Кара-Көл шаарында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

Анда футзал боюнча «Мурас-Аймак» турниринде Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү 1-орунду багындырганы үчүн Теңдик Сабырбеков, Бакай Каратаев, Нурсултан Алымбеков, Сүйүнбек Каримов, Ибрагим Нуров, Асандар Чынасылов 1-ноябрь милициянын 100 жылдыгына карата шаардык мэриянын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️