Ат-Башынын Ак-Жар айылында улгайган адамдардын ден соолугун чыңдоо максатында «Улуу муун» борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан улуу муундагы жарандарыбызга кам көрүү үчүн жаңы долбоор башталды. Анын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы айылы өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылында «Улуу муун» борбору ачылды.

Борбордун башкы максат улгайган жарандарыбыздын бош убактысын пайдалуу өткөрүү, ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзүү, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Ага жалпы наркы 370 000 сомдук спорттук инвентарлар менен камсыздалган. Мында чуркоочу жана йога жасоочу килемдер, укалоочу жана фитнес көнүгүүлөр үчүн жабдуулар, шахмат ойноочу шаймандар бар.

Бир учурда 25 адамды кабыл ала алат. Борбор 1 жумада 5 күн иштейт. Дүйшөмбү, жума күндөрү саат 9:00-12:00гө чейин, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү саат 13:00-15:00гө чейин иш алып барат.

Анда 2 кызматкер эмгектенет. Физикалык көнүүгүүлөрдү туура жасоону атайын инструктор үйрөтөт. Бир жыл аралыгында 1100 улгайган адамдарга кызмат көрсөтүү белгиленген. Долбоор «Нарын экономикалык өнүктүрүү борбору» тарабынан ишке ашырылууда.

Пример HTML-страницы

Борбор Ак-Жар айылындагы К.Абдыраев көчөсүнүн №37 дарегинде (Ак-Жар айыл өкмөтүнүн) имаратында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️