөт. Айымдын “алигисинен” бөлүнүп чыккан суюктук көбөйүп, катнашууга жакшы ыңгай түзүп берет. Ал эми буга чейин оргазм ала албагандар кош бойлуу кезинде кумардын туу чокусуна жете баштайт. Бирок, албетте, жогоруда айтылгандай, күн санап өсүп жаткан курсак төшөк кыймылдарында бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат.

 

Айым эки бутун кыйгачтата эркекке арта салып, чалкасынан жатат. Эркек капталынан ийрилип жатып, бир колу менен жерди таянып, экинчи колу менен айымды далы тушунан кучактайт. Айрыкча бели талып ооруган кош бойлуу айымдар үчүн мындай кошулуу өтө ыңгайлуу.

 

Тизелеп эки колу менен жер таянуу, салмагын көтөрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Эркек чөгөлөй отурат. Эгер буга чейинки ыкмаларда айым өтө катуу кыймылдардан корксо, бул учурда бейкапар эле каалаган ылдамдыктагы төшөк кумарын уланта алышат.

 

“ деп аталган бул ыкма жуптардын экөөнө тең жагымдуу болот. Айрыкча мырза айымдын дөмпөйгөн жамбаштарын көрүп, ого бетер кумарга батат. Ал эми айым мырзанын тизелерин таянып алып, ашыкча салмагын сезбей калат. Анан да мындай ыкмада айым көп чарчабайт.

 

Төшөк кумарынын №1-ыкмасына айланган көнүмүш классикалык түрүнөн эч ким баш тарта албайт. Бирок кош бойлуу өнөктөшүнүн курсагын кысып салбоо үчүн эркек эки колу менен жер таянып алуусу ыңгайлуу.

 

“Бүт оорчулугуңду өзүм көтөрөм”

 

Бул ыкмаларды кош бойлуулуктун алгачкы айларында колдонууга болот.

 

«Ат чабуу» ыкмасы кош бойлуу айымдарга эң ыңгайлуу. Мында айым “тизгинди” өз колуна алып, “атты” катуу чаап, чарчап бара жатып “тизгинди” кичине коё берген маалда мырза да өз милдетин аткарып “жорго” салса болот. Айта кетчү нерсе, бул ыкма кийин айымдын төрөт маалында жатындын кенен ачылышына көмөктөш болот.

 

Мырзанын алдына бет маңдай отурган ыкмада өнөктөштөр бир гана секс менен алек болбостон, бирин-бири жагымдуу эркелетишип, сүйүү сезимдерин да айта алышат. Бул ыкманын өзгөчөлүгү – өнөктөштөр “мен сендикмин, сен мендиксиң

 

Төрөт жакындап калганда “кокуй, ичим!..”

 

Ал эми 9 айга чукулдап калганда өнөктөштөрдүн капталдап алып кумарга батуусу экөөнө тең жагымдуу болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE