Пример HTML-страницы

КАЛЬЦИЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

https://kyrgyzcha.site/?p=37545&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАЛЬЦИЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

 

 

 

Кальцийди адам тамак-аш аркылуу алып турат. Кальций клеткаларга азык катары зарыл. Адамдын организминдеги анын 1 пайызы гана клеткалар менен канда, калган 99 пайызы сөөктөрдө, тиште, тырмак, чачта болот. Организм канда аталган өлчөмдөгү кальцийдин болушун дайыма көзөмөлдөйт. Эгер өлчөмү азайса, анда аны сөөктөрдөн ала баштайт. Натыйжада остеопороз (сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы), итий оорусу келип чыгат.

Кальций жүрөктүн кагышын жөнгө салып, кандын уюу процессине катышат. Нервдик чыңалууну азайтып, стресске каршы туруубузга жардам берет.

 

КИМГЕ КАНЧА?

Кальций 5 жашка чейинкилерге суткасына 800 миллиграмм, өспүрүмдөргө 1000, ал эми чоң адамдарга 1200 миллиграмм керек. Андыктан адам азыктар аркылуу аталган өлчөмдү алып турууга аракет кылуусу керек. Кальций өзгөчө организми өсүп жаткан балдарга керек экенин унутпоо зарыл. Салмагы 70 килограммды түзгөн чоң адамдын организминдеги кальций болжол менен 1,7 килограммды түзөт.

 

АШЫКЧАСЫ ООРУ ЖАРАТАТ

Дарыканаларда кальций дары-дармектеринин түрлөрү көп. Аларды врачтарга текшерилгенден кийин алар сунуштаган түрүн өлчөмү менен кабыл алуу керек. Өз алдынча ашыкча ичкенде кальцийдин өлчөмү көбөйүп, кан тамырлардын капталдарына топтолот да, кандын агымына тоскоол болот. Ашыкчасы ткандардын, булчуң менен нервдердин иштөөсүн бузат. Заара бөлүп чыгаруучу систем жабыркайт. Демек, оорулар жаралат. Кандын уюшу начарлап, адам бир жерин кесип же тилип алса, кандын токтошу кыйындайт. Эмчектин рак оорусунун келип чыгышынын бир себеби да кальцийдин ашыкчалыгы.

 

ЭСКЕ АЛ!

Кальцийдин организмде сиңишин кофеин жана алкоголь азайтат. Туз да денеден кальцийдин жуулуп чыгып кетишин шарттайт. Андыктан туздуу азыктарды (анын ичинде туздалган балык, колбаса) жана кофени көп колдонууга болбойт.

 

ЭЛДИК МЕДИЦИНА ЖАРДАМ БЕРЕБИ?

Айрымдар тооктун жумурткасынын сыртын кургатып, майдалап, упадай кылып жешет. Бирок врачтар «бул илгери дары-дармектердин түрү жок кезде айласыз колдонулган ыкма» деп колдошпойт. Анын үстүнө кабыгында сальмонелла бактериясы болсо, ооруга чалдыгуу коркунучу чоң. Заманбап кальций дары-дармектерин врачтын сунушу менен алуу оң.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE