Пример HTML-страницы

Химиялык ачыткы

https://kyrgyzcha.site/?p=18704&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Химиялык ачыткы (дрожжи) ден соолукка зыян экенин, организмди алсыздатып, рак сыяктуу олуттуу ооруларга алып келээрин илимпоздор изилдеп айтып жатышат.

? Табигый ачыткыга жасалган нан даамдуу болот, жыты аңкып турат.

✅Дрожжи сыяктуу улам акча кетирип сатып албайсыз. Камыр көпкөн соң бир аз үзүп алып муздаткычка салып коюп, кийинки камырга аны кошосуз.

?Табигый ачытылган нан организмге пайдалуу. Мисалы:

— Иммунитетти күчөтөт

— Нандын организмге сиңимдүүлүгүн арттырат.

— Ашказан, ичегилердеги айрым ооруларды жок кылат.

— Стресске туруктуулукту күчөтөт.

— Сөөк, кан-тамыр системасын жакшыртат.

— Уулуу заттарды айдап чыгат.

— Чач, тырмактарды бекемдейт.

— Кандагы холестеринди азайтат.

 

?Бир кемчилиги: камыр көпкөндө дароо бышырыш керек. Өтө көөп кетсе нан кычкыл болуп калат.

Колдонулушу:

Ачыткыны жылуу сууга эзип алып, ун салып, ысыгыраак сууга камыр жасап, жылуу кылып ороп коюш керек. Камыр муздак болсо көппөй калат. Болжолдуу түрдө эки саатта көөп чыкканда дароо бышырыш керек. Көпкөн соң бир үзүм алып, муздаткычка салып коюуну унутпаңыз. Камыр жасаардан бир-эки саат мурда муздаткычтан чыгарып коюңуз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE