Пример HTML-страницы

Кирпигиңиз узун болушун кааласаңыз.

https://kyrgyzcha.site/?p=21866&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КИРПИГИНИЗДИН УЗУН БОЛУШУН КААЛАСАНЫЗ………

 

Кирпиктерин ар кандай жолдор менен өстүрө берип аягында жаратылыш берген табигый кирпиктери суюлуп калган айымдарыбызга бул табылгыс кеңеш. Себеби төмөндөгү ыкмаларды үй шартында аткаруу менен кирпигиңизди өстүрүп, узун кыла алсыз.

 

 

 

Кастор же зайтун майы

 

Уктарга жарым саат калганда зайтун же кастор майын жылытып кирпигиңизге туш щёткасы менен сүртүп жатыңыз.

 

Лимондун кабыгы

 

Лимондун кабыгын майдалап туурап, ага зайтун майын жылытып куюп туруп бир жума коюп коёсуз. Бир жума өткөн соң даяр болгон массаны кирпигиңизге сүйкөй берсеңиз болот.

 

Вазелин

 

Күнүгө кечинде уктарга жарым саат калганда кирпик туштаган щётканы вазелинге салып кирпигиңизге сүртүп жатыңыз. Бирок бир күнү вазелин колдонсоңуз, экинчи күнү кастор майын колдонуңуз.

 

Көк чай

 

Табигый көк чайды кадимкидей эле демдейсиз. Чай муздаган соң кездемени чайга салып көздү жумуп үстүнө коёсуз. Бул ыкма кирпикти гана өстүрбөстөн, көздүн тегерегине бырыштардын түшүүсүнүн алдын алат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE