Пример HTML-страницы

Ич катуу

https://kyrgyzcha.site/?p=22123&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ИЧ КАТУУ

 

Мага кайрылгандардын арасында ичи катып кыйналып жүргөндөр да кездешет. Үй шартында кандай кылса болот. Ундан жасалган тамак ашты пайдаланууну азайтуу керек, мүмкүн болсо түк эле баш тарткан жакшы. Майлуу, өтө куурулган, ачуу, өтө таттуу, туздуу тамактардан баш тарткан жакшы. Газдалган сууну да ичпеген оң. Жүрө бербестен дарыгерге жолугуп, себебин тактап, алдын алып дарыланган жакшы. Тамак синируу, бөлүп чыгаруу, зат алмашуу системаларында өзгөрүү болгондуктан ич катуу болот. Бул процессти дары чөптөр менен дарылаган оң натыйжа берет. Дары чөп менен иштеген дарыгерге жолугуп, дарттын себебин тактап, андан кийин дары чөп ичкен жакшы. Ага чейин төмөнкүлөрдү пайдалана тургула, жакшы жардам берет.

 

1.Кечинде жатаарда 200гр айранга +1ст л өсүмдүк майын аралаштырып ичип жаткыла. 1ай ичкиле.

 

2. 200 гр сууга +1ст л оливковый масло +2 чийки жумуртканын агын аябай аралаштырып, бир күндө 2маал эртең менен, кечинде тамактан кийин 1ст л ичип алгыла. Бул табыпка чейинки биринчи жардам. Муну 20 күн катары менен ичкиле.

 

3. Жашылча, мөмө жемишти көп жегиле. 4. Эртең менен күнүнө 200 гр сууну ач карын ичип жургуло.

 

Башка бирөөгө жардам бергин келсе, постту бөлүшүп койгула, РАХМАТ.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE