Пример HTML-страницы

Ийгиликти багындырган инсандардан 25 кеңеш.

https://kyrgyzcha.site/?p=22129&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ИЙГИЛИКТИ БАГЫНДЫРГАН ИНСАНДАРДАН

25 КЕҢЕШ

1. Ак ниеттүү бол, чын көңүл менен аралаш. Өзгөнүн оюн окууга тырыша бербе. Өзгөдөн да мындайды күтпө. Сөзүң аткарылбай калышына жол бербе.

2. Сыпайы бол, бирок ар кимге жагына бербе. Өзүңө кадырлуу адамдарды ылгап ал.

3. Ден соолугуңду кара. Аздан же, убагында укта. “Түймөдөйдү төөдөй көрсөтүүдөн” оолак бол. Ишке ашпай турган нерсеге кол суна бербе.

4. Көрпөңө карап аяк узат. Керек нерсени гана ал. Керек эместин баарын ташта, тарат, сатып жибер. Бир аз акча жыйнап кой. Коопсуздугуңдун кепили болсун.

5. Убакытыңды өзүңдү өзгө менен салыштырууга жумшаба.

6. Айланаң жакшы адамдарга толо болсун. Өзгөнүн пикирине моюн суна бербе. Өзүңө керектүү ишти жасап үйрөн, бирок башкага зыяның тийбей тургандай жаса.

7. Убакытты баала. Убакытты үнөмдөөнү үйрөнүүгө күч жумша. Буга жумшалган эмгек эселенип кайтат.

8. Кайгырып отуруп ичимдик ичпе. Ал жеңилдик бербейт. Кыйынчылыктар ичимдикке батпайт.

9. Жашооңду жеңилдетүү үчүн өнүккөн технологияны пайдалан. Алардын алтын убактыңды уурдоосуна жол бербе.

10. Өзүңдүн, өзгөнүн алдында адилеттүү бол. Айланаңа жалгандын уругун сеппе. Эртеби, кечпи ал жалганга өзүң чырмалып каласың.

11. Эң жакыныңа жакшы көрөрүңдү тез-тез айтып тур.

12. Турмуш жолунда да, саякатта да “ашыкча” нерсени ала бербе.

13. Зээндүү бол. Белгилүү бир убакытта бир нерсе менен алектенсең, өнүмдүүлүк артат.

14. Үй жыйноону эртеңкиге калтырба. Жумуш ордуңду, тамак ичкен идишиңди дароо тазалап үйрөн. Ошондо жеңил болот.

15. Ар дайым жылмай, көчөдөгү бейтааныштарга да жылмайып караган жакшы.

16. Жаңы ой менен идеяга ар дайым ашык бол.

17. Чындап курсагың ачканда гана тамак ич. Эринчээктик менен жалкоолукту тамак ичүү менен жок кыла албайсың.

18. Ар бир күнүңө дене тарбиясын кош: жөө басуу, же жарым сааттык үйдөгү дене көнүгүүлөрү.

19. Өзгөртө албай турган акыйкат үчүн өзүңдү чүнчүтпө. Чамаң жете турган нерсеге умтула бер.

20. Жашоо принциптериңди унутпа, ар дайым ошолорго шайкеш тандоо жаса.

21. Максатыңды орундатууга талпын. Өмүрүңдү өзгөнүн кыялын орундатууга жамшаба.

22. Дал азыр канчалык жакшы, же жаман болсо да, унутпа: баары өзгөрөт. “Өмүр өткүнчү!” деген сөздү эсиңе түйүп кой.

23. Ката кетирүүдөн коркпо. Катаңдан сабак ал, андан ары карай жыл. Сен тууралуу өзгөнүн пикирине маани бербе. Кемчиликсиз адам жок!

24. Бир нерсеге 100% ишенимдүү болсоң да, бул өзгө үчүн дал ошондой болуу шарт эмес деген ойго бир аз орун калтыр.

25. “Рахмат” менен “Кечир, меники туура эмес экен” деген сыйкырдуу сөздөр эч качан маанилүүлүгүн жоготпойт.

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE