Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында реконструкциядан кийин «Манас» спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун тургундары катышты.

Ошондой эле жаңыланган стадиондо «Кыргызалтын» (Кара-Балта шаары) жана «Талант» (Беш-Күнгөй айылы) клубдарынын ортосунда беттеш өттү.

Кыргызстандын футболдук союзунун басма сөз кызматы билдиргендей, «Манас» спорт комплекси «Кыргызалтын» клубунун окуу-машыгуу базасы болот.

Жаңыланган спорт комплекси 4,92 га аянтта жайгашкан. Анда мейманкана комплекси, жеңил атлетика кышкы манеж, жабык бассейн, бокс жана күрөш залдары, толук өлчөмдөгү футбол талаасы жана эки кичи талааны камтыйт.

Пример HTML-страницы

Футбол аянтчасы 2150 орундуу жана 100 унаа токтотуучу жай бар. Кечки убакта да ойноого мүмкүн болгон жарыктандыруу менен камсыздалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️