Пример HTML-страницы

ЭРКЕКТЕР ЭМНЕДЕН ДҮҮЛҮГҮШӨТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=41861&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭРКЕКТЕР ЭМНЕДЕН ДҮҮЛҮГҮШӨТ?

 

 

Эротикалык массаж, эрогендик чекиттерге таасир этүү менен өнөктөштөр төшөктө бири-бирин дүүлүктүрүп келишет. Ал эми төшөк оюндарына чейин эркектер эмнеден дүүлүгүшөт?

 

КЫНАЛГАН КИЙИМ

Денесине кыналган же жука кездемеден тигилген кийимчен кыз-келиндер мырзалардын көңүлүн бурбай койбойт. Айрыкча кийим айымдын эмчегине жана жамбашына кыналып турса, эркектин делебеси козголо түшөт. Эгер айымдын өң-түсү жакшынакай болуп, бирок кенен кийим кийип алса, анда эркек анын дене мүчөсүн элестете албайт. Демек, дүүлүкпөйт.

 

БАСЫК ЖАНА КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ

Эркектерди айымдардын кыймыл-аракеттери да дүүлүктүрөрү бышык. “Басканың сонун маралдай…” деген ыр саптары да бекеринен жаралбагандыр. Көкүрөктү алдыга, жамбашты артка чыгарып кериле баскан айымдар мырзалардын көңүлүн бат бурушат. Жеке гана басык эмес, шашпай сүйлөө, шыңгыр күлкү, көздү сүзүү, чачты акырын сылоо, маңдайга түшүп турган саамайды секин үйлөп коюу, буттарды учкаштырып отуруу, өйдө түрүлүп кеткен көйнөктү эротикалык кыймыл менен оңдоп коюу жана башка ушуга окшогон кыймылдардын баары эркектердин эсин эки кылат.

 

БӨДӨНӨ ТУМШУК МАМАКТАР

деп канчалаган айымдар силикон эмчекке ээ болгону маалым. Чынында, эркектин чеңгелине толгон эмчектер (андан чоң эмес) аларды көбүрөөк дүүлүктүрөрү изилдөөлөрдөн улам аныкталган. Анын үстүнө кээ бир эркектер айымдын эмчегинин силикон экенин билип калса, иренжип калышы да мүмкүн. “Каткырганда төшүң бийлеген…” деп ырчылар бекеринен обон созбосо керек. Айым каткырганда кофтасынан болор-болбос баш баккан мамактарынын кыймылдашы кайсы эркекти болбосун дүүлүктүрөт.

 

ЖЫТ

Сексологдордун айтымында, эркектер жыттан өзгөчө дүүлүгүшөт. Ушундан улам айымдар атырга басым жасашат. Бирок атырдын баары эле эркектерди дүүлүктүрө бербейт. Өтө назик жыттар, мисалы, гүл жана цитрус өсүмдүктөрүнүн жыттары эркектердин каңылжаарын өрдөп, сезимдерин кытыгылайт. Ошондой эле айрым эркектер табигый жыттардан да дүүлүгүшөт.

Тарыхка кылчайсак, эркектердин делебесин козгоодо аялдар эфир майларын кеңири колдонуп келишкени белгилүү. Мисалы, Наполеондун жубайы Жозефина “Гейша” аттуу атырынын күчү менен анын башын айландырууга жетишкен.

 

ЖАМБАШ

Айымдардын жамбашын мырзалар алма жана алмурут формасында деп экиге бөлүшөрүн угуп эле жүрөбүз. “Алма формасындагы айымдарга эркектердин сугу көбүрөөк түшөт” деп сексологдор аныкташкан. Башкача айтканда, тогологунан келип томпоюп чыгып турган жамбаштар.

 

ЭРОТИКАЛЫК СҮРӨТТӨР, ТАСМАЛАР

Мырзалар айымдардын жарым жылаңач сүрөтүн көрүп деле делебелери козголот. Башкача айтканда, эротикалык, порнографиялык журналдарды жана тасмаларды көрүү менен. Катуу дүүлүгүүдөн улам айрым эркектердин бел суусу агып да кетет. Бул эркектердин табиятынан кыялкеч жана фантазиясынын бай экендиги менен түшүндүрүлөт.

 

ИЧ КИЙИМ

Айымдар ич кийим тандоодо өңүнө маани берүүлөрү керек. Себеби эркектер ич кийимдин өңүнө карата да дүүлүгүшөт.

Кызыл түстөгү ич кийим кийген айымдарды эркектер эч нерседен тартынбаган, ачык-айрым, төшөктө фантазиясы күчтүү деп эсептешет. Ошондон улам мырзалар мындай айымдар менен болгон жыныстык катнаш учурунда жаңы ыкмаларды колдонуудан тартынышпайт.

Кара түстөгү ич кийимди көп кийген айымдар өзгөчө ыкмаларды колдонгонду жактырган айымдар. Мисалы, сазо-мазохизмде колдонулуучу ыкмаларды жактырышат. Ошондой эле экстремалдык учурда кумарга батуудан баш тартышпайт. Андыктан эркектердин канча бир бөлүгү кара ич кийимден да дүүлүгүшөт.

Сары түстүү ич кийим кийген айымдын темпераменти кандай экендигин көпчүлүк эркектер биле беришпейт. Демек, мындай ич кийимден дүүлүгүшпөйт. Чынында эле узак убакытка созулган сексти каалоочулар көпчүлүк убакта сары ич кийимге басым жасашары аныкталган.

Сыя-көк жана күлгүн түстөгү ич кийим. Мындай айымдар өтө сезимтал келип, тез дүүлүгүшөт. Өзү менен кошо мырзаларды да тез дүүлүгүүгө жеткиришет.

Көк түс. Айымдар, көк түстөн качыңыздар. Эркектер бул түстөгү ич кийимдерди көп кийгендерди “төшөктөгү дөңгөчтөр” деп билишет.

Жашыл түс. Төшөктө эркек менен бир эле жолу кумарга батып, андан кийин жолугушууну каалабагандар ушундай ич кийимдерди баалашат. Тактап айтканда, улам башкалар менен көңүл ачууну каалагандар. Муну билген мырзалар жашыл ич кийим кийген айымды көргөндө дүүлүкпөй эле шаабайы сууп калышы мүмкүн. Андыктан жашыл ич кийим кийүү сунушталбайт.

Ак жана боз түс. Бул түстөгү ич кийимди көпчүлүк адамдар кийишет. Ак түстү жактоочу айымдар төшөктө эч кандай өзгөчөлүккө ээ эмес, нейтралдуу айымдар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE