Пример HTML-страницы

Аял киши эмне үчүн коңурук тартат

https://kyrgyzcha.site/?p=7644&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛ КИШИ ЭМНЕ УЧУН КОНУРУК ТАРТАТ?

Эгер сиз коңурук эркектердин гана көйгөйү деп ойлоп жүрсөңүз терең жаңылышасыз. Ооба, коңурук анчейин деле олуттуу маселе эмес, бирок, аны аял киши тартканда жакшы эмес көрүнүш жаралат. Ошон үчүн келиңиз, коңурук эмнеден пайда болот жана канткенде аны тартпай калууга мүмкүн экенин билип алалы.

Коңурук

Коңурук тамактагы аба өтүүчү жолдордун ичкерип кетүүсүнөн келип чыгат. Ал эми алардын ичкерип кетүүсүнө уйку маалында таңдай жана тил булчуңдарынын толук иштебей турушу түрткү болот. Мындан улам бул учурда нормалдуу дем алуу бузулуп, аба өпкөгө кырылдаган үн же коңурук коштогон абалда кирип-чыгып калат. Негизи коңурук аял кишинин жашоосу үчүн коркунучтуу деле эмес, ошентсе да кээде олуттуу маселе жаратып коюшу ыктымал. Андайда өзүн жаман сезип дем алуусу кыйындайт жана тамагы ооруйт.

Себептери

Семирүү. Салыштырмалуу түрдө карап көрсө деле арыктарга караганда семиз же толук айымдардын коңурукту көбүрөөк тартаары байкалат. Себеби, ашык салмак кошумча май ткандарын жаратат жана алар тамакты жаап, нормалдуу дем алууга тоскоолдук кылып коңурукка себепчи болушат.

Тукум куучулук. Коңуруктун ген аркылуу укумдан-тукумга берилээрин билгендер аз, бирок, бул илимде тастыкталган факт. Көп учурда мындай адамдардын тамак системасы чындыгында бир аз кичинерээк болот жана ал сөзсүз түрдө уйку маалында коңурукту жаратат.

Жаш курак. Жаш курактын жогорулашы коңурук тартуунун көбөйүшүнө алып келет. Муну убакыттын өтүшү менен таңдай жана тил булчуңдарынын иштеши начарлайт, мындан улам уйку коңурук менен коштолот деп түшүнүү керек.

Алкоголдук ичимдиктер. Алкоголдук ичимдикти чегинен ашыра ичкен адам түндө сөзсүз коңурук тартат. Себеби, спирт ичимдиги бүтүндөй дененин булчуңдарынын иштешин жайлатып салат. Мунун ичинде таңдай жана тил булчуңдары да ошол маалда өз функцияларын жоготуп, адамда коңурук тартууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Дары-дармек. Дары-дармектерди, өзгөчө нервди басуучу, уктатуучу жана тынчтандыруучу негиздеги таблеткаларды көп ичүү түздөн-түз коңурукка негиз болот. Анткени, алар дененин булчуңдарынын иштешин жайлатат да, мындан улам адам коңурук тартат.

Мурундун бүтүшү. Эт өсүп кеткенден (полип), сынуудан жаракат алгандан же шишип кеткенден улам мурун бүтсө дагы адам коңурук тартып калат. Мындай жагдай башка себептерге салыштырмалуу түрдө көбүрөөк байкалат.

Менструалдык цикл. Аял киши этек кири келип жаткан маалда да коңурук тартышы мүмкүн. Бул мындай учурда бүтүндөй дене булчуңдарынын начар иштөөсү менен түшүндүрүлөт. Ушул эле көрүнүш климактериялык мөөнөткө дагы тиешелүү болуп саналат.

Коңурук тартуудан арылтуучу ыкмалар

Сабиз. Сабизди 180 градустук температурада ысытылган духовкага салып, 20 мүнөттөн кийин кайра алып муздатасыз. Тамакка жарым саат калганда дайыма ушундай сабизден бирден жеп турсаңыз, бара-бара коңурук тартканыңыз калат.

Капуста. Капустанын 2-3 жалбырагын алып, майдалап туурайсыз. Туурагыңыз келбесе эт тарткычтан өткөрүп жиберсеңиз да болот. Анан ага бир аш кашык бал кошуп уктаар алдында жеп алууңуз керек. Дарылоо мөөнөтү – 1 ай.

Чычырканак майы. Коңурук тартууну калтыруучу дагы бир жакшы каражат – бул чычырканак майы. Муну колдонуунун ыкмасы жөпжөнөкөй. Болгону кечкисин жатаардан 4 саат мурун мурдуңузга андан бир тамчы тамызып турасыз. Дарылоону 2-3 жумага созуу керек.

Дистирленген суу. Сатыктан алынган дистирленген сууну көбүрөөк ичип крандагы суудан баш тартсаңыз, организм мурун аркылуу бир былжыр затты бөлүп чыгара баштайт. Анан арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин коңурук тартуу да калып калат.

Коңурук тартуудан арылтуучу көнүгүүлөр

Теннис тобу. Көпчүлүк убакта айымдар коңурукту чалкалап жатып уктаганда тартышат. Андыктан, түнкүсүн кийип жатуучу кийимдин артына чөнтөк тигип ага теннис тобун салып жатсаңыз, 2-4 жума аралыгында капталдап жатууга көнүп кетесиз.

Тилди чыгаруу. Күчүңүздүн жетишинче тилиңизди сунуп кайра тартып алган көнүгүүнү күнүнө 30 жолу кайталап турганыңыз да жакшы. Бул тил жана таңдай булчуңдарынын тынымсыз жана толук кандуу иштешине өбөлгө түзөт.

Мончок. Тилиңизди алыңыздын келишинче жалпайта сунуп туруп, анын үстүнө мончокту коюп 5 мүнөт турууңуз керек. Бул көнүгүүнү күн сайын эртең менен жана кечинде кайталап коюу зарыл.

И-и-и тыбышы. Бул көнүгүүдөн албетте, натыйжа тез эле байкала калбайт. Бирок, күн сайын и-и-и тыбышын үндү чыгара, кээде ырга айланта кайталап жүрө берүүнү адатка айлантсаңыз, канча бир убакыт ичинде коңурук тартуудан арылта алат.

Сиз билесизби?

Статистика боюнча дүйнөдө эркектердин 24, ал эми аялдардын 13 пайызы коңурук тартат. Буга аялдарга салыштырмалуу эркектердин дем алуу жолдорунун ичке болушу себеп;

Эң катуу коңуруктун үнү 69 децибелге жеткен, аны балка менен темирди чапкандан чыккан добушка салыштырса болот;

Дүйнөдө эң коңурукчу улут катары корей эли саналат. Себеби, алардын таңдай булчуңдары генетикалык жактан алсызыраак келет.

Уинстон Черчилль аттуу киши коңурукту катуу тарткандыктан, анын аялы бөлөк бөлмөдө уктап, мындан тышкары күйөөсүнүн бөлмөсүн атайын үн чыгарбоочу материал мененремонттотуп жасаткан

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE