Пример HTML-страницы

Керектүү кеңеш

https://kyrgyzcha.site/?p=11866&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Керектүү Кеңеш.

 

Ооруп калсаң эмне кылуу керек?

Тезинен:

1. Бутту ысык сууга салып, 40 -50 мин. жылуу чүмкөнүп отуруп терде! Анан кийимди чечип денени сүртүп жаңы кийим кийип төшөккө жатып уктап кал. Катуу тердегенде гана бат айыгасың! Тердебесең ооруп жүрө бересиң.

2. Адырашмандын коюу түтүнүн ооз менен ууртап жытта. (интернетте Гармала, Могильник). Тамакка жабышат. Дагы 3-4 жолу ууртасаң өпкөнү ачыштырат. Көздөн жаш, мурундан чимкирик кетет. Жөтөлөсүң. Мына ушул керек! Чыдап, эс алып кайра дагы жаса. Уйдүн ичине, иштеген бөлмөлөргө, оорулуу жаткан больницадагы палатага күнүнө 2 жолу түтөт. Эч кимди укпай түтөтө бер! Башкаларга да пайда болот!

Дезинфекцияга, маскага ишене бербе. Дезинфекция деген 2 эле саатта жок болот. Медиктер ушуга, китайский костюмга, маскага алдатып ооруп жатышат. Элге да жугузуп жатышат. Марлиден маска тиктирип алган туура!

3. Эрменди чылап 1 чыны ичип жибер. (Аллергиясы барга болбойт!) Кийин 1 чоң кашык менен айыкканча ичип тур. Эрменге микроб чыдабайт. Малдан эрмен жеген эчки гана оорубайт. Шыбак дагы пайдалуу! Уйдү ошону менен шыпыр. Ар кайсы жерге таштап кой.

4. Кочкордун тузу менен тамакты чайкап жутуп тургула. Баштык жасап алып майдаланган тузду чаңдатып жыттаган дагы сонун жардам берет.

Мурунга соргула. Каңылжаарга тамакка киргизгиле!!! Алар вирустар көбөйчү инкубаторлор.

5. Бал+ алоэ ич. Күчтүү антисептик! Язваны 10-15 күндө эле жок кылат. Демек бул микробту да өлтүрөт.

6. Аптекада коробкадагы сбор для здоровья, для почек ж.б. чогултуп кезеги менен чайдай дем деп иче бер. Антисептик! Суюктукту көп ичүу менен вирустарды чыгарыш керек.

7. Сорпо, ак серке ж.б. күчтүү тамак ичүү керек.

8. Абаны оозуңдан катуу Фууу!- деп улам-улам катуу үйлөп чыгарып тур.

9. СССРде берген антибиотиктерди ичкиле. «Большая Советская Медицинская Энциклопедия»-деген китепти окугула, башка окуу куралдарды да көп. Интернетте турат. Гриппти кантип дарылай турганы баары жакшы жазылган.

10. Таза абада, суунун жээгинде катуу көп баскыла. Чуркасаңар да туура болот. Күшүлдөп бышылдаганда вирустар өпкөдөн ыргып чыгып кетип турат.

11. Паника болбо! Позитив! Кабакты бүркөбө! Онтобо, наалыба! Жакшыны ойло, сүйлө! Күмөн санаба, коркпо! Жаманды такыр ойлобо, айтпа, укпа!!!

Ушуларды жасап бат эле айыкса болот экен!!!

Минздрав түшүнсө, акчанын көбүн көчөгө талаага чачпай ушуларды пайдаланса, реклама кылса жакшы болмок! Канчалаган адамдарды айыктырып, аман алып калмакпыз!

Ар кайсы группаларга жарыялап элге таратып жардам бергиле.

 

Уланбек Алышбаев…

 

Ылайым эле оорубаңыздар ?

 

Окуп жана пикир калтырыңыздар мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет…#пайдалуу

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE