Пример HTML-страницы

Карылыкты чакырган адаттар.

https://kyrgyzcha.site/?p=35523&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАРЫЛЫКТЫ ЧАКЫРГАН АДАТТАР.

Бүгүнкү биздин заманбап жашообузда карылыкты өз маалынан эрте чакырган факторлор көп экен. Алардын ичинен төмөнкү 10 адат жаштыгыңыз менен өзгөчө тез коштоштуруучу адаттар. Кеч боло электе алардан арылып, жаштыгыңызды сактап калыңыз.

 

1.     Тамеки тартуу

 

Тамекинин биздин организмибизге тийгизген терс жактары оголе көп экенин билебиз. Алар менен катар тамекинин түтүнүндөгү химиялык заттар теринин клеткаларын кычкылтектен ажыратат. Мындан тышкары бул адат оозуңуздун айланасына бырыштардын түшүшүн шарттайт. Тамеки чегесизби же тамеки чеккен адамдын жанында болосузбу, анын түтүнү териге терс таасир этет. Болбоду дегенде өз жашыңызга 5 жаш кошуп берет.

 

2.     Алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуу

 

Алкогол заара кубалоочу каражат болуп саналат, көп ичкенде ал организмди кургатып коёт. Андан улам теридеги табигый нымдуулук жоголуп, сиз өз жашыңыздан улуу көрүнөсүз.

 

3.     Аз уктоо

 

 

Айрымдар көп нерсеге жетишүү үчүн суткасына 24төн көп саат болушун каалашат. Уйку тууралуу акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, 7 сааттан аз эмес уктоо оптималдуу вариант болуп эсептелинет. Ал эми суткасына 5 же андан аз убакыт уктасаңыз, күзгүдөн өзүңүздүн жагымсыз келбетиңизди: көздүн астындагы шишиктерди, бир нече килограмм ашыкча салмакты көрө аласыз. Мындан тышкары энергияңыздын азайып, жумушка көңүлүңүз чаппай калганын байкайсыз.

 

4.     Отуруп иштеген жашоо образы

 

Күн бою бир орундан турбай иштөө бөйрөктөрдө, жүрөктө жана кан тамырларда маселе жаратат, ашыкча салмакты пайда кылат. Күн бою жарыкты жана күндүн нурун көрбөгөн теринин абалын айтпай эле коёлу. Эгерде сиз ушундай жумушта иштесеңиз, сөзсүз түрдө жумуштан кийин спорт менен машыгууңуз керек болот.

 

5.     Косметикалык каражаттарды ашыкча көп колдонуу

 

Териде жаралган ар кандай маселелер жашыңызга жаш кошот. Косметологдор бекеринен бет терисине жаш кезден баштап кам көрүү керек экенин эскертишпейт. Ошол эле косметологдор косметикалык каражаттарды көп колдонуу айымды карылыкка жетелерин да айтышат. Анткени алардын бардыгынын курамында спирт бар, а спирт терини кургатып, бырыштын өз маалынан эрте түшүшүн шарттайт.

 

6.     Үйдөгү жогорку температура

 

Кышында бет териңиз тууралуу көбүрөөк ойлонууга мажбур болосуз. Азыр сөз эшиктеги аяз тууралуу болуп жаткан жок, тескерисинче, үйдөгү жылуулук тууралуу болуп жатат. Адистер кышында үйдөгү температураны жогорулатууну сунушташпайт. Болбосо ысык абадагы нымдуулукту жок кылып салат. Бул болсо теринин кургашына, ар кандай сезгенүүлөрүнө алып келип, акырында терини картайтып салат. Эгерде бөлмөдөгү температураны азайтууга мүмкүн эмес болсо, терини нымдандыруучу каражаттарды көбүрөөк колдонуңуз.

 

7.     Көмкөрөдөн жатып уктоо

 

Көмкөрөдөн жатып бетти жаздыкка катып уктоо да картаюу процессин тездетет. Тез картаюуну каалабасаңыз, чалкаңыздан жатып уктаңыз.

 

8.     Майсыз тамактануу

 

Айрымдар туура тамактануу, диета эрежелерин өтө эле катуу кармашат. Келбетине ашыкча кам көрүү менен майлуу тамактарды рационунан биротоло алып салып туура эмес кылышат. Бул жерде майдын сапатына көңүл буруу керек. Мисалы, майлуу балыктын, жаңгактардын курамында кездешүүчү омега-3 кислотасы теринин чыңдыгына жооп берип, бырыштардын алдын алат. Андыктан, жаштыктын узакка созулушун кааласаңыз, бул пайдалуу май бар азыктарды жумасына эки жолу жеп турушуңуз керек.

 

9.     Таттууну сүйүү

 

Десерттен баш тартпагандарда эрте картаюу коркунучу бар. Анткени организмдин клеткаларында канттын молекулалары белок менен кошулат. Мындай бузулган процесс теринин соолушунун, көздүн астындагы шишиктин, терең бырыштардын себепчиси болот.

 

10.   Экран алдында көп убакыт өткөрүү

 

Телевизордун же компьютердин экранынын маңдайында көп убакыт өткөрүү жаштыкка жана сулуулукка терс таасирин тийгизет. Сиз эркандын алдында канчалык көп отурсаңыз, организмде канттын запасы ошончолук көп чогулат. Бул болсо ашыкча салмакка жеткирет. Экранды тиктеп отуруп өткөргөн бир саат болжол менен 22 мүнөттүк өмүрдү кыскартат. Сиз да теле же интернет сүйүүчүсү болсоңуз, ар жарым саат сайын туруп атайын көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

 

11.    Күндөн коргонбоо

 

Күндүн зыяндуу нурларынан коргонбоо да карылыкка эрте моюн сундуруучу адаттардын бири. Эсиңизде болсун, ультрафиолет нурлары аба-ырайынын кандай экенине карабай бар болот, андыктан териңизди андан сактоо үчүн күн бүркөлүп турганда учурда сыртка чыксаңыз да атайын күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз. Ультрафиолет нурларынын астында көп болуу теринин клеткаларын жана кан тамырларды алсыздандырып коёт. Бул болсо теринин серпилгичтигинин азаюусуна алып келет. Ошондой эле тери рагынын пайда болуу коркунучу жогорулайт.

 

12.   Стресс

 

Өнөкөт стресс клеткалардын түзүлүшүнө олуттуу коркунуч туудурат. Мындан улам организм бат картаят. Адатта биз стрессти өзүбүз чакырып алабыз. Жашооңузда тынчсыздануулардын саны аз болушу үчүн баарын өз убагында кылып жетишүүгө аракет жасаңыз.

 

13.   Түндө макияжды өчүрбөө

 

Күндүзү жасалган макияждын терибизге канчалык деңгээлде зыян келтирерин билбей кээде аны өчүрбөй эле уктап калабыз. Биздин терибиздин өзүнүн биоритми бар, ага ылайык түнкү саат 12ден баштап таңкы саат 4кө чейин тери бетинде болгон нерселердин баарын “жутат”. Эгерде макияжыңызда өчүрбөсөңүз, анда косметика, чаң, күн бою бетиңизге чогулган кирдин баары теринин терең катмарына сиңип кетет. Бул теринин дем алуусун бузуп, ар кандай безетки, аллергиялардын себепчиси болот.

 

14. Сууну аз ичүү.

 

Биздин организмибиз жана терибиз өмүр бою нымдуулукка муктаж болот. Андыктан күнүнө 6-8 стакан суу ичип туруңуз. Эгер суунун өзүн ичүү кыйындык жаратса, бир аз лимон ширесин кошуп алыңыз. Суу бизди эрте картаюуга мажбур кылган токсиндерди жана бардык зыяндуу заттарды организмибизден айдап чыгат

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE