Кара-Көлдүн Жазы-Кечүү айылында сел тосмолору тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында сел тосмолору тазаланды.

Маалым болгондой, шаарга караган Жазы-Кечүү айылындагы жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2012-жылы 5 сел тосмо курулган. Бирок сел тосмолор 6-7 жылдан бери тазаланбай, көбү толуп калган.

Шаар мэри тургундар менен жолугушкан учурда аймактын тургундары сел тосмолордун курулушу боюнча маселе көтөрүп, жаан-чачын мезгилинде айылды суу каптап, кыйынчылык жаратып жатканын айтышкан. Техника тартылып, каражат маселеси чечилип, 3 сел тосмо тазалоодон өткөрүлдү.

——————————————————————

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Пример HTML-страницы

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️