Пример HTML-страницы

Күндүзгү профессионал макияж жасоону үйрөнүңүз.

https://kyrgyzcha.site/?p=21860&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КУНДУЗГУ ПРОФЕССИОНАЛ МАКИЯЖ ЖАСООНУ УЙРОНУНУЗ.

Алгач беттин формасын аныктап алабыз. Бул кыздын бети төрт бурчтуу бетке кирет. Анткени эки чыкыйы менен астыңкы жаагы бир деңгээлде болуп турат.

 

 

 

1. Алгач кашты тартипке келтирип алабыз. Ал үчүн каштын башталышынан ортоңку бөлүгүнө чейин өйдө каратып тарайбыз да, учтарын кыркып коёбуз. Андан соң ортоңку бөлүктөн аягына чейинки кашты ылдый көздөй тарап, анын да учтарын кыркып салабыз. Эми каш тергичти спирт менен тазалап туруп каштын алды жана үстү жагындагы ашыкча каштарды терип салабыз. Бурул жаш болгондуктан кашын ичке кылып терүүгө болбойт, антсек өз курагынан улуу көрүнүп калат. Анан да Бурулдун кашы кыска экен, аны карандаштын жардамы менен узун кылып боёп коюш керек.

 

 

 

 

 

2. Каш даяр болгон соң бетти лосьон менен тазалап, андан соң бетти нымдаштыруучу бет май сүйкөйбүз. Булардан сырткары бизге праймер, тоналдык бет май, корректор, помада, карандаш, тушь, упа керектелет.

 

 

 

3. Эми беттеги бүртүктөрдү, тактарды жабуу үчүн макияждын алдына коюлуучу базаны (праймер деп да аталат) шыбайбыз. Ал беттеги куперозду, тагыраагы, беттин канталап турган тамырларын жаап турат. Бирок праймерди күн сайын колдонууну сунуштабайм. Аны кечелерге, расмий жолугушууларга барганда гана колдонуу туура. Андан кийин бетти чарчаңкы көрсөтпөш үчүн тоналдык бет майды колдонобуз. Тоналдык бет май сүйкөгөндөн кийин упа менен кулак жана моюн жактарды жаап коёбуз.

 

 

 

4. Бет идеалдуу болуш үчүн ак жана күрөң өңдөгү корректор колдонобуз. Анын жардамы менен жалпак мурунду кырдач, тегерек бетти сүйрү кылып көргөзүп, ээктин алдындагы майларды жаап, кош ээкти жок кылса болот. Күрөң корректорду мурундун эки кырына, эки чыкыйга, жаактын алдына, эриндин алдына жана бул кызда кош ээк болгондуктан аны жабуу үчүн ээктин алдына коюп, калган бөлүгүнө ак корректор шыбайбыз. Андан соң манжанын учу менен акырын сүйкөп чыгабыз. Бул корректорду дагы күн сайын колдонууну сунуштабайм. Себеби бет да эс алуусу керек.

 

 

 

5. Бурулдун сурмасы жок болгондуктан ага алгач күрөң карандаш же тендин жардамы менен сурма чийип алуу керек. Анан тень менен көздү боёйбуз.

 

 

 

6. Көзгө басым жасалгандан кийин оозго басым жасабай өңсүз, жылтырак помада менен боёп коюу зарыл. Эгер басымды оозго бергиңиз келип оозду кызыл помада менен боёсоңуз, анда көзгө басым берүүнүн кереги жок.

 

 

 

7.  Эң акырында чачты жасайбыз. Чачы тармал жана коюу болгондуктан чач түздөөчү үтүктүн жардамы менен түздөп, төбөсүн кичине көтөрүп коёбуз.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE