Turmush — Бүгүн, 4-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында төрөлгөн 3 эмден кабар алды.
Маалым болгондой, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.
24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылды. Ошондой эле наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй-бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.
Turmush 2024-жылдын 25-октябрында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм кыз төрөлгөнүн жазган.
Буга чейин 3 эмдин апасы Алтынай Майрамбекованы Нарын шаарынын мэриясынан 30 миң сомдун сертификаты тапшырылган.
——————————————————
2024-жылдын 31-октябрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда төрөлгөн 3 эмдерден кабар алган.
27-октябрда төрөлгөн 3 эмдин ата-энеси — Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаеванын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырган.
Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барган. Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул, 1 кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да президенттин атынан 500 000 сом акчалай белек ыйгарды. Аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кыларын убадалаган. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.