Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

БАЛАГА «ЖОК» дегенди туура айта аласызбы??

https://kyrgyzcha.site/?p=39444&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БАЛАГА «ЖОК» дегенди туура айта аласызбы??

 

Баарыбызга тааныш көрүнүш – ылайды тебелебе дээр замат бала ансайын күчөнүп тебелеп кирет.

Бычакты кармаба деп көр, кичинекей колдор курч мизди кармоого кызыга баштайт.

 

Баланы «болбойт» деген сөзгө көндүрүп, дайыма ыкка дароо макул боло тургандай кылып кантип тарбиялоо керек деген ой ар бир ата-эненин көкүрөгүнө эртеби-кечпи кадалат. Ал эми мунун бир канча эрежеси бар:

 

1. «Жок» деген сөздү көп колдоно бербеңиз. Көбүнчө кайталана берген сөз таасирин жоготуп коет. Анын үстүнө дайыма тыюу сала берсеңиз, балаңыз конкреттүү чечим кабыл алуу зарыл болгон кырдаалда чечим чыгаруудан тайсалдап калат. Ошондуктан айрым учурда «жокту» «болот-ко» алмаштыруу туура. Мисалы «күчүктүн кулагынан тартпа» дегендин ордуна «жонунан сыла» десеңиз балага жагымдуу болот.

 

2. Эгер баланын кайсы бир суранычына «жок» деп жооп берген болсоңуз чечимиңизди эч качан өзгөртпөңүз. Уруксат берүүгө такыр мүмкүн эмес болгон нерсеге гана тыюу салыңыз. Болбосо «болбойт» деген сөзүңүз балага анчалык деле таасир тийгизбей, өз билгенин жасоого көнүктүрө баштайт.

 

3. Балага жөн гана жок деп койбой, эмнеге жок деп жатканыңызды жакшылап себебин чечмелеп түшүндүрүңүз. Улуулар кайсы бир нерсеге тыюу салууда балдардын коопсуздугун, ден соолугун ойлой турганын аңдап билүүлөрү кажет.

 

4. Жок деген сөздү ишенимдүү, өктөм айтыңыз. Ошондо бала так кабыл алат. Эгер ачууланып айтсаңыз бала өзүн күнөөлүү сезет. А тамашалуу айтылган сөз олуттуу кабыл алууну жаратпайт. Демек аткарылбайт дагы.

 

5. Баланы ар дайым тил алчаактыгы үчүн мактап коюңуз. Анткени наристелер туура жүрүм-туруму үчүн колдоо тапкысы келет. Ал өзүнүн тил алчаактыгы менен сизди кубантып атканын билсин.

 

6. Тыюу салууда үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарыны ою бирдей чыгышы керек. Болбосо бала тез эле апасы макул болбой койгон нерсеге чоң энесинен уруксат алууга боло турганын түшүнүп, кыныгын алып алат.

 

7. Тыюу салууга уруксат берүү менен сиз баланын инсан катары калыптануудагы мүнөзүн түптөйсүз. Ар дайым кичинекей адамчага даанышман жол көргөзүүчү болуңуз. Баланы коом сыяктуу эле үй-бүлөдө да өзүнүн жеке эрежелери боло турганына кызыктырыңыз. Ошону менен катар чүрпөңүздүн пикирин сыйлай билиңиз.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE