Пример HTML-страницы

БАДЫРАҢ ТАБИГЫЙ КОСМЕТОЛОГ

https://kyrgyzcha.site/?p=35638&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БАДЫРАҢ ТАБИГЫЙ КОСМЕТОЛОГ

 

Бадыраң маскалары сепкилден, «соолуган, жансыз» беттен арылтат, бырыштарды жазат, агартат жана беттин тешикчелерин тарытат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн бадыраң маскаларынын төмөнкүдөй түрлөрүн колдонсоңуз болот.

 

Жаңы бадыраңды жука-жука кылып туурап, тазаланган бетиңизге аларды 15-20 мүнөт коюп жатасыз. Мындан кийин бетиңиз жашарып, нурданып калат.

 

Бетиңизди жуунун ордуна табигый бадыраң лосьонун бетиңизге сүртүңүз. Үй шартындагы бул лосьон мындайча жасалат: бадыраңдын жуулган кабыгын майда туурап, стакандын үчтөн бир бөлүгүнө саласыз. Кайнатылган сууну үстүнө куюп стаканды толтуруп, алты саат тыныктырып коёсуз. Мындай лосьон бет менен моюнду тегиз, жылмакай кылат.

 

 

Бадыраңды тегерек-тегерек кылып туурап, ага айранды же кефирди аралаштырасыз да, муздаткычка эки саат салып коёсуз. Андан соң бадыраңдын кесимдерин алып аны менен бетиңизди сүртөсүз же таза териге 20 мүнөт коёсуз. Мындай маска беттин терисин азыктандырат, жандандырат жана бырыштарды жазат. Эгерде ушул эле маскага бир аз лимон ширесин кошуп койсоңуз, агартуу касиети күчөйт.

 

 

Кыргычтан өткөрүлгөн бир бадыраңга 1 чай кашык майлуу каймак, 1 чай кашык бал аралаштырып, бетиңизге жабасыз. Жыйырма жолу күн сайын жасалган мындай маска соолуган терини жашартат. Клеопатра өзүнүн сулуулугу үчүн бекеринен бул жашылчага рахмат айтпаган.

 

Бадыраңдын ширесин сыгып алып, атайын формага куюп муздаткычтын тоңдургучуна салып коёсуз. Ал тоңгондо күн сайын эртең менен бирден кубикти бетиңизге сүртүп турсаңыз, теринин бардык түрлөрүнө оң натыйжасын берет.

 

Көзүңүз чарчаганда кесилген эки тегерек бадыраңды эки көзүңүзгө коюп 15 мүнөт тынч жатыңыз.

 

Эгерде бетиңизде сепкилдер, тактар болсо, тууралган бадыраңды бетиңизге сүртүп туруңуз. 5-10 мүнөттөн кийин бетиңиз кургай баштаганда жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Бадыраңдын кабыгын майдалап, үстүнө арак куюп коёсуз. Бул маңыз жашыл түскө айлана баштаганда бетиңизге лосьон катары сүртсөңүз, бул ыкма да сепкилдерден, тактардан арылууга жакшы жардам берет. Кургак терилүү беттерге колдоноордо маңызга кайнатылган суу жана ар бирине 100 граммдан глицерин кошуу талапка ылайык келет.

 

Чай пиаладагы чийки сүткө бир нече кесим бадыраңды жарым саат салып коёсуз. Андан соң сүттү тундуруп алып, кургак терилерди сүртүүгө колдоно берсеңиз болот. Колдонордон мурун 2-3 күн муздаткычта сакташыңыз керек.

 

Кабыгы аарчылган бадыраңды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 1 чоң кашык алып, ага 1 чоң кашык чалынган жумуртканын агын кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөт коёсуз да, муздак суу менен жууп саласыз. Мындай маска майлуу же бырыш баскан беттерге сунушталат.

 

Бадыраң жана ден соолук

Бадыраңда өзгөчө бир кислота бар. Ал биздин организмибизге тамак-аш аркылуу түшкөн углеводдордун кыймылын калыпка салат. Демек, майдын топтолушунун алдын алат.

 

Ичегилерди жана башка ички органдарды тазалоо үчүн да пайдалуу. Ошондой эле ал жалпы организмди токсиндерден тазалайт. Анткени, бадыраңдын 95%ы таза жаратылыш суусунан турат.

 

Бадыраң калийге, магнийге, кальцийге бай. Бул минералдык заттар биздин бардык органдарыбыздын иштөөсүнө оң таасирин тийгизет.

 

Бадыраң организмдеги кислота-щелочтук тең салмактуулукту кармап, ар кандай оорулардын алдын алат. Ал организмден холестериндин чыгышын шарттайт.

 

Бул жашылчада калий 40%, натрий 10%. Бул айкалыш бөйрөктүн, жүрөктүн жана муундардын ишин жакшыртат. Андыктан, бадыраң шишиктен арылууда алмашкыс дары.

 

Жаңы бадыраңды көп колдонгон адамдар тамак безинин оорусуна аз чалдыгышат. Анткени, бул жашылчада йоддун жетиштүү өлчөмү бар.

 

Ошондой эле бадыраңдагы кремний менен сера клеткаларды бекемдейт, бойдун өсүшүн, чачтын бекемдигин, теринин жакшырышын шарттайт.

 

Мындан тышкары, бадыраң эске тутууну жакшыртат, нерв тынчтандырат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE