Пример HTML-страницы

Кандай кайнененин келинисиз ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=20609&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАНДАЙ КАЙНЕНЕНИН КЕЛИНИСИЗ?

 

Келинине жакшы мамиле кылган кайнене бар, жаман мамиле кылган кайнене бар… Айтор, кайненелердин түрү да көп, сыры да көп. “Эмне себептен улам ушундай? Эмне үчүн баары бирдей эмес?” деген суроолорго астрологдор жоопту таап коюшту. Көрсө, ар бир кайнененин сыры анын жылдыз белгисине жараша болот экен.

 

 

 

Кой-кайнене

 

Келинин эң биринчи жолу көргөндө эле өзүнө жакканын же жакпаганын дароо айтат. Башкача айтканда, анын сөздөрүн укпай туруп, жүзүнө карап туруп эле кандай экенин баалап коёт. Дайыма өзүнүн уулунун (күйөөңүз) же кызынын (кайын сиңдиңиз) таламын талашат. Эгер кокус кайненеңизге жакпай калсаңыз, өмүр бою “баламдын башын айлантып тийип алгансың” деген сөздү угуп жүрүп өтөсүз. Көпчүлүк учурда сиздин жиниңизге тийиш үчүн гана жаман сөздөрдү айта берет. Бирок алар чын дилинен эмес. Ошондуктан анын сөздөрүн кулагыңыздын сыртынан кетирип коюңуз, таарынбаңыз. Сиз бошобой жатсаңыз да, ооруп жатсаңыз да үй жумуштарына жардам берүүнү каалабайт. Эч кимге сизди мактагысы келбейт, тескерисинче, “кирди чала жууйт, тамакты начар жасайт…” деген сыяктуу жамандап коёт. Анткен менен мыкты чоң эне. Балдарыңызды кайда алпарып эс алдырууну, эмне сатып бериш керектигин айттырбай билет. Алардын мектепте мыкты окушуна да көзөмөл кылат.

 

 

 

Букачар-кайнене

 

Уулуна кичинекей кезинде эле чоңойгондо кандай кызды алып берерин пландап койгон. “Бул кыз сага ылайыктуу, ушуну аласың” же “буга үйлөнбөйсүң” деп баарын өзү чечет. Ага уулу каршы боло албайт. Демек, убагында сизге үйлөнүшүнө өзү макул болгон. Чоң үй-бүлөнү жакшы көргөндүктөн “көп бала төрө” деп айта берет. Тамакты мыкты жасагандыктан ага теңелиш сиз үчүн кыйын жана теңеле да албайсыз. Ошол себептен улам абысындарына, теңтуштарына “келинимдин колунан эчтеке келбейт” деп айтуудан тажабайт. Эч качан өзүңүз каалагандай басып-тура албайсыз, кайненеңиздин айтканы менен болушуңуз зарыл. Антпесеңиз эле балээге калдым дей бериңиз. Ал тургай, үйдү канча таза жыйнасаңыз да бир жерин сөзсүз жактырбай турат. Эгерде күйөөңүзгө өйдө карап катуу сүйлөсөңүз, же ага начар аял болсоңуз, сизди жер менен жексен кылууга даяр. Бирок жакшы чоң эне болот. Кокус ооруп калсаңыз дарысын ала чуркап, карегиңиз менен тең айланат. Анча-мынча кемчилигине көз жумуп, тил табышууга аракет кыла берсеңиз акыры жеңесиз.

 

 

 

Эгиздер-кайнене

 

Кээде атайлап эле жиниңизге тийгиси келет. Сиз анысын алгач тамаша деп ойлойсуз, а чындыгында, тамаша эмес. Эч качан кайненеңиздин көзүнчө кыска юбка, же шым кийбеңиз. Анда дароо тил угасыз. Мындайда сизди урушуп эле тим болбостон, тээ илгерки кылган күнөөлөрүңүздөн бери эстеп айтып, бир канча жыл мурунку эски жаратты тырмап кирет. Майрамдарда өзү дасторкон даярдап сизди кубантышы мүмкүн. Балдарыңыздын туулган күнүндө эс алдырып, белек сатып берүүнү унутпайт. Акчадан кыйналсаңыз жардамын аябайт. Каардуу кайнене эмес, бирок жаман сөздөрү менен нервиңизди жеп коёт. Эч качан айтышпаңыз, болбосо ал сизге согуш жарыялайт. А күйөөңүз кандай болсо да апасынын айтканына жүз пайыз ишенет.

 

 

 

Бөйөн-кайнене

 

Дайыма бир нерсе эсиңизде болсун: эч качан кайненеңизге катуу айтпаңыз. Туура айтса да, туура эмес айтса да унчукпай кутулуңуз. Эгер айтышсаңыз, мунуңузду өмүр бою унутпай кектеп калат. Бөйөн-кайнене – дүйнөдөгү эң жакшы чоң эне. Айтууга сөз да жетпейт. Жадагалса ооруп жатса балаңызды багат. Сизге арзан эмес, кымбат баалуу белектерди берет. Курбуңуздай сырдашып, жакшы кеңешин айтат, сөзүңүздү угат. Үй жумуштарына жетишпесеңиз жардамын аябайт. Колуңуздан келишинче керектегенине акча берип туруңуз, ошого кубанып калат. Бөйөн-кайнене талапты катуу коёт, ошол себептен айтканын айтканындай аткарууңуз керек. Бирок абдан боорукер. Ага канчалык жакын болсоңуз, ошончолук сизди жакшы көрөт.

 

 

 

Арстан-кайнене

 

Келининин сырткы өң-келбетине чоң көңүл бурат, “сулуу болсо, балама татыктуу болсо” дейт. Кичи пейил, боорукер кайнене. Сизге белек бергенден аянбайт, а акча сурасаңыз жаман көрөт. Ал өзүн “үй-бүлөдөгү ханышамын, мен чечем баарын” деп эсептейт. Сизди сыйлаш керекпи же жазалаш керекпи, кантип жазалаш керек, муну да өзү билет. А эгерде жагууга аракеттенсеңиз жана аракетиңиз ишке ашса, чын дилинен сизге жакшы мамиле кылып, сүйүп кетет. Эч нерседен кем болбой жашаганыңызга кам көрөт. Балдарыңызга каралашат, бирок дайыма эмес. Себеби бала багуучунун ролун аткаргысы келбейт. Эгер капаланып жатканын байкасаңыз себебин сурап, кайгысын тең бөлүшүңүз. Бул ага абдан жагат. Эскерте кетүүчү нерсе, Арстан-кайненеге эч качан сын айтпаңыз. Сынды көтөрө албайт.

 

 

 

Бийкеч-кайнене

 

Сиз келин болуп келгенге чейинки жүрүш-турушуңуз, кылык-жоруктарыңыз тууралуу баарын иликтеп билип чыккан. Себеби уулуна татыктуусузбу, сизге ишенүүгө болобу, кыскасы, баарына көзү жетүүсүн каалайт. Өзүнөн суранбай эки жакка кетсеңиз, балакетке каласыз. Балдарыңызды жакшы карайт. Эгерде балаңызды кайненеңизге таштап тойго, кафеге, эс алууга кетсеңиз, баланы шылтоолоп тез эле чакырып алат. Эки жакта көпкө жүрүшүңүзгө жол бербейт, тынчыраак көңүл ачтырбайт. Эч качан өз жашооңуз, кыйынчылыктарыңыз тууралуу сырыңызды айтпаңыз. Анткени уккусу да келбейт. Анда эле “мендей азапты тарткан эмессиң, мендей кыйналган эмессиң, меникине салыштырмалуу сеники жыргал” деген сыяктуу ачуу сөздөрдү угасыз.

 

 

 

Тараза-кайнене

 

Сизди да, балдарыңызды да (эгер мурунку күйөөңүздөн балаңыз бар болсо да) жеке менчигиндей көрүп жылуу мамиле кылат. А түгүл, балдардын көңүлүн ачыш үчүн алар менен кошо бала болуп ойногондон тартынбайт. Чечкинсиз болгондуктан өзү чече албаганды сиздин мойнуңузга жүктөйт. Туура эмес мамилеси, жаман сөздөрү менен ашыкча ачууңузга тийсе, ар кандай сөздөр менен калп эле коркутуп койсоңуз болот (мисалы, “ушул кылыгыңызды уулуңузга айтам” деген сыяктуу). Анткени ошондо эсине келип оңоло түшөт. Тараза-кайнене менен эч качан чогуу соода кылууга чыкпаңыз. Каалаган нерсеңизди каалагандай ала албай калышыңыз ыктымал.

 

 

 

Чаян-кайнене

 

Жаман адам эмес. Бирок дайыма баарын билип тургусу келет. Мисалы, бойго бүтүрбөш үчүн кантип сактанып атканыңыздан бери. Өзүнүн энелик милдетин так аткарганга аракеттенет. Уулуна (күйөөңүз) берген тарбиясына ыраазы эмес. Анын ар бир бактысыздыгын, оңунан чыкпаган ишин өзүнүкү катары жүрөгүнө жакын кабыл алат. “Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн” деп эсептейт. Кээде тынымсыз мээңизге чай кайнатып, жашооңузга кийлигише берсе, кээде эки-үч жумалап өзү менен өзү болуп калат. Анткени чарчайт. Ошондо да күйөөңүз экөөңүз эмне кылып атканыңар тууралуу айтып, өзүңүз эле кабарлап турушуңуз зарыл. Антпесеңиз баары бир билип алат. Сиз үйдө жокто буюмдарыңыз менен кийимдериңиздин баарын аңтарып, ушундай жол менен сиз тууралуу көбүрөөк билгиси келет. Жакшы сапаты – таптакыр сараң эмес. Сурасаңыз акыркы тыйынына чейин берип коёт. Ашканада көбүнчө өзү каалаган тамакты жасатып жейт.

 

 

 

Жаачы-кайнене

 

Сиз менен дайыма эч нерсесин жашырбай ачык-айрым сүйлөшөт. Уулуна татыктуу жубай экениңизге көзү жетишин каалайт. Баарын өз билгениндей кылгысы келет. Берилген суроого түз жооп берет, ар нерсеге көз карашы кенен аял. Сиз кылган нерсени жактырбай, дайыма өзүнүкүн гана туура деп эсептөөнү сүйөт. Бирок оюнда арамы жок, болгону оюна биринчи эмне келсе, ошону сүйлөп коёт. Калп айтканды жаман көрөт. Балдарыңызга жакшы чоң эне, бирок өз милдетин өз убагында эскертип туруңуз. Мисалы, кечинде тойго бара турган болсоңуз, эртең менен эле “бүгүн балдарды карап бериңиз” деген сыяктуу. Антпесеңиз, так ошол маалда кайненеңиз да бир жакка кетип калышы мүмкүн.

 

 

 

Текечер-кайнене

 

Балдары карыса деле аларды кичинекей деп эсептейт, эркелетип турат. Пейили кенен, колу ачык. Үйүнө ким келбесин, күлүп-жайнап төргө өткөрөт. Үйүңөрдө эмне болуп атат, эмне жаңылык бар, баарын элден мурда билгиси келет. Ишти күн мурунтан пландап жашайт. Акчаны дайынсыз корото бербеңиз. Анткени, кайненеңиз үнөмдүү адам, ага жакпай каласыз. Эгерде күйөөңүз менен маселе пайда болсо же таарыныша кетсеңиз, кайненеңиз менен акылдашып кеңеш сураңыз. Ал сизге жакшы кебин айтып, туура жол көрсөтөт. Дегеле Текечер-кайнене өзүн керектүү адам катары сезгенди жакшы көрөт. Улгайган жашында да иштегенден чарчабайт. Кокус мүнөзүңүз, кылган иштериңиз менен жагып калсаңыз, коргоочуңузга айланат. Жакпай калсаңыз, өмүр бою кайненеңиздин үйүндө өзүңүздү чакырылбаган коноктой сезип жүрүп өтөсүз. Кийимге ашыкча акча коротпоңуз, анда эле жинине тийип аласыз.

 

 

 

Суукуйду-кайнене

 

Кокус сизге зарыл түрдө жардам керек болуп атса, сөзсүз түрдө жардамга келет. Эгерде күйөөңүз, кайын сиңди-кайнилериңиз сизди жакшы көрүшсө, демек, кайненеңизге да сөзсүз жагасыз. Башка бирөөлөрдүн урушуна такыр кийлигишпейт. Андайды жаман көрөт. Ошондуктан өз маселелериңизди өзүңүз чечесиз. Уул-келининин ишине аралашкыча абысындары менен ушакташып отурганды артык көрөт. Суукуйду-кайненелердин балдары абдан акылдуу болушат. Андыктан ушундай жакшы күйөөнү төрөп бергени үчүн кайненеңизге дайыма ыраазычылык билдиришиңиз зарыл. Акылдуу, боорукер, адамдар менен тез тил табышкан, шайыр, токтоо адам болгондуктан кайненеңиз менен кайда ээрчишип барсаңыз да көңүл ачып, ачык маанайда келесиз.

 

 

 

Балыктар-кайнене

 

Балыктар-кайнене – үй-бүлөнүн башчысы. Өтө сырдуу адам. Бирок сиз андан сыр катсаңыз, кандай жол менен болсо да баары бир билип алат. Бул жагынан Балыктар-кайненеге эч ким тең келбейт. Сиз ичиңизге сыр катпай, жашырбай, ачык-айрым сүйлөшүү менен ага жага аласыз. Чыр чыгарганга, ушакка жакын. Анткен менен уул-келининин урушуна кийлигишпейт. Чоң кемчилиги – ичкиликке жакындыгы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE