Чүй облусундагы талааларды жапайы козу карын каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында жапайы козу карындар (шампиньон) көп өсүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

«Тынч аңчылыкты» сүйүүчүлөр жаандан кийин ар түрдүү козу карындарды кездештирүүдө.

«Эгин жыйналган талааларда, Чоң Чүй каналына жакын жерлерде, токойлордо шампиньон козу карыны көп. Бир нече сааттын ичинде ондогон килограмм козу карын терүүгө болот. Дүйнөдө шампиньондун 60тай түрү бар. Чүй облусунда эик шакектүү, эки споралуу, кадимки, талаа шампиньондору кеңири тараган. Бул даамдуу жана баалуу козу карын», — деди «тынч аңчылыкты сүйүүчү Николай Радченко.

Жайыл районундагы базарларда жаңы терилген жапайы шампиньондордун килограммы 230 сомдон сатылып жатат.

Шампиньон дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө өстүрүлүп, козу карын өндүрүүнүн дүйнөлүк көлөмүнүн 80 пайызын түзөт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️