Каракол шаарынын борбордук аянтына 25 метрлик флагшток орнотулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтка 25 метрлик флагшток орнотулуп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, тууну орнотууга Түркияда иштеген кыргызстандык ишкерлер демөөрчү болууда.

«Туу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына карата орнотулууда. Анда желекти илүү, түшүрүү функциясы автоматташтырылган болот. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат. Аны ачууну 7-ноябрь — Ата-балаларды эскерүү күнүнө пландалууда», — дейт Каракол шаарынын вице-мэри Эрлан Айсаракунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️