Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Безеткилерге туруштук бере албаган бетке кандай кам көрүү керек.

https://kyrgyzcha.site/?p=21952&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БЕЗЕТКИЛЕРГЕ ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАГАН БЕТКЕ КАНДАЙ КАМ КОРУУ КЕРЕК?

 

Безетки — бул май бездеринин функциясы күчөп, секретинин курамынын өзгөрүүсүнөн себорея өнүгөт. Майлуу тешикчеси көп териде (бет, төш, жон) бозомтук кара тактар — тыгындар пайда болот. Аны сыкканда кара баш «курттай» болуп чыгат. Чогулган тери майларында ириңдетүүчү микробдор жакшы көбөйөт; анын тегереги сезгенип, түйүнчөлөр, ириңчелер түрүндөгү кадимки безетки пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириңдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Кадимки безетки өспүрүм балдар, кыздарда көп жолугат, 30-35 жашка келгенде азаят.

 

Безетки сымал бүдүрлөр минерал майлар, нефть продуктулар, кара май менен иштеген жумушчуларда да кезигет (кесип безеткиси). Кээ бир учурда безетки сымал бүдүрлөр бром жана иод дарыларын узак убакыт колдонууда пайда болот.

 

Бет териси үчүн жана сулуулукка зыянын тийгизген нерсе- бул бетке чыккан безеткилер эмеспи. Безеткилерге каршы туруштук бере албаган бет терисине туура кам көрүү үчүн ылайыктуу косметикалык каражаттарды табуу да оңойго турбайт. Андыктан бир нече кеңештерди эске алып коюу маанилүү.

 

 

Безеткилерден маданияттуу түрдө арылабыз

 

Абдан кылдат болуңуз

 

Безеткиге жакын бет терисин тазалоодо, алгач химиялык кошулмалары жок каражаттар менен тазалоо талапка ылайык. Ал үчүн күн сайын бет жууганда тонер колдонуп тазаласаңыз болот. Ошондой эле, курамына спирт кошулган тазалагыч каражаттарды сатып алуудан этият болуңуз. Ал бет териңизди дүүлүтүрүп, безеткини күчөтүп жиберет.

 

 

Сүртпөңүз

 

Безеткиге жакын беттерди бактериялардан арылтуу үчүн датта сүрүп жууп келишет. Бирок, бул туура эмес. Мындай жышкап жуусаңыз безеткинин маселесин күчөткөн болосуз. Анткени мындай шартта бет теринин коргогуч чел кабыктарын жок кылып аласыз. Анын натыйжасында бет териңиз жабыркоого учурайт. Ошондой эле, безетилердин пайда болушу туура кам көрүлбөгөн гигиенадан пайда болбойт.

 

 

Салициловой кислота колдонуңуз

 

Бетти тазалап жууган косметикалык каражаттардын этикеткасын карасаңыз, дерматолог адистери тарабынан салициловой жана гликолевой кислоталар безеткиге жакын беттер үчүн пайдалуу экендигин айткандары бар. Айрыкча кечинде уктаар алдында курамында ушул кислоталар бар каражаттар менен жууп жаткан жакшы болот. Анткени алар, өлгөн торчолорду жана бактерияларды жок кылат.

 

 

Атайын пилинг жасаңыз

 

Безеткиге жакын бетке атайын пилинг жасап туруу натыйжалуу болот. Профессионалдуу тазалоодо бет териси терең тазаланат. Ошондой эле жабыркаган бет терисине ылайыктуу бет май жабылат.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE