Чоң энеси небересин жемелеп жатат:

https://kyrgyzcha.site/?p=65723&preview=true Кызыктуу окуялар.

Чоң энеси небересин жемелеп жатат:

— Балам, чарчаттың го…Мектептен качып чыгасың, үйдөн эжеңдин үйүнө качып кетип каласың, ал жактан алып келсем, дагы таппай калам, бир туруп эле таенеңден кайра мага качып келесиң, же сени издеп жүрө бергидей жаш болсом экен…

—Апа,атасы каякта?—сөзгө аргасыз аралаштым.

— Россияда. Атасы экөө иштеп келебиз деп кеткен.

Келиним ушул баланы төрөгөнгө жакын үйүнө кача берип жадатты эле, төрөөр күнү да качып баратып,толготуп калган болчу,эми неберемдин да качкан өнөрү бар,көзүң мындай болду дегиче же үнүң катуу чыккан күнү да качып кетет, айрыкча толгоо убагындагы абал балага аябай таасир тийгизет окшойт.( ойлонуп калдым, а негизи, боюнда бар кезиндеги эненин абалы түйүлдүккө таасири катуу тийчү эле деп)

Бирөөсү улап кетти: —Туура айтасыз, мен биринчи кызымды төрөөрдө толгоомду да айтпай отура берген элем, азыр кызым аябай оор,эч нерсе айтпайт,баарын ичине салып жүрө берет… А экинчи кызымда коркуп калган экенмин, эки күн мурда эле чуу салып,төрөп коём деп жатып төрөтканага барып алгам, азыр ошол кызым чырылдап кетет, чыдамы жок, ишти баштай электе чуусу көп, асан-кайгы, тызылдап жүгүрүп жүрө берет.

Пример HTML-страницы

Телефондо сүйлөшүп келе жатканы сөзгө аралашты: — Ии, туура эле, мен төрөөргө жакын аны алышым керек, муну алышым керек эле, тиги досум төрөлө турган баласына укмуш керектүү буюмдарды сатып алып, даярдап коюптур деп… Дагы көп көйгөйдү айтып жүрүп эле төрөп калганмын. Азыр балам » баланчанын мындай оюнчугу бар экен, тигиндейи бар экен деп эле басып жүрөт, кайгырып алат, чоң адамдай болуп. Чын эле таасир этет окшойт, — деп калды күлүп.

 

Анан… бир таанышымдын баласы кандай болуп чоңойду экен деп калдым.

Ал түнү толгоосу башталып калып, жолдошун ойготот,ал убакта машина кээ бир адамдарда эле бар болчу. Күтүп отуруп, чыдамы жетпей, жөө чуркап жөнөптүр. Толгоосу катуулаганда бир носкисин кийип, экинчисин кийгенге үлгүрбөй чуркаган экен.

Ал убакта түнү жарыкты өчүрүп койгон заман болчу. Кайсалап, бутуна кийген бут кийимди таппай,жолго чыгыптыр.Жолду кыскартыш үчүн( төрөт үйүнө чейин бир км) сайды аралап, ташка чалынып жетип келет. Оорукананын эшигинен эмес, бир зымы ачылып калган тосмонун ачык жеринен батып өтүп кетиптир. ( кийин көрүп таң калгам дейт, кантип батып кеттим экен, ушул жерден деп…)Өтүп

баратканда арыкка түшүп кетип, чалчыкка баягы байпагы жок буту түшүп кетип, тизесине чейин ылай болгонун билген менен,жууганга убактысы жок,төрөт үйдүн эшигин каккылайт. Акушерка да сергек экен, дароо эле киргизип, шамды жандыра калат, кебетесин көрүп, чочуп кетет, бирине носки кийип,бир буту ылай, жыңайлак келинди көрүп, «ой, түрүң кантет » десе да жооп бербей, абалын текшерейин десе, аны түртө салып, ылай буту менен кирип, кире бериштеги кушеткада эле төрөп алган экен…

Ошол бала кандай болуп чоңойду экен…

(Ал азыр өзү деле бала-чакалуу болуп калган болуш керек, Россияда жашайт).

Машина издеп кеткен күйөөсү айылдан тааныштарын таап, ойготуп, анын майы жок машинасына дагы бир жерден бензин саткан бирөөнү ойготуп,бензинди идишке куйдуруп, кайра келип, машинасын жүргүзүп келсе, аялы жок. Аябай издептир. » Бут кийими турат, бир жакка чыкса,киет эле да» депчи… Таң атып кетиптир, кошунасынан сурайт экен.

— Апееей, ботом, менин үйүм роддом беле, үйгө жаткырып койгудай. Тез жөнө роддомго, бир болсо, ошол жакта.

— Кетсе жылаң аяк кетет беле, кийими экөө тең турат,- десе, кошунасы кайнап кетиптир:

— Сени көрөт элем, аял болгоңуңда.

Толгоо келсе, жылаң аяк эмес, жылаңач боюнча жүгүрөт элең, — деп.

Төрөт үйүнө келсе, урушуп салыптыр аялы…— Тез жөнө үйгө, кийимдеримди алып кел, сен келгенче роддомго жетип, төрөп алдым, эми кийимимди алып келгиче,балаң садикке барып калбасын, тобоо… жүрө берет экен, тамак көтөрө келбейсиңби, курсагым ачты,- деп.

Тигиниси кайра келип, тамак жасап жатса, бир досу угуп, » аяш уулду жууйлу» деп келип калат. Тилек айтып, ичип отурушуп, түн бир оокум болуп кетиптир. Уктап калып ойгонсо, эрте мененки 11 … Башы ооруп, баш жаза койгусу келип, достору менен дагы уланып кетип, кечинде ошол тобу менен төрөт үйүнө барса, аялы чыгып кетиптир. Аялы курган күтүп отуруп, кеч кирет. Анан бир тууганы барып калып, ошол аркылуу кийимин алдырып, документин бүтүртүп, баласын көтөрүп, үйүнө келген экен.

Күлүп жүргөн, » бул бир машинаны таап келгенче,мен бир балалуу болуп, кыргыздын санын көбөйтүп салдым, бир тамак жасап баргыча ысым берип, документтештирип алдым, мен толготуп баштаганда эле төрөлө элек баласын » жууп » баштаган окшойт эле, тобоо, кудайым өзүбүзгө күч-кубат берсин» деп….Кийин Россияга кетип калышкан, жогорудагы маектен улам эсиме түшүп кетти,ошол бала кандай бала болду экен…

Ойлоп калдым, шуулдаган, тобокелчи, анан…көп ойлонуп отурбай, дароо чечим чыгарган, » Ойчул ойлонгончо, тобокел тоо ашыптыр» дегенди тутунган бала болуп чоңойсо керек депчи…

Жолдошу кем кылбай бакса, кулпурган, карабаса, ага деле моюн сунган, жашоо үчүн өзүн арнап койгон, бала үчүн баарына чыдап, жүктү көтөрүп башына очойгон,

кээде өзүнө да карап койгон, береке издеп, жокту жонгон, жеңилип туруп, байракты алып койгон, баланын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон ЭНЕЛЕР, БАР БОЛУНУЗДАР!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️