Пример HTML-страницы

Биле жүрөлү

https://kyrgyzcha.site/?p=19194&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ…

 

Кока-кола суусундугун ичкенден 10 мүнөттөн кийин анын курамындагы кант канга түшөт. Өлчөмү айтылгандан бир нече эсе көп болсо да ал жүрөктү айландырбайт, себеби фосфор кычкылы ага жол бербейт.

 

Анткен менен канттын көп болгонунун кесепетинен 20 мүнөттөн кийин кандын курамындагы инсулиндин өлчөмү тез көтөрүлөт. Аны менен күрөшкөн боор денедеги ашыкча кантты майга айландырат.Кийинки 40 мүнөттө суусундуктун курамындагы кофеин денеге тарайт. Ал көздүн карегин чоңойтуп, кан басымды жогорулатат. Анткени боор канга чоң көлөмдө кант жиберет. Организмдеги башка сезүү менен түшүнүү рецепторлордун жумушу жайлайт. Адам уйку сурай баштайт. Ал эми мээнин жумушун активдештирет. Салыштыруу үчүн айта кетели, героин да организмге дал ушундай таасир берет. Кока-коланы ичкенден 1 сааттан кийин организмдеги фосфор кычкылы метоболизмди жогорулатып отуруп, ичегидеги кальцийди, магнийди жана цинкти бири-бири менен байланыштырат. Кальций заара аркылуу сыртка чыгып кетет. Көп өтпөй заара арыклууу сөөктөгү кальций, магний, цинк жана андан башка натрий менен суу электролити агып чыгат.

 

Жөнөкөй тил менен айтканда, Кока-кола жарым саатта кандын курамын бүлдүрүп, бир саатта боорго салмак түшүрүп, сөөктөрдү “кемире” баштайт экен. Ага карабастан аны сүйүп ичкендер көп. Ушундай суусундукту ичкен жаштардын эртеңки күнү эмне болот?

 

Окуп жана бөлүшүңүз, мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE