Пример HTML-страницы

BMW кыргызча кандай чечмеленет?

https://kyrgyzcha.site/?p=36910&preview=true Пайдалуу кеңештер.

BMW кыргызча кандай чечмеленет? Билип алыныздар.

 

BMW AG (немис тилинде Bayerische Motoren Werke AG, кыргызча Бавариялык мотор заводдору) — Германиялык автомомобил жана мотоцикл чыгаруучу компания.

 

Тарыхы

 

BMW компаниясы 1917-жылы Германиянын Айзенах шаарында негизделип, бирок, атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон. BMW- “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор зоводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылды.

 

BMW жаралуу башатында Рапп жана Отто аттуу самолёт куруу менен шугулданган эки инженер турган. Алар өздөрүнүн анча чоң эмес фирмаларын бириктирип компания түзүшөт да, жумушка Макс Фриц аттуу жаш инженерди чакырышат. Рапптын конструкциясын өркүндөткөн Фриц өзүнүн BMW аттуу алгачкы авиациялык моторун ойлоп табат. 1919-жылы “BMW-4” мотору орнотулган самолёт дүйнөлүк рекорд жасап, учкуч 9670 метр бийиктикке көтөрүлөт. Чынында 10 чакырым бийиктиктеги аба кысымына поршендүү кыймылдаткыч менен чыгуу сенсация болчу.

 

Дүйнөлүк рекорддун ичинен 1927-жылы жана 1929-жылы коюлгандары ушул BMW моторуна таандык.

 

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Версал келишими шарты боюнча Германияга 5 жыл бою авиакыймылдаткычтарын чыгарууга тыюу салынган. Ошондо баягы эле Макс Фриц укмуштай кыска убакытта, же 5 жуманын ичинде “BMW R32” деген мотоциклди ойлоп тапкан. Арадан 6 жыл өткөн соң ал мотоциклдин жаңы түрү саатына 216 чакырым жүрүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми 1937-жылы болсо мотоцикл ошол учур үчүн түшкө кирбеген 279,5 чакырым/саат ылдамдыкты багындырат. 1981-жылы BMW чыгарган «Enduro R 80 G/S» мотоцикли раллиге, Париж-Дакар жарышына чыгат. Кыскасы, мотоцикл чыгаруу согуш учурунда талкаланган компанияны кайрадан бутуна тургузуп, BMW заводу автомобиль өндүрүшүнө кирише баштаган.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE