Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чалкандан табигый маска, бетти жумшартып агартат.

https://kyrgyzcha.site/?p=21955&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЧАЛКАНДАН ТАБИГЫЙ МАСКА, БЕТТИ ЖУМШАРТЫП АГАРТАТ.

Жаз келип жер бетине чоп чыгып айлана жашыл шиберге болонуп турган учур. Эгер сиздин короонузга чалкан (крапива) чыкса ,отоо чоп деп капаланбаныз. Андан коро жулуп келип бетинизге маска лосьон жазап пайлананыныз.

 

Нормалдуу беттер үчүн

1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.

Бул маска терини азыктандырып, жумшартат.

 

Кургак беттер үчүн

Чалкандын жаш жалбырагы менен петрушканы аралаштырып эзип, ботко жасайсыз. 1 чоң кашык боткого бир аз ысык сүт кошосуз. Пайда болгон аралашма бетиңизден агып түшүп калбай тургандай коюулукка ээ болуш керек. Масканы коюу бойдон бетиңизге жаап, үстүнөн марляны жаап, анын үстүнөн бетиңизге сүлгүнү жаап аласыз. 20 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Бул маска териңизди нымдаштырып, агартып жана витамин менен камсыз кылат.

 

 

Майлуу беттер үчүн

Жаш чалкандын ширесин сыгып аласыз. 1 чоң кашык ширени жарым стакан (50 г) аракка кошуп лосьон жасаңыз. Мындай лосьон менен эки ай бою эртең менен, кечинде күн сайын сүртүп турасыз.

Мындай лосьон бетиңизди тазалап, нурдантат.

 

 

Нуру өчкөн беттер үчүн

Чалкандын жалбырагынан ботко жасап, аны теңме-тең кылып суюк бал менен аралаштырасыз. Масканы бетиңиз менен моюнуңузга 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Бул маска терини тартат, азыктандырат жана нымдаштырат.

 

 

Бардык типтеги беттер үчүн

2 чоң кашык майдаланган чалкандын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 30 мүнөт тыныктырасыз. Тундуруп алган соң бул маңызга эки бүктөлгөн 4 кесим марляны чылап коёсуз. Сыгып алып, марлянын бир кесимин маңдайыңызга, экөөнү эки жаагыңызга, бирөөсүн ээгиңизге 5-10 мүнөт коёсуз. Чүпүрөктөрдү алып, кайра маңызга салып, бул процедураны 3-4 жолу кайталайсыз.

Мындай компресс теринин зат алмашуусун, кан айлануусун жакшыртат жана бетти жумшартып, серпилгич кылат.

 

Көңүл буруңуз! Косметикалык максатта майдаланып колдонулган чалкан чакпайт. Бирок майдалоо процессинде колуңузду абайлаңыз.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE