Пример HTML-страницы

Бетти тазалоочу 5 маска

https://kyrgyzcha.site/?p=21903&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бетти тазалоочу 5 маска

Чопо. Натыйжалуу маскалардын бири. Бул үчүн сатыктан косметикалык чопо сатып алууңуз зарыл. Териси майлуулар үчүн ак, көк жана жашыл, кургактар үчүн кызыл, нормалдуулар үчүн ак жана кызыл аралаш, бырыш баскандар үчүн сары чопо керек болот. Алгач аны таза салкын сууга бирдей масса болгудай кылып аралаштырасыз, анан бетиңизге коёсуз. 10-12 мүнөттөн соң жууп нымдоочу кремден койсоңуз бетиңиз тазарат.

 

 

 

Картошка. Үй шартында майлуу беттерди тазалоочу ийгиликтүү маска. Бир даана чийки картошканы кыргычтан өткөрөсүз. Анан ага бир аш кашык жумуртканын агын, бир чай кашык бал кошуп татымына жараша туз саласыз. Жакшылап аралаштырып 10-15 мүнөткө бетке коюп жылуу сууга жууп салуу керек.

 

 

 

Төө буурчак. Төө буурчак көз ирмемдик убакытта да бетке байкала тургандай натыйжа берет. Ал үчүн алгач сууга бышырылган бир аз төө буурчакты майдалайсыз. Буга жарым лимондун ширесин сыгып жиберип үстүнө бир аш кашык оливка майын куясыз да, массаны бетиңизге 5 мүнөткө коёсуз.

 

 

 

Жумуртка. Бетинин териси кургак болгондорго тиешелүү. Биринчи бир жумуртканын сарысын идишке бөлүп алып, анан ага күн карама, оливка жана соя майынан бир нече тамчыдан кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон масканы бетке жаап 20 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууйсуз. Сөзсүз түрдө натыйжасын берет.

 

Алма. Баалуу кремдерге салыштырмалуу алда канча ийгиликтүү маска. Бир алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүү керек. Андан кийин ага бир чай кашык каймакмайды аралаштырып аны бетиңизге тегиз жабасыз. 10-15 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп салуу керек. Жайкысын алманы бадыраң менен алмаштырса да болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE