КӨҢҮЛ СЫРЫ -4

https://kyrgyzcha.site/?p=65729&preview=true Кызыктуу окуялар.

КӨҢҮЛ СЫРЫ -4

 

Аруузат адатынча ыйлап жиберди. Кучакташып корушуп тун оогончо суйлошуп отурушту. Елена оз акылын хайтты: Канчалык башкалардан качсан да озундон эч кайда кача албастыгын белгиледи андыктан мекенине барууну сунуштады. Кеч болгонуна карабай

Уйго эле барып жаталы деп чыгып кетти. Уйго келип жатууга кам урушту. Бирок улуу баласы ысытмалап калды. Температурасын олчоп,дары берип куйполоктоп калды. Коркунучтуу эч нерсе жок болсо деле энелик журогу бир нерсени сезгендей корко берди.

-Баарына чыдадым эми да чыдайм балам бир гана сен ооруба калганын которо берем садаголоюнум. Аруузат туну менен коз ирмебей чыкты.

Тан атканда гана козу илинип кетиптир. Туш корду. Тушундо апасы Аруузатка карап жылмайып турду негедир Аруузаттан ыраазыдай бирок эч нерсе дебеди. Канчалык жакындайын десе да болбойт апасы алыстай берди. Баласынын унунон ойгонуп кетти.

Пример HTML-страницы

-Эмне болду балам? Баласы жылмайып турду.

-Апооув менин эч жерим ооруган жок жакшымын.

-Тегеренейин сенден инин экообузду коркутпа балам тамак ичеснби башын оорубай калдыбы?

-Апа мектепти медаль менен аяктасан Колго апарам дединиз элего мен созумо турдум эми сиздин очередь да апоо? Баласынын козундо кандайдыр бир тушунуксуз сезимди байкаган Аруузат:

-Макул балам созсуз барабыз.

Канын менен куруп кет аа баарыбир каны тартып атат атасын сагынган булар. Ал ушинтип ойлоп турду. Тезинен эле билет алып жоногонго даярданып жатты.

Дубайга келген жылдан тартып Аруузатты Эсен аттуу мырза жактырып жургон баардык иштерине жардам берчу. Бирок оозунуп жактырганын айта алчу эмес. Аруузат да сыр билгизбей тымпыйып койчу.

-Алло Эсен байке кандайсыз мен Аруш?

-Жакшы озун кандайсын, эмне болду Аруш ыйладынбы садагасы?

-Жоок неге ыйлайын?

-Кучукторун жакшы элеби?

-Ооба рахмат байке. Мен ушу жуманын этегине билет алып койдум Кыргызстанга кетип жатам.

-Неге Аруш? Кайра келесинби,качан келесин? Эсен акыркы созун жалыныч аралаш айтты?

-Билбейм байке.

-Жолугалы кеткиче суранам Аруш жок дегенде бир жолу Аруш.

-Макул байке озум чалам сизге анда.

Телефонду очуруп коюп ойлонду мумкун жолукпай эле кете берсемби ?

-Данияр Бекболсун аянтка барып фудболл ойноп келебизби а?

-Уррра аа!Экоо бирдей кыйкырышты.

-Кеттик.

Аянтта эл коп чарчагыча топ ойношту.

-Болду Дани мен чарчадым балам баарыбир сени ута албайт экенмин.

-Албетте маам. Данияр жеништуу суйлоду.

-Эми экоон ойногула мен силерди карап отурам э

-Макул. Экоонун чарчагыдай туру жок. Чачы башын ондонуп скамейкалардын бирине келип отурду. Телефон шынгырады

-Алло Эсен байке биз аянттабыз ошол жерге келе берин.

Эсен аябай даярданды бугун созсуз айтам кетпе дейм деп ойлонду. Жолдон бир букет гул да сатып алды.

-Канттин Аруш?

-Аа келин Эсен байке,биз жакшы озунуз кандайсыз? Аруузат Эсендин майрамга барчуудай жасанып алган кебетесин коруп бир чети кулкусу келди.

-Бул сага. Эсен букетти сунду.

-Рахмат ии аябай кооз гулдор тура. Аруузат бираз ынгайсызданды. Эсен чыгынып суйлоюн деди негедир оозуна соз келбеди. Аны муну суйлошуп бир топ убакыт отуп кетти. Дайым сыртынан катаал корунгон менен ар дайым Аруузаттын алдына келгенде тили байланып калчу. Бул жолу да ушундай болду.

-Макул биз жонодук анда. Аруузат ордунан турду. Куйуп бышып ойногон балдарынын бети башын арчып жатты.

-Кетесинерби бир аз отурсанар Аруш.?

-Биз аябай отурдук кеч болуп кетти баралы эми.

-Бугун кечинде конок болуп кетсенер болмок Аруш,Эсен шар эле суйлоп жибергенин озуда билбей калды:

-Кетпечи суранам Аруш мумкун сен издеген бакыт жанындале жургондур. Эмне кылмаксын барып,балдар да конуп калдыго бул жерге. Макул кааласан озум деле алып барып келем го Аруш садагасы. Эсендин ушинтип айтаарын билгендей жай гана унчукту:

-Жок рахмат Эсен байке кетпесем болбойт сиз каалаган бакыт мен эмес экинчиден мен бакыт издеп кетип бараткан жокмун бакыт бул менин балдарым жон гана эс алып келмекчимин. Сиз мынден да жакшысына ылайыксыз Сизге чон ырахмат мен учун коп нерсе кылдыныз алдынызда карызмын Эсен байке эми сизге да эмне жардам керек болсо мен даярмын. Бирок кетпе дебен мен кетишим керек. Аруузаттын бир айтканынан кайтпаган мунозун билген Эсен:

-Узатканга уруксат берээрсин анда. Аруузат кулуп жиберди

-Албетте .

Жакшынам менин кулгону да сонун кандай жарашат. Эсен ушинтип ойлоп турду.

 

 

Кетээр куну эртен мн эрте келди Эсен. Машинасына салып аэропортко алып келди. Узатканы Елена да келди. Баары менен ыйлап коштошту Аруузат.

-Жакшыларым менин силерсиз мен ким болмокмун рахмат баарына. Силерди сагынып калам албетте кайтып келем деди. Учакка кирип жайланышкандан кийин терен ушкурду. Балдары кудундап суйунуп алышкан.

Эсен аэропорттон чыкты кокурогу ачышып ыйлагысы келди. Ушунча жыл жанында журсо билинбеген экен. Азыр Аруузат журогунун жарымын жулуп кеткендей туюлду. Эми эч качан келбечудой журогу конултактап турду. Кызык эми сенсиз кантип жашоом уланаар экен жакшынам менин каерде босон да тынч болсон болду. Машинасын жай айдап аэропорттон алыстай берди.

Аруузат козун ачты. Туура кылдымбы мумкун Эсендин жанында калышым керек беле мынтип ойлогону менен журок тубундо туура кылганын сезип турду. Караса баллары ойгонуп атышкан экен.

-Апоо келдикпи?

-Оооба балам келип калдык ордунардан эми турууга болбойт кандай жакшыле уктадынарбы?

-Ооба. Экоо тен жарыша жооп беришти.

Манас аэропортунан чыгышты. Аба ырайы бир аз буркок жайдын майда жамгыры себелеп туруптур. Аруузат терен дем алды. Кандай сонун. Чыгып эле биринчи турган такси менен республикалык ооруканага жоношту. Баары озгоруптур бийик имараттар таптаза кочолор.Ал жерден тийиштуу документтерин бутуруп областтык ооруканага жолдомо алды. Оюнда ошол жактале практикасын отоону туура коруп турду. Кеч киргенге чейин тамактанышты да такси жалдап авто салонго келип озу жактырган унааны ижарага алып эки айлык акчасын толоду. Балдарын салып озу айдады машинаны. Эсенди эстеп кетти унаа айдаганды ошо уйроткон эле. Андан кийин ошонун кенеши менен 6 айлык курска окуп куболук алган болчу.

Ош Бишкек жолунда зыпылдап келе жатты. Жолдо эзилген балдары мемиреп уктап жатышат. Аруузат терен ойдо келе жатат. Эки козу жолдо. Ушу маалга чейинки омуру бир коз ирмемделе откондой. Баары кечээ эле болгондой. Эстеп корсо кулгонунон ыйлаган кундору коп болуптур. Бирок кайра эле бири биринен жакшынакай осуп келе жаткан балдарына бел байлайт.

Тан аппак атканда жол журуп чарчаган Аруузат келээр жерине жетти. Коздору жумулуп кетчудой. Балдарын ойготуп ашканадан тамактанышты. Эми некылсам? Каерге барышын билбей туруп калды. Жарыя кулактандыруу жазылып турган жерге келди. Биринчи козуно учураган номерди терди. Адрес боюнча издеп таап барды. Шаардын чекесинен уч болмолуу уй экен. Баардык шарты бар. Эшик алды толо гул бак шагы ийилет. Жери да кенен экен. Уй ээси менен суйлошуп сураган баасына сатып алды.

-Оой аябай чарчадым. Келгиле балдар жуунуп алгыла. Балдарды жуунтуп нары бери тамак жасай салды. Эми бираз керектуу уй эмеректерин сатып алыш керек экен. Уй ичин ирээтке келтирип нарак берагын тазалаганча кеч кирди. Компютерин жандырып Эсенге Еленага кызына кат жазып койду.

Жолдо чарчаганга тундо эч нерсени билбей уктаптыр. Багымдатка ойгонду. Намаз окуп дуа кылды. Жайдын таны кандай сонун. Сууну агызып эшик алдын шыпырды. Гулдорду сугарды. Балдарына тамак жасап ойготту.

Тамактанып болуп балдарына олуттуу суйлоду.

-Данияр?

-Да мам.

-Сен чон жигит болуп калдын. Мени тушуносунда атана алпарайынбы экоонду тен. Данияр унчукпай башын ийкеди. Бирок апасынан эч кайда ажырагысы келчу эмес. Ушул эле жашоо жакчу ага. Апасы аларды атасыз эле эч нерседен кем кылбады айткан нерсесин жасады,кызыккан нерсесине барчу го .Бекболсун абдан жоош болчу Даниярдын айтканын унчукпай кыла берчу. Экоо тен медреседе билим алышты араб орус англис тилин оз тилиндей суйлошот .Кантсе да атасы эмеспи элес булас эле эстебесе билбей деле калмак. Бирок Аруузат дайым суротторун корсотуп эстетип турчу..

-Кеттик анда. Жолдо келатып журоксуй берди. Аруузат -Эмне деп айтам неге келдин десечи? Мумкун алар баары бизди унутуп коюшкандыр. Кантип эле дейт кайра бир ою кантсе да оздорунун каны эмеспи. Ошентип эки ой менен алпурушуп атып бир маалда озу кыз болуп эшик аттаган уйго келип калганын байкабай калды. Эшик алдынан акырын унаасын буруп барып токтоду. Эшик алдында кайненеси эшик шыпырып журуптур Аруузатты коруп токтоп калды:

-Айланайын озунсунбу садаголоюн келдинби балам? Жетип эле кучактады. Барсынбы? Жакшы журосунбу кагылайын. Эки баласын кошуп кучактады. Кучукторум менин! Кайненеси бир топ жалынып жалбарып суйлой берди.

-Эмне турабыз ботом жургуло ичкери киргиле.

Нары жактан Максат корунду. Арыктап бир топ карып калгандай корунду. Аруузатты коруп нес болуп туруп калды. Коз алдында чачы такымына чейин тогулгон узун койнок жоолукчан апакай Аруузат турду. Биринчи коргондо кандай болсо азыр да ошондой жапжаш.

-Сен сен келдинби? Максат шашкалактап калды. Аруузат экоону Максатка карай жандады.

-Атанар менен учурашкыла балам. Данияр чон кишидей келип атасын кучактады. Максат ыйлап жиберди.

Аларды коруп Аруузат да ыйлады. Анан кайненесине карады.

-Жок апа мен кирбейм. Сиздер менен балдарды учураштырайын деп эле келгенмин.

-Данияр каласынарбы? Данияр коркуп кетти. Азыр апасы буларды таштап кетчудой туюлду.

-Апа сенчи сиз каяка? Бизди таштап кетесинби эмне?

-Жок балам кааласанар калгыла дейм да сагынычынар таркаганда келип алып кетем. Кайненеси безилдеп жиберди.

-Ообаа айланайын ошент биз да сагынганбыз жытына тоюп алайын балдарымдын.

— А сен каяка барасын? Максат эми эсине келгендей сурады. Аруузат жылмайды

-Оз уйумо барам.

-Макул маам анда бир эки кун турабыз анан келип алып кетесин да э . Данияр апасына карады.

-Макул балам ошентейин анда мына кийиминер кечинде жылуурак кийингиле. Аруузат кетейин деп бурула бергенде ган бет мандайында озун тешип ийгидей карап турган Мадинаны корду. Жудоо тартып жузу карарат. Журогу ушуп кетти. Балдарын ушуга таштап кетип жаткандай коркуп кетти. Бирок сыр билгизбей:

-Кандайсын деди.

-Жаман эмес озунуз коруп турбайспы кандай экенимди.

-Мадина ? Максат кыйкырып жиберди.

-Эмне эмне качан болсо Мадина Мадина оозумду ачтыра койбойсун. Булардын урушун коргусу келбегендей чыга качты дарбаза сыртына. Артынан балдары кайненеси ээрчий чыгышты.

-Мени кечирип коюнчу апа мен уруштурайын деп келбедим сиздерди.

-Эч нерсе эмес балам ал озу ошондой ит кыял баарыбыз конуп бутподукпу. Анын устуно ушунча жылдан бери балалуу болбой ушундай урушчаак болуп баратат. Сенин алдында баарыбыз куноолубуз эне болуп мен деле эч нерсе кылалбадым. Максат ээрчитип келгенден кундон эле уйдун берекеси учту эки уч жолу боюнан тушуп калды. Силер туптогон уйду да ошо бойдон сатышкан ушуну лечение кылабыз деп. Дегеле жакшы болуп кетпеди. Сендей болуп кирип чыгып конулуму албады. Ушунча жылдан бери сен кылгандай тамак эч жерден жей элекмин кечир балам. Максаттын болсо жакасы агарбады. Кечир балам.

-Болду апа кечирим сурабан бапры жакшы болот. Мен эки уч кундон кийин келем балдарды алганы. Кайненеси шуу ушкурду.

-Макул балам эсен бол кайда журсон да рпхиат балам эсеп келгенин учун. Аруузат унаасынан ушуларга атап алып келген белек бечкектерин кайненесинин колуна карматты да жоноп кетти.

Кайрадан санаа басты. Келип бекер кылган окшойм . Кабагы бурколо тушту. Туура горбольницага келди. Жакшы кадр келгенин билген баш врач дароо эле балдар болумуно дайындады. Эртенден иш баштоосун айтып коштошту.

 

Колу ишке барбай балдарын ойлоп сарсанаа боло берди. Анан кечинде Даниярга чалды. Трубканы Максат которду.

-Максат балдар кандай жакшылеби?

-Ооба жакшы кыжалат болбо.

-Даниярга берчи?

-Да маам .

-Кандай уулум

-Жакшы мам ойнодук бугун кечке атам бизди атка мингизди чон энем орук терип берди. Сууга туштук.

-Атан менен жакшыле ойнопсунар да э уулум?

-Ооба мам. Бекболсун болсо аттан коркуп ыйлады.

-Коркпо дединби анан сен?

-Ооба мам мен аны дайым карап журомда. Мам качан келесин? Сагындык сени.

-Качан барайын балам. Ушу мам дегенинди койсон балам апа дегин.

-Маакул капа болбочу

-Макул капа болбодум бурсугуну барам анда даярданып кутуп тургула.

Трубканы коюп шалдпюайып отуруп калды. Кундо алдынан чуркап чыкчу бугун балдары да жок уйуно буту тартпады саатты караса туш болоюн деп калыптыр. Огой апасына барууну ойлоду неси болсо да барып кабар алып коюну милдетим деп эсептеди.

Колуна белек да алган жок жон гана озу жалгыз жоноду. Себеби апасы белектен да акчаны жакшы корчу акча берип коем деп ойлоду

 

Унаасын жай айдап айылды аралап уйунун тушуна келип токтоду. Кыжаалат боло карап койду. Канча коз жаштар акты жакшы жаман кундору откон бул уйдо. Ошол бойдон эле экен. Дээрлик озгорбоптур. Туз эле кирип барды. Апасы бушуркой карады

-Э ботом сенсинби? Келет деп кутпогон элем кел кандайсын жоксун го бул тируусунбу деги? Апасы суроолорду жаадырды. Женеси чай койду.

-Балдарын кана кокуй? Апасы эми эсине келгендей сурады.

-Максатка таштадым бугун.

-Неге ботом? Не чарчадынбы кыйын бекен бала баккан ушу маалга чейин бир сурап койбогонуна караганда.

-Жок кыйын эмессс бир эки кунголе таштадым апа . Канчалык жини кайнап турса да тилин тишине катты. Унчукпады. Азыр бир нерсе десе урушуп кетишмек. Тенелбейин деп ойлоду. Апасы баягыле жетишпеген турмушун айтып даттана баштады.

-Апа ушунчасына деле шугур десениз. Устунуздо уйунуз уул келининиз неберелериниз бар не керек мындан артык? Ушу жашынызда некыласыз ашыкча дунуйону? Андан коро акыретиниз учун да бир нерсе кылайын десениз ?Канчалаган адамдарды кордум мен апа уй жайы жок кээ бирлеринин буту жок биринин козу корбойт. Ошондо деле нааразы эмес алар.

-Ээ кой айнанайын акыл уйротпо мага шугур дебегенде эмне сен багып атасынбы мени? Аруузаттын дуйносу тарып кетти. Тушундуро албаганына ызаланды. Тез эле кеткиси келди. Чайга бата кылды да:

-Мен чыгайын иштерим бар. Мына сизге апа белек алалбадым. Столдун чекесине мин сомдуктарды койду.

-Тим эле койсон болмок. Апасы жибий тушту.

-Жок алаберин озунузго жаккан нерсени сатып алаарсыз.

Жол катар ойлонуп келди. Неге мындай экен. Ушунча жылдан бери некылып журдун каякта журдун деп бирооз да сурап койбоду а? Озум деле кутподум элего. Андан чыгып атасы жашаган айылга жоноду. Сураштырып издештирип отуруп чон энесинин уйун тапты. Дарбазаны каккылады. Эшикти бойго жеткен кыз ачты.

-Келиниз

-Келдим жакшы жатасынарбы мен бир адамды издеп журот элем. Атасынын атын айтты. Кыз уйго баштап кирди. Аябай заманбап чон уй салыныптыр бардык нерсе жетиштуу. Сол тарапта уйдун арт жагында кичинекей кепеге окшош уй бар экен. Ошону корсотту.

-Абам коп ичет эптеп жан багып атат биздин уйдо бала чакасы аялы жок бир маал тамагын берип турабыз деди. Аруузат кыз корсоткон тарапка басты. Кепенин ичин карады. Атасын корду. Арык жудоо кийимдери кир канчадан бери суу королектей, тордо ботинке жамап отуруптур. Аруузатты коруп оозуна соз келбей туруп калды.

-Ата мен Арушмун мен келдим ата?

Атасынын сакалы ылдый жаш куюлду:

-Кызым айланайын кызым келдинби? Караанындан айланайыным. Сенин келээринди кутком билгемин келээринди. Атасы ыйлай берди.

-Болду ата ыйлабан. Эми баары жакшы болот. Экоо копко суйлошуп отурушту. Берки кыз болсо оозун ачып экоону алмак салмак карайт. Абасынын эч кимиси жок деп ойлоочу ал. Азыр Аруузатты коруп ичинен ага суктанып карап турду. Узун койнок жакшынакай жоолук озуно жарашыптыр баары.

-Кеттик ата мени менен жашайсызбы? Атасы мындайды кутпосо керек.

-Каяка балам. Мен эми ушул жерде эле олом го сага жук болбой. Аруузат жылмайып кулду.

-Антип айтпан ата ата эне да балага жук болмок беле. Уйго баралы калганын анан суйлошобуз. Ала турган жугу деле жок экен. Ошол бойдон эле ээрчишип унаага отурушту да жоноп кетти. Уйго алып барды. Дароо эле жуундуруп ысык тамак жасады оз колдору менен. Базарга ээрчитип барып кийим тандап алып берди. Кечке чарчап уйго келишти. Экоо дасторкон чекесинде суйлошуп отурушту.

 

 

-Ушундай дечи балам. Сенин да корбогонун кор болгон тура. Мен болсо бир ата болуп сен учун эч нерсе кылалбадым. Дагы ушунча ата деп издеп келипсин. Олсом соогум ыраазы сага. Атасы жер карады.

-Мен да сизди тапсам урушам дечумун мени таштап кеткени учун окунуп ыйлатам дечумун. Бирок бара бара ал оюмдан кайттым. Себеби сизде деле мумкунчулук болбогондур мага барышка дедим. Кийин ал жек коруум сагынычка айланып санаа болуп саргайды. Кантип эле тируу болсо эле таап барсам болбойт дедим. Анан шаштым. Табышым керек дедим. Кудайга шугур сизди таптым. Эми балалык милдетимден кутулам.

-Садага болоюн тилегинден сенин акылсыз атанды кечир кызым. Эми сен айткандай жашайм. Эрксиздик кылып ичкиликке берилдим. Куноолумун алдында.

-Эми баары жакшы болот. Ата. Менден эмес кудайдан кечирим суран эми деле кеч эмес . Ичпен ушу жашта ичкен уят эле нерсе да.

-Ооба эми болду такыр ичпейм. Экоо тун оогончо суйлошуп турушту. Эртеси ишке келди. Глав врач баары менен тааныштырды.

-Мына таанышып алгыла бул Аруузат Тенирбердиева. Окуусун Дубайдан бутуруп келиптир . Бардык тармакты билгендиктен азырынча балдар болумуно койдум. Мыкты кадр. Билбегенин уйротуп жакшы иштешип кетесинер деп ойлойм.

-Албетте оа оа дешти баары бир ооздон. Детский врачтын жанынан орун беришти. Ангыча эшик тыкылдап баласын которгон келин куйоосу менен киришти.

-Роза эже жакшысызбы, мына сиздин жардамыныз менен балам жакшы болуп калды. Муну сизге ыраазычылык деп алып келдим. Куйоосу акча сунду.

-Эч нерсе эмес буруса чыгасынар. Бул дарыларды да ичсин. Роза эже акчаны алып дары жазылган кагазды берди. Алар чыгып кетишти. Аруузат унчукпай карап турду. Чыгып кетишкенден кийин сурады.

-Роза эже неге акчасын алдыныз?

-Эмнеге албашым керек оздору берип жатса. Мага да акча керек. Бала чакам бар аларды окутушум керек.

-Эмне сизге айлык толонбойбу?

-Толонот албетте. Эми оздору ыраазы болуп берип атышса албай кое албайм да.

-Роза эже сизге ыраазы болуп берип жатыщат деп ойлойспу алар. Балам жакшы болуп кетсе болду деп ошого кайыл болуп берип жатышпайбы?

-Аруузат сен алдында машине ата энендин аркасы менен белгилуу университеттм бутуруп келип алып акылдуу боло бербе мага. Жетпейт ошо айлык мага ошондуктан алам.

Аруузат ызаалуу кулду.

— А сиз бир жолу урунуп корун албай корун ошо айлыктын да берекесин берсе жетет баарына. Ошого шугур деп корсонуз сиз биринчи. Эмне мени ушинтип акча алып машина алып каалаган нерсесине жетип атат деп ойлойспу. Бул учун канча жылдарым кетти. Канча тундорду ыйлап атырдым.Эгер билсениз ушунча окуп иштеп журуп мен Дубайдагы врачтардын бир да акча алганын коргон жокмун. Акча алганды алар кудай алдында эн чон куноо деп эсептешет. Кылмыш деп билишет. Сиз корбосонуз мен корбосом а бирок тободо кудай коруп турбайбы баарыбызды. Алар акча берсек балабызды жакшы карашат деп анан берип жатышпайбы. Неге баардык нерсени акча менен олчойбуз. Менин ата энем жок оз кучум менен окуганмын кайнасам каным кошулбаган адамдар жардам беришкен. Билсениз зачет экзамен кундору студенттер туну менен китеп канадан чыгышпайт. Алар учун адам омуру баарынан кымбат. Окушат экзаменден кулаганды намыс корушот. Алар баарын оз мээнети мене табышат. Барына шугур деп жашашат. Ошондуктан алар гулдоп онуккон дуйно жузун тангалдырганга жетишип жатышат.

 

Аруузат коп соз суйлоп жиберди. Роза эже оозун ачкан бойдон карап туруп калды. Озунон жаш бул келинден мындай соз угам деп ойлобогон эле.

Аруузат жини келгенин жашырып сыртка чыгып кетти. Эшикке чыгып терен дем алды. Озумдон улуу аялга катуу айтып алдым неге мындай дедим деп бушайман жеп турду. Бир маалда оорукананын алдына бир машина келип токтоду. Ичинен шашкалактап бир аял тушту колунда ымыркай. Аруузат чуркап жетти.

-Эмне болду?

-Туубаса козу кор торолгон болчу ушинтип дем тартпай жатып калчу болду бирок тез эле отуп кетчу бул жолу алып келишке мажбур болдум айланайвн жардам берегор. Аруузат ымыркайды бооруна кысып чуркап жоноду. Тез эле врачтар чогула калышты. Жандандыруу болумуно алып киришти.

-Судуруго болуптур. Жасалма дем алдырышты. Аруузат баланы жаткыра коюп белинен ойдо массаж жасап кирди. Тандайына соомой колун салып тилин бери коздой тартты. Ошондо гана бала алсыз кынылдады. Бетине бираз кан жугурду.

-Оох кудайга шугур деди ичинен. Дароо женил ороп жаткыра коюп тамырын издеди. Тез эле тапты да ийнени сайды. Калгандары Аруузатты карап турушуптур. Мындайдын кобун коргон Аруузат эч нерсе дебеди. Унчукпай сыртты коздой жоноду.

-Азаматсын дешти баары. Каридор менен ойлуу басып баратып кимдир бироону жоолоп кетти.

-Кечиресиз.

-Аруу.

Шарт башын которду. Журок байкуш тыбырчылап жиберди. Канчадан бери мындай сезимге чанкаган журогу турсул согуп жатты.

-Сиз? Бул Калыс болчу.

-Аруум менин. Калыс тил учунда шыбырады. Ал дайым Аруум таптазам дечу. Аруум деп мындан башка эч ким айтчу эмес.

Аруузат козунон аккан жашка ээ боло албады. Чуркап жоноду. Аркасынан кыйкырган Калыска да карабады. Оорукананын аркасындагы бакчага отту. Оксуп оксуп ыйлады. Ушунча жыл отсо да аны унутпаган журогуно капа болду. Тим эле коргондо тыбырчылады го. Демек унутпаптыр да. Елена айтмакчы ушул сезимден канчалаган жылдар качып ошол эле маалда ушул сезимден жапа чегип журбоду беле.

-Аруум ыйлабачы,кечирчи мени деди артынан чуркап жеткен Калыс.

 

Адамдар кызык мен чарасыз калганымда мени эстеген адам деле жок болчу эми карасан баары кечирим сурашат.

Экоо скамейкалардын биринен орун алышты.

-Кайда журдун ушунча убакыттан бери?

-Дубайда.

-Даа. Мен сага ишенгемин. Акыры максатына жетипсин да Азаматсын!

-А сен эмнеге мен жонундо сурабайсын?

-Эмнеге сурайын.

-Кызыгы жокпу эмне?

-Ал кундор откон сизге кызыккан убактым алда качан отуп кеткен.

-Кечирчи мени?

-Кечирим сурабан кудайым биздин тоодой куноолорубузду кечиргенден кийин пенделери кечирбегидей ким болуп калыптырбыз. Мен баягы улбурогон Аруу эмесмин. Жашоо мени каалагандай аласалдырды. Турмуштун запкысынан кайраттуу да сезимдери ташка айланган аял болдум.Бул жерге неге келдиниз тынччылыкпы?

-Ооба эки айдан бери балам менен алышам. Эсин жоготуп жатат тынбай. Ошого алып келгем ичирбеген дарыбыз калбады.

-Баланыздын коз корбойбу эмне? Калыс дароо башын которду.

-Сен аны кайдан билесин?

-Азыр ошо баланы кабыл алдык. Калыс тунжурап туруп суйлоп баштады.

Сени алам деп оолугуп жургонумдо атам банкрот болуп калды тез аранын ичинде карыздардан кутулушум керек болду. Анын устуно ата энеси жок экен деп апам оолукту сени. Ата энелуу кыз алперебиз дешти. Сага кантип айтат элем апам ушинтип атат деп. Сен ансайын ыйламаксын. Кантээр айламды таппадым. Сенсиз озум да кыйналдым эзилдим. Уйумдогулорго очошуп ар кыз менен суйлоштум. Канчасы кучагымдан отту. Бирок бир нерсени тушундум. Мен сенсиз эч ким эмес экенмин. Озумчул экенмин озумду гана ойлопмун азыр эстесем. Акыры менден башка кимин бар эле сенин? Бир гана мага ишенчу эмес белен? Ушундай кысталышта унчукпай таштап басып кеткенимди эстесем жанымды коерго жер таппайм. Сенин коз жаштарын мени тынч койгон жок. Турмушка чыкканынды укканда басып барып жетелеп чыгып кетким келди. Бирок ал да колумдан келбеди. Эрким жетпеди. Озумду озум жеп бутурдум. Акыры Максатка жолугуп болгонун болгондой айттым. Муну менен сенин жашоонду ансайын оорлоштуруп койгонумду билсен кана? Ошол кундон баштап ал сенин кадамынды андый баштады. Жок жерден уруш чыгарды сени кордоду. Бирок бул жерде сенин куноон жок болчу. Сен аруусун Аруузат сен таптаза болчун. Бир да куноон жок бирок менин куноомдун жазасын сен тарттын. Сен баарына бирдей жакчусун. Кайынжуртунда да бироонон сени жаман деген созун укпадым. Артвндан андып эзилип буттум. Балалуу болгонунду укканда биротоло кеттим. Бирок умутумду узо албадым. Мен сени гана суйдум Аруум менин. Кечир эгер колунан келсе. Анан нары бери чабылып журуп бирооно туш болдум. Сенден боюмда бар деп тийди мага. Атаэнем айткандай атаэнеси бир туугандары бар. Бирок сендеги нерселердин бири да жок болчу. Каяша суйлоп беттен алчу. Ата энесине байлыгына ишенчу. Сенин кадырына кеч жеттим. Мойнунан байлаган иттей жашоом ото берди. Уул тороду. Эки козу тен туубаса кор экен. Боюнда барда тамеки чеккен экен. Мен аны кайдан билдим озум менен озум болсом. Анан таштап кете берди. Сенин ажырашканынды укканда Максатты барып олоорчо сабадым. Колумдун кычуусу канбады. Артындан издеп бардым бирок сени таппадым Москвадан. Дарегинди эч ким билбейт экен.Мен акмакты кечир.

Аруузат эч нерсе дебеди. Иш убактасы болгону учун ордунан турду.

-Сен каяка Аруум мени таштап кетесинби сенда?

-Азыр иш убактысы Калыс кетпесем болбойт.

-Качан жолугабыз?

-Билбейм. Анда номеримди берейин бошогнодо чал.

-Макул. Иш убактысы бутту. Азыр эле балдарын алып келууго жоноду антпесе сагынат экен. Жолдо баратты. Салондун ичинде озу жакшы коргон ыр жанырып жатты.

Мен сени сагынган бойдон журом

Баладай багынбай убакытка.

Мен сени сагынган бойдон журом

Тумардай тагынып моюнума.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️