Көңүл сыры-5 (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=65729&preview=true Кызыктуу окуялар.

Көңүл сыры-5

 

Жолдо Данярга чалды.

-Дани кандай уулум, некылтасынар?

-Маам келатасынбы? Биз сени кутуп отурабыз. Данияр адатынча эркеледи.

-Ооба балам азыр барып калам. Ичинен батыналбай зорго кирди уйго. Экоо эки жагына жармашты.

Пример HTML-страницы

-Апам келди иии

-Апооо. Балдардын сонунан кайненеси корунду.

-Кел айланайын кир уйго.

-Келдим апа. Жок мен ушундан эле кайтайын. Кирбейм.

-Озун бил кагылайын кирбей койгудай жонун бар. Биздин тукумду олтурбопсун балам сага эки дуйно ыраазымын. Балдарымды жакшы тарбиялапсын тим эле баарына дилгир ийкемдуу болуп осуптур балдар. Ырахмат сага. Муну ал деп туйунчукко туйулгон бирдемени карматты. Эми жаманбы жакшыбы атасы катташтырып тур айланайын сага ак батамды бердим каерге барсан да бактылуу бол. Кошогомду когорто турган жан элен кантейин насип кылбаптыр. Макул эсен болсон келип тур балам качан болсо эшигим сен учун ачык. Кайненеси жашып кетти. Аруузат коз жашын корсотпой терс бурулду. Эртерээк эле кеткиси келди. Максат жолго чейин узатмак болуп кошо чыкты.

 

 

-Аруузат мени кечир. Эн оор куноо кылдым. Аябай кыйналдым. Кечир мени.

-Кечирим сураба Максат

-Билем конулун калган менден ортодо балдарыбыз бар эмеспи балким ушунча жылдан кийин бекерге кайтып келбегендирсин. Отконду унуталы суранам. Мен онолом баарын ондойм. Аруузат аргасыз башын чайкады.

-Балдарын бар экенин эми эстединби? Дагы жакшы озум келипмин болбосо унутуп калмак экенсин. Сенин кечириминди албай келбей жургонумду кара. Мен озумду ойлосом алда качан бироонун колун жетелеп кетмекмин. Болбосо эшигимди сагаалап тун уйкумду бузгандар болбоду дейсинби. Ушу маалга келип бир да эркек менен мамиле курбадым себебин эмне деп ойлойсун сени деп журдумбу? Жоок Максат сен адашасын себеби башка алда болсо мына экоо. Ушу экоо огойдун колун карап жалдырашпасын дедим. Эмнеге сен эмне каалайсын деп бир ооз сурап койбойсун. Мен да адаммын акыры. Сен сурабайсын себеби Сен азыр да озунду гана ойлоп жатасын. Мени мн жараштын дейли аялын эмне болот. Бар жаштыгын сага арнаган ал байкуш не кун корот? Сен ушуну ойлодунбу? Анда не куноо? Анын коз жашын агызып кайра сени мн жашайт деп ойлоп атасынбы мени? Жок Максат эч качан андай кылбайм мен. Ушу кунго чейин жашадым эми да жашай берем. Сен андан коро ошонун конулун ал аракет кыл жашоого. Мен сага ошол куну айткам эми да айтам сен мен учун балдарымдын гана атасысын башка эч ким уктунбу эч ким. Менин кадырыма жеткенде кеч болот дедим беле сага. Мына ошо кундор келди. Биз аялдар унчукпай журсок булар коркок деп ойлойсунбу сен. Жок биз коркок эмеспиз биз жон гана силерди сыйлайбыз уйбулобуз бузулбасын балдарыбыз жетим калбасын дейбиз. Турмушка чыккандан баштап оздугубузду унутуп баарыбызды силерге арнайбыз. Биз анткен сайын озунор эрдик кылгандай басынтасынар. Андай эмес аял болсок да бактылуу болгубуз келет. Эми болсо туш машинадан карангы киргиче уйго жетип алайын. Максат унчукпай тушуп кетти.

Аруузат зуулдап жоноп кетти. Балдары апасынын жанына болгонуна суйунуп коргон билгендерин жетине албай айтып жатышты.

 

 

 

Унаасын шашпай айдап уйуно келди. Атасы кутуп отурган экен.

-Келдинерби айнанайын?

-Маам бул киши ким?

-Бул силердин таятанар болот балдарым. Менин атам. Учурашкыла. Балдар таятасы мн кучакташып корушушту. Чурулдашып отурушуп бир топко отурушту.

-Ата мен практикам аяктамайынча эч кайда жылалбайм. Ага чейин жайда отуп кетет. Колго апарып келем деп балдарга соз берип койдум эле. Ошого сиз балдар менен кошо барын. Баса кайненеми кайнатамы да айтам чогуу барып келгиле. Мен эртенден камынарды короюн.

-Кандай болоор экен балам озун деле барсанчы?

-Мен бошогончо балдар сабыр кылалбайт ата азыр барып келе бергиле мумкун бошосом дагы барып келээрбиз.

Тан атпай ойгонду Аруузат. Багымдат намазынан кийин адаттагыдай эле гулдорду сугарып ысык тамак даярдады. Балдар ойгонуп чурулдашып тамак чекесине отурушту. Кадимки уйбулоодой болушту баары. Атасы буларды карап жашоого ыраазы болуп кетет. Анан жумушуна жоноду. Кирип эле халатын кийип Калыстын баласын корууго жоноду. Негедир ушу эки айлык баланы ойлоп журду кечке. Жанында Калыстын апасы анан кечки смендеги врач бар экен.

-Кандайсыз эже тун тынч эле оттубу?

-Кел Аруузат оа жакшы эле отту. Мен бара берейин анда. Отчет тапшырайын. Смен алмашышты. Баланын козуно карады. Калыстын коздору дейин десе тунарат байкуш журогу эзилип кетти. Анализдерин карады. Кандай аял кандай эне болду экен ушуну жарык дуйного алып келген? Неге таштап баса берди экен? Кечке ойлонуп басып журду. Иши абдан оор отту. Керээли кечке тынбады. Ал ортодо колго барчу нерселерди дайындады. Машина суйлошту. Кайненесине чалып алардын ыраазылыгын алып эртен эрте жолго чыга турган болушту.

Арадан бир жума отуп кетти. Ишке уйго деп журуп аябай чарчалы балдарын да сагынып кетти. Чалып суйлошту. Баары жакшы экен аябай жакшы эс алып жатышыптыр. Негедир Данияр колду жакшы корчу ар дайым суу жээктеп басалы дей берчу. Озумду тартыптыр дейт. Озу да суунун толкундун шыбырын угуп отурганды аябай жакшы корот. Негедир журогу кысылып чыкты. Конул сырын кимгедир тогуп суйлошкусу келип турду. Кечки сменге кала турган болду. Бирок дупуроп бироосу чуркап келди.

-Аруузат бир жаш эле жигитти алып келишти,абалы оор глав врач да жок эле айласыз сага чуркап келдим. Аркасынан бычактап кетишиптир. Балким жардам берээрсин. Билем сенин ишин эмес бирок… Аруузат дароо чуркады. Врач акыркы созун буткондо ал каридордо чуркап бараткан. Шашкалактап операционныйга алып барышты. Убакыт аз болчу эч кимге карабай операция кылмак болду.

-Аруузат сен муну кыла албайсын сага ким уруксат берди, эгер бир деме болсо ким жооп берет? Жакындарына кабар кылып койдук алар келсин. Смендеги врач каршы болду. Мындай нерсенин далайын оз башынан откоргон Аруузат

-Эже коп кан жоготкон убактыбыз аз кантип карап тура беребиз. Мен озум жооп берем. Аруузат анын жообун кутпостон халатты кийди.

Мындай учурлардын кобун башынан откоргон Аруузат шашпай даярданып операцияга кирип кетти. Артынан берки врач кекенип калды. -Ким озу бул озу баарын билгидей? Кыргызстанга келгенден бери биринчи операциясы болчу. Жанында дайым куч берген Абдулло да жок бир аз чочуркап турду бирок ойлонгону убакыт тар болчу. -Оо кудай кереметинди аяба. Сактап калганга мени себепчи кыла гор. Ичинен тиленип ийккм кыймылдап жараатты тазалай баштады.

Операция ийгиликтуу аяктады. Аруузат болмодон чыкканда коридордо тууган уруктары топтолуп турушуптур. Аруузатты коруп утурлай чыгышты.

-Балам кандай кызым деги аманбы?

-Ооба апа кыжалат болбонуз коркунуч артта калды. Азыр палатага которушат. Баары жакшы.

-Айланайын оозуна май колун дарт корбосун кызым. Апасы окшойт суйунгонунон козуно жаш алды. Баары Аруузатты карашат. Мындай жаш туруп коп нерсени билгенине бир чети суктанып да турушту.

— Азаматсын кызым бирок Сен туура эмес кылдын врачтын уруксаты жок озун кирип кеткенге акын жок. Жок дегенде кабар кылдырып кой. Эми кайталанбасын

-Макул агай кечиресиз . Аруузат башы шылкыйып кабинеттен чыкты. Оз болумуно жоноду. Калыстын уулунан кабар алмакчы болуп акырын басып келатты. Калыстын апасы уктабай ойлуу отуруптур.

-Апа мумкунбу?

-Кел айланайын. Кирегой. Бала уктап жатыптыр.

-Ыйлап сизди кыйнабадыбы? Бая укол жасап кеткен элем.

-Бираз кынылдап мени кыйнады. Сага барсам операцияга кирип кетти дешти. Бул жерде медсестра бар экен ошо келип дары берди. Анан уктап калды. Терен ушкурду аял.

-Апа коп эле капалана бербениз. Мен бир айласын кылайын деп ойлонуп атам. Буйруса баланыз жакшы болуп кетет..

-Рахмат балам. Кыйналып кеттим бул байкушуму карап отуруп. Балам бечара да кыйналды. Эне сорой таштап баса бербедиби.

Аруузат копко ойлонду. Акыры Абдулло менен суйлошуп кормок болду. Албетте ал да оз шартын айтат дечи. Бул ымыркайдын козуно ал опепацияны камырдан кыл сууругандай эле жасап коймок. Бирок ал созсуз дагы оку дейт окуган жаман эмес го анткени мн ал дагы мамлекет учун иштеп бериш керек болот .Ойлонуудан чарчап кетти. Ордунан туруп саатты караса тунку экилерге жакындап калыптыр. Даарат алып келип тахажжуд намазга жыгылды.

 

 

-Оо жараткан озун жардам бер. Ушу маалга чейин билип билбей кылган куноолорумду озун кечир! Сага чексиз чексиз шугур жараткан ушунча омур ырыскы бергенин учун. Туура жолду корсот жараткан. Пенделик кылып каталарды кетирип жаткан болсом озун туура жолго сал. Узак дуа кылды. Озун женилдеп калганын сезди.

Эртен менен сменин тапшырып уйго кетмек болду. Барып кечээги жигиттен кабар алып коеюн деп ойлоду. Тыкылдатып бироо кирди. Кечээги жигиттин апасы экен.

-Келин апа.

-Келдим айлаанайын кечээ таппай калдым бирпаста эле. Озумдун ыраазычылыгымды айтайын деп келдим атайы. Бул жакта иштейт турбайсынбы?

-Ооба апа ушул болумдомун.

-Кечээ чон жардам корсотупсун балам. Сен болбосон не болмок ким билет. Мына бул акчаны ал мен ыраазымын биротоло айыгып кеткенче баламды жакшылап карап берегор балам.

-Апа тим эле коюнуз мен бул акчаны албайм. Мен оз милдетимди аткардым экинчиден кудайдын кудурети мн аман калды мен жон эле себепчимин. Баланызды болсо менден да кучтуу врачтар карашат. Албетте мен да кабар алып турам. Сиз кыжалат болбонуз баланыз жакшы болуп кетет буйруса жакшы ниет кылын апа.

-Рахмат айканын келсин балам.

-Андан коро азыр сиз мн кошо чыгып баланызды короюн эгер ал жактагылар уруксат беришсе.

-Ошентчи айланайын. Барып врачтын уруксаты мн коруп чыкты.

-Апа азыр жакшы экен озуно келип калды бир аз ысытмасы болбосо баары жайында. Эми сиздер да кете берсениздер болот. Аны карашат кабатыр болбон. Аруузат жылмайып алардан болунуп бери басты. Унаасынын жанында Калыс туруптур.

-Аруум не жок болуп кеттин? Тынчсынбы?

-Ооба рахмат мен жакшымын озунузчу?

-Журом.

-Мм..

-Не качып атасын Аруум? Же суйлошкун келбей турабы?

Аруузат анын жузуно карай албады азыр караса баарын билип алчудай коркту. Дагы деле аны деп сыздап турганын билгизгиси келбеди. Бир жагынан чарчап да кетти. Балким кудай ушу жолду озу корсотуп тургандыр.

-Кеттик бир тынч жерге барып келеличи жок дебесен коп деле убактынды албайм.

Аруузат макул болду. Шаар четиндеги бак шактуу кафелердин биринен орун алышты.Аруузат соз баштады:

-Мен чарчадым Калыс чарчадым ишенесизби? Ушу маалга чейин тынч эле жашап келгем. Сизди коргондон баштап кайра башталды. Балким тагдырым айдап келгендир бул жака мени. Баары ордундай болобу же болбойбу билбейм. Туура эмес кадам таштаагандан корком. Балдарымчы? А озумчу ушул мезгилге чейин кулгонумон ыйлаганым коп болуптур. Бирок шугур канча ыйласам да момосун коруп жатам. Ийгиликтерим да жаман эмес. Бул жашоого нааразы эмесмин анткени жашоомду жарык кылган балдарым бар Калыс. Мен учун алар баарынан кымбат.

-Билем жаным. Мен сен учун баарына даярмын. Бир гана сураарым бир жолу мумкунчулук бер суранам. Козундон бир тамчы жаш агызбайм. Соз берем Аруум жок дебечи сени кайрадан жоготкум келбейт. Ажырашкан бир сенби жашоодо? Баарынын оз толому бар сенда балдарынды таштабай озунду да таштабай сага берилген сыноону жендин эми берилген бактынды да кое бербе. Аруум мына коросун го бактылуу болобуз мен сени бактылуу кылыш учун колумдан келген нерсенин баарын жасайм. Аруузаттын ичи эзилип кетти. Озунун аял экенин эми сезди. Качантан бери чол сыяктуу кургап бараткан жандуйносу акырындап жибий баштады. Козунон коз жаштары куюлду. Ошентсе да бакыттан жылмайды. Эки аттап жеткен Калыс кучагына алды.

-Болду жаным мен ыраазымын жан биргем менин! Ыйлап ал бирок башка ыйлабайсын, сени ыйлатпайм эми. Калыстын кокурогуно башын жологон Аруузат оксуп ыйлап жатты. Канчадан бери бирин бири издеген журоктор эс алгандай кубанычтуу согуп жатты.

Арадан эки ай отуп Калыс Аруузат балдарын алып Дубайга учушту. Аруузат Абдуллого кат жазып Калыстын уулу Азиретке операциа жасаганга кондургон болчу.Операция да ийгиликтуу аяктады.

Андан бери канча жылдар акты. Аруузаттын балдары бой жетти. Эн жакшы коргону Азирет апалап жанынан чыкпайт. Андан кийин дагы бир уул эгиз кыз тороду. Калыс айткан созуно турду Аруузат ыйласа бир бакыттан жана толгоодон гана ыйлады. Азыр мекенине кайтып келишкен. Озу дарылоо борборун ачып колунан келишинче оорулууларга жардам берет. Эч качан бироонун акысын жебеди ошого жараша баарынын конулуно жагат. Улуулар Аруш деп кичуулор эжеке деп сыйлашат. Алар азыр эн бактылуу уйбулоолордун катарын толукташат. Аруузат жашоосуна ыраазы откон кундорун бир жаман туш сыяктуу гана эстейт.

Мына окурман бул жашоонун бардык сыноосуна чыдаган каарманыбыз азыр бактылуу жар мээримдуу эне. Ошондуктан баарына айтаарым жакшылыктан эч качан умут узбогуло бир кун болбосо бир кун созсуз ал келет!

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️