Бүгүнкү издөө иштерине 50дөн ашык адам жана 4 дрон тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө бүгүн, 4-ноябрда 56 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштерин көзөмөлдөө, координациялоо жана улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 56 адам, 4 дрон тартылды. Анын ичинен ӨКМден 18 куткаруучу 2 дрон менен, ӨКМге караштуу Токой кызматынан 8 кызматкер, ИИМден 10 кызматкер 2 дрон менен, жергиликтүү тургундардан 20 адам чыкты.

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев кечээ, 3-ноябрда жоголгон адамдардын апасы Жыпариса Сыдыковага, үй-бүлөсүнө жолугуп, издөө иштеринин жүрүшү тууралуу баяндап, мындан ары ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн куткаруучулдары издөөнү улантарын билдирди.

Анын айтымында, дарыя жээктери, кооптуу жана күмөн жараткан кокту-колоттордун бардыгы жөө, атчан жана дрон аппараттарынын жардамы менен каралып чыкты. Издөөнүн алгачкы фазасында куткаруучулар, милиционерлер жана жергиликтүү тургундар баш болуп, күнүнө 100дөн ашуун адам чыгып турушкан.

Мындан сырткары 2-ноябрда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучусу, милиционер жергиликтүү тургундар менен биргеликте Камбар-Ата ГЭСинен жогору жайгашкан алыскы өрөөнгө жөнөтүлгөнүнө токтолду. Өрөөндө Нарын дарыясы жайылып аккандыктан, ата-баланы издөөгө жалпы 8 адам чыккан.

Пример HTML-страницы

Жумгал районунун Өрнөк айылында 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. 16-октябрында дайынсыз жоголгон. Алар жайлоого мал кайтарууга жөнөп, ошол бойдон кабарсыз болгон. Алар минип жүргөн аттын өлүгү бир нече күндөн кийин Көкөмерен суусунан табылган.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын издөө иштерине кошумча күчтөр тартылганы маалымдалган.

Издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында да жүрүп жатат. Көкөмерен дарыясы Токтогул районуна тез агып баргандыктан бул аймакта да издөө иши жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️