Пример HTML-страницы

Газдалган суусундуктар

https://kyrgyzcha.site/?p=9183&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Туура тамактануу жөнүндө кезектеги пост: ГАЗДАЛГАН СУУСУНДУКТАР

Жай келип, күн ысыган сайын эми кола, фанта, нести, дюшес ж.б. жайнаган газдалган суусундуктардын доору башталат. Кыргызстан канча ичте болду экен деп эсептеп көрсөк, бир канча миллион тонна чыкса керек . Бул ирет ушулардын пайда-зыянын жазайын.

 

ТТ боюнча пост жазсам эле Ютуб канал ачып, шол жактан кобурачы, окугандан да эринип жатабыз көрүп же угуп эле отургубуз келет дегендер да көбөйдү. Жакшы болмок, бирок убактым жок болуп атыр… Болор менен Ютуб канал ачам өзүм деле сүйлөгөндү жакшы көрөм, жазып таска дегендей…

 

Ар бир газдалган суусундуктун курамында шекер бар. Шекер – таза углевод. Бир грамм шекер 3,85 килокалорийге барабар. Пепси менен коланын 100 граммында 57,74 ккал бар, эми аны бир ичкенде 100 грамм эле ичпейсиңер да, бир литрди көңтөрөбүз, 580 ккалды бир ичебиз. Муну сиңирип, майга айлантпайш үчүн кеминде 5-7 чакырым жөө басыш керек, ким басмак эле ээ? Баспай эле “кола тамакты сиңирет, апкел жатарда ичейин” дегендер бар, бул таптакыр туура эмес. Газдалган суусундуктун курамындагы шекер биздин мээбизди “алдап” кыска убакыт дем күч беримиш этет да, суусунду басымыш этет. Бирок, жарым саат өткөндөн кийин кайра тил кургап, кайра эле аны ички келип “көз карандуулук” күчөйт. Эми ичсе не болуптур дээрсиңер, организмге өто чоң дозада кирген шекер ЭЧ КАЧАН сиңбейт, ал дароо эле майга айланат. Ашыкча май кан тамырларды бүтөйт.

 

Газдалган суусундукка көбүнчө алма, лимон кычкылын жана ортофосфор деген кычкылды (кислота) кошушат. Ал адамдын сөөгүндөгү калтцийди жууп жиберет. Сөөк жумшак болуп калат. Сөзсүз түрдө газдалган суусундуктун курамында көмүр кычкыл газы бар. Ал негизи зыянсыз деле, ошентсе да ашказанында жарасы бар адамдарды кыйнап, жарасы жоктордо көп ичсе гастрит пайда кылат. Андыктан, бардык газдалган суусундукту ичерде көмүр кычкыл (углекислый) газды чыгарып салып ичиш керек. Минералдык сууну ичерде деле газын чыгарып салган дурус.

 

Миннесота университетинин окумуштуулары 14 жыл 60 миңден ашуун адамды байкоого алып, алардын ичинен 140 кишиден уйку бездин рагын аныкташкан, аларды изилдеп келгенде баары коланы катыра ичкени аныкталган.

Таттуу газдалган суусундуктарга көп учурда жасалма даам кошкучтар, химиялык бойоктор да кошулат (айрыкча нести дегенге) ал эми айтпаса да зыян экени маалым го.

 

Тишти бузат, газдалган таттуу ичимдиктердин курамындагы лимон кычкылы тиштин эмалын чиритет. Аллергия, ашыкча салмагы, гастрити бар адамдарга таптакыр ичкенге болбойт. Ии баса булар адамдын ичине жел толтуруп, оозунан дагы башка жагынан жагымсыз жытты чыгарат (уят эле).

 

Ордуна эмне ичсе болот? Кадимки эле сууга лимон же апельсин сыгып алып ичиңиз, таттуу ичкиңиз келсе бир чоң кашык шекер кошуп алыңыз. Коланын 100 граммындагы 8 кашык шкерге караганда азырак болот. Компот, таптаза суугазд, жарма сонун.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE