Пример HTML-страницы

АЯЛДАРГА СЕК|ТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

https://kyrgyzcha.site/?p=41471&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛДАРГА СЕК|ТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

 

1. Секс аялдарды жашартат.

Жыныстык катнаштан кийин аялдардын канында «Сүйүү гормондору» көбө­йөт. Ошондуктан, аялдардын чачтары жылтылдап, терилери жумшарып, бырыштары жазылып, өңдөрүнө сулуулук кирет. Анан дагы аялдардын канында жана денесинде ар кандай ооруларга каршы туруучу күчтүү дарылоочу заттар (эндорфиндер) пайда болот.

 

2. Аялдарды баш оорулардан сакайтат.

Себеби, жыныстык катнаштан кийин аялдардын мээсинде «нейрон» деген жаңы клеткалар пайда болот. Бир жумада эки же үч жолу жыныстык катнашта болгон аялдарда мээге кан куюлуп кетүү (инсульт) оорусу эки эсеге азаят.

 

3. Секстен кийин аялдардын ооруган жерлери басылат.

Себеби, жан кумарына батаар алдында же жан кумарына батканда, аялдардын канында эң күчтүү «ээси оогончо эңсөө» деген сүйүү гормондору беш эсеге көбөйүп, оорутууну басат. Бул гормон жан кумарына баталбаган аялдарга да жакшы таасир этет.

 

4. Аялдарды катуу кайгырып-капалануудан улам чөгүп, алсырап кетүүдөн сактайт.

Себеби, жыныстык катнаштан кийин аялдын жыныс кынына эркектин бел суусу куюлат. Эркектин бел суусунда аялдын ден-соолугуна пайдалуу заттар өтө көп. Мисалы, простогландин деген гормон аялдын кынына сиңип, аялдын кынындагы «эси оогончо эңсөө» гормондоруна кошулуп, төп келишет. 2Аялдардын көңүлүн көтөрүп, алсырап кетүүдөн сактайт.

 

5. Семирип кеткен аялдарды арыктатат.

Себеби, бир эле жолку, өтө күчтүү берилген секстен кийин аялдын денесиндеги бүткүл булчуңдары жыйрыла иштеп, 150-200 коллорий өлчөмдөгү майлар «күйүп» жок болот

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE