Пример HTML-страницы

Казан аяктыда туура кагыштырыш керек.

Пайдалуу кеңештер.

Казан-аяктыда туура кагыштырыш керек.

 

Уруш убактысында жубайлар сак болуусу керек:

 

1. Ата-энелер тууралуу сөз козгобоо. Жубайлар урушуп жатканда бири-биринин ата-энесин айтып, аларга нааразычылыктарын билдирбеши керек. Жарашканыңыздар менен түгөйүңүз ата-энеси тууралуу айткандарыңызды узак жылдар унута албашы мүмкүн. Урушка ата-энелерди кийлигиштирбөө зарыл. Экөөңүздөр табышып жакшы мамиледе болгонуңуздар менен эки тарапта бири-бирине болгон жек көрүү жашап, сыйдан кетип калышат.

 

2. Күч колдонууга жеткирбөө. Айрым үй-бүлөдө бири унчукпай калгандын ордуна күч колдонушуп мушташа кетишет. Аял өзүн коргоп эркек менен алышканы менен бул эки жаштын ортосундагы сүйүүнү жок кылып, сезимди муздатат. Колдон келсе эркекке эрегишпей, аны кол көтөрүүгө жеткирбөө керек. Бир жолу урган эркек экинчи жолу да кол көтөрөт.

 

3. Ажырашуу тууралуу айтпоо. Жубайлар ачууга алдырган маалда алардын бири ажырашуу тууралуу сөз баштап жиберишет. Бул окуя дайым улана берсе, ортодогу мамиле солгундап, айтканыңыз аткарылып түгөйүңүздү жоготуп алышыңыз мүмкүн. Андыктан түгөйүңүзгө катуу ачууңуз келген маалда ичиңизден санай баштаңыз же башка нерсеге алаксыңыз.

 

4. Уруштан качып үйдөн алыс жакка кетпөө. Кинодо жубайлар урушканда бири кетип, экинчиси артынан чуркап кечирим сураган кадрлар абдан көп. Бирок бул көрүнүш реалдуу жашоодо дайым андай кайталанбайт. Кетип алып, кайра бара албай жүргөндөн көрө унчукпай жеңилүү зарыл. Анын ачуусу таркаган соң акырын айтып чечип алса болот.

 

5. Өтүп кеткен урушту айтып эстетпөө. Кээ бир жубайлар уруш башталганда күнөөлүү экенин мойнуна алгылары келбей өткөндөгү урушкандарын эстетип, “ошондо сен минткен болчусуң” деп урушту ырбатып жиберишет. Ошондуктан эч убакта өткөн ишти айтпоо керек.

 

6. Өз-өзүнчө жатып албоо. Бул ортодогу мамиленин муздашына жол ачат да, түгөйлөрдү ажырашуу тууралуу ойлонууга мажбур кылат. Андыктан канча кырылышкан күндө да эч нерсе болбогондой бир төшөккө чогуу жатыңыздар. Эки тарапты карап жатканыңыздар менен уктаган соң көнгөн адатыңыздарча бири-бириңиздерди кучактап аласыздар.

 

 

 

Жаңжалды ырбатып жибербөө үчүн:

 

1. Укканды үйрөнүңүз. Урушту түгөйүңүз баштап калса унчукпай олтуруп аягына чейин сөзүн бөлбөй укканга аракет кылыңыз. Жыйынтыгында ал сизди эмне себептен урушуп жатканын толук билесиз. Эгер түгөйүңүз болбогон эле жерден ачууга алдырып кыйкырып жаткан болсо, сиз демиңизди ичиңизге басып жай айтып түшүндүргөнгө аракет кылыңыз.

 

2. Өзүңүздү колго алыңыз. Таң атпай, түгөйүңүз жумушка кетип жатканда, тамактануу учурунда, конокто олтурганда уруш баштабоо керек. Эгер уруш башталып кетсе, өзүңүздү колго алып, эмоцияга алдырбай унчукпай калуу зарыл. Себеби эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө конокто, теңтуштарынын жанында аялын башкарган киши катары көрүнүп койгонду жактырышат.

 

3. Жолдошуңуздун көзү менен караңыз. Бул сөз чектен чыга кызгангандар үчүн деп айтсак жаңылышпайбыз. Жолдошуңуздун ишин такыр түшүнө албай жатсаңыз, болгон окуяга жолдошуңуздун көз карашы менен караганды үйрөнүңүз. Ал кабылган окуяны сизге сүрөттөп берсин, бул учурда сиз эмне кылмак элеңиз. Ошондо гана чырдын түбү кайда жатканын түшүнөсүз.

 

4. Кемсинтпеңиз. Бирге түтүн булатып жаткандан кийин эч убакта бири-бириңиздерди кемсинткен сөздөрдү айтпаңыздар. Аны кемсинткен сөз айтып капа кылуунун ордуна «сен ачууң келгенде сулуу көрүнүп калат экенсиң, мен такыр билбептирмин» деп ага жаккан сөздөрдү айтсаңыз, урушуп жаткан түгөйүңүз аргасыздан жылмаят.

 

5. «Сенин» деген сөздөрдү айтпаңыз. «Сенин досторуң», «сенин туугандарың», «сенин айыңдан…» деген сыяктуу сөздөрдү айтып ал тарапты жерге чаба бербеңиз. Бул сөздөрдү айтуу менен сиз бөлүнүп, аларга боор тартпай жатканыңызды билдирип коёсуз. Анын үстүнө эртең эле ал кабылган окуяга сиз кабылып калышыңыз толук мүмкүн. Андыктан бул сөздөрдү такыр оозуңузга албаңыз.

 

6. Суракка алганды токтотуңуз. «Эмне үчүн сен?..» деп ар бир иши, сөзү үчүн аны суракка ала бербеңиз. Бир айттыңыз болду, экинчи ирет кайталабаңыз. Айтканыңызды торгойчосунан кайталай берүү менен аны өзүн коргонуу эрежесине же сиздин сөзүңүздү этибар албаганга үйрөтүп аласыз.

 

 

 

Жаңжалдан соң кантип жарашуу керек?

 

1. Кечирим сураңыз. Кээ бир жубайлар урушкандан кийин 2-3 күндөн бир жумага чейин бири-бирине сүйлөбөй жүрө беришет. Бул туура эмес. Андыктан урушкандан көп өтпөй ачууңуздар тараганда «сен жана ушул сөздү айтканда мага катуу тийди, эгер мен дагы сага катуу сөз айткан болсом кечир» деп кечирим сурап, колдон келсе тез эле жарашканга аракет кылыңыз. Көпкө тултуюп жүрө берүүнүн аягы жакшы болбойт.

 

2. Сюрприз кылыңыз. Түйгөйүңүздү катуу таарынтып алып, ал чечилип сүйлөбөй жатса аны кафеге чакырыңыз же ал жакшы көргөн тамакты жасаңыз. Айтор, аны менен көп убакыт бирге болуунун жолун ойлоп табыңыз. Бирге олтурган маалда жакшы окуяларды, жаңы таанышкан күндөрдү айтып берип таарынычын жазыңыз.

 

3. Талап коё билиңиз. Акылыңыз болсо кичине болсо дагы талап коюу менен аны туура жолго салганды үйрөнүңүз. Бирок эч убакта болбой турган ишти айтып анын көңүлүн калтыра турган талаптарды койбоңуз. Бул сиздин жарашууга эмес, ажырашууга койгон биринчи кадамыңыз болуп калат.

 

 

 

Казан-аяк кагышканда…

 

Нурбек Дайырбек уулу:

https://kyrgyzcha.site/?p=21847&preview=true

– Казан-аяк кагышып кеткенде көбүнчө мен унчукпай, урушту ырбатып жибербейин деп сыртка чыгып кетем. Уруштан соң келинчегим биринчи сөз баштамайынча таптакыр сүйлөбөй, сүйлөсө чечилип сүйлөбөй, кыска жооп берип жүрө берем. Кээде гана өзүмдү күнөөлүү сезгенде биринчи сөз баштап андан кечирим сурайм.

 

Камчы Сарыбаев:

https://kyrgyzcha.site/?p=21847&preview=true

 

– Чыныгы идеалдуу үй-бүлө болуш үчүн анча-мынча уруш да болуп туруш керек. Бизде абалга жараша мен күнөөлүү болсом мен, ал күнөөлүү болсо ал үндөбөй калат. Талашыбызга мен күнөөлүү болуп калсам, сыртка чыгып тамеки тартып, 1-2 саат үйдү тегеренип келем да, эч нерсе болбогондой сүйлөп баштайм. Келинчегим да кечирим суроону талап кылбайт. Экөөбүз таптакыр урушпагандай сүйлөшүп кетебиз.

 

 

 

Венера Сатылганова:

https://kyrgyzcha.site/?p=21847&preview=true

 

– Негизи мен такыр уруша албаган жанмын. Турмушка жаңы чыккан кезде бир жумага чейин сүйлөбөй коркутуп жүрө берчүмүн. Мурат кыйналып кетчүбү, “сүйлөбөй койбой, мени менен айтышып-тартышып урушчу” деп жиберчү. Балалуу болгондон кийин балам үчүн бир жума эмес, 2-3 күн эле таарынмай болгом. Азыр болсо күндүз урушсак, кечинде жазылып калам. Себеби жолдошум менин таарынып жатканымды туурап, куудулданып мени күлдүрүп капамды жазып алат.

 

Нена:

https://kyrgyzcha.site/?p=21847&preview=true

 

– Жолдошум экөөбүздүн урушка мен күнөөлүү болсом кечирим сурап, жарашуу үчүн ага жылуу сөздөрдү айтып баштайм. Эгер жолдошум жок жерден уруш баштаса, ал кайра күнөөсүн мойнуна алып кечирим сурамайынча бир жума болсо дагы сүйлөбөй жүрө берем. Түгөйүм мени менен жарашуу үчүн болгон аракеттерин кылат. Андайда мен ага сөзсүз бир талап коём.

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE