Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Арыктоону каалагандар үчүн кеңеш

https://kyrgyzcha.site/?p=21920&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АРЫКТООНУ КААЛАНАНДАР УЧУН КЕНЕШ

1. Көңүлүңүздү тамакка гана коюңуз

 

Тамактанып жатканда эч нерсеге алаксыбаңыз, көңүлүңүздүн баарын тамакка коюңуз. Телевизордон сүйүктүү сериалыңызды көрүп же компьютерде иштеп отуруп тамактансаңыз, дайыма жеп жүргөн порцияңыздан үч эсе көп жеп койгонуңузду өзүңүз билбей каласыз.

 

 

 

2. Көп чайнаңыз

 

Тамактын ар бир тиштемин 25тен кем эмес жолу чайнап, андан кийин гана жутуңуз. Мунун эки пайдасы бар. Биринчиден, жакшы чайналган азык организмге жакшы сиңет. Экинчиден, чайнаганда бүйлөлөр массаждалып, пародонтоз оорусунун алдын алат.

 

 

 

3. Эки даана жумуртка

 

Конокко, тойго жана башка тамак көп болчу жерге барардан мурун үйүңүздөн сууга бышкан эки жумуртка жеп алыңыз. Алар сизди ток кармап турат, натыйжада, дасторкондогу дүйүм тамактан өзүңүздү кармап отуруу жеңил болот.

 

 

 

4. Таттууларды чектеңиз

 

Жатар алдында желген балмуздак жана башка таттуу азыктар бүт бойдон майга айланары миллион жолу далилденген. Ал эми бул сүйүктүү азыктарыңызды түшкө чейин жесеңиз, алар сиздин мүчө келбетиңизге эч кандай терс таасирин тийгизбестигине кепилдик бар. Жатар алдында таттуу нерсе жегиңиз келсе, бир даана апельсин, алма же бир кесим ананас жеп алсаңыз болот.

 

 

 

5. Диетанын кереги жок!

 

Бир дагы диета узак убакытка эсептелген эмес. Мындан тышкары, ал сиздин организмиңиздеги зат алмашууну бузат. Анткени, диета кармоодо сиз же ачка жүрөсүз, же рационуңуздан бир нече азыкты чийип саласыз. Мындан тескерисинче, мурдагыдан үч эсе тез салмак топтойсуз.

 

 

 

6. Толук кандуу уйку

 

Изилдөөлөрдөн белгилүү болгондой, толук кандуу уйку да келбетиңизди бир калыпта сактоого жардам берет. Ал эми уйку канбаса, организмде гормоналдык баш-аламандык орун алат, башкача айтканда, май ткандарын эритүүчү гормондор аз иштелип чыга баштайт. Суткасына 6 сааттан аз уктаган адамдын организминде май чогула берет да, бир жуманын ичинде ашыкча салмак кошкону байкалат. Андыктан, күнүнө 8 сааттан кем эмес уктаңыз. Бирок, эсиңизде болсун, ашыкча уйку да салмак кошот.

 

 

 

7. Кыймыл-аракетти көп жасаңыз

 

Канчалык кыймылдуу болсоңуз, ошончолук келбеттүү болосуз. Анткени, физикалык активдүүлүк организмдеги зат алмашууну жакшыртат жана майларды эритүүчү заттын иштелип чыгышын жакшыртат.

 

 

 

8. Цитрус жемиштерин көп жеңиз

 

Белгилүү болгондой, цитрус жемиштери С витаминине бай. Ал эми бул витамин организмде картизолдун, башкача айтканда, майдын топтолушун шарттоочу гормондун иштелип чыгышына тоскоолдугун тийгизет.

 

 

 

9. Ак эт жеңиз

 

Тооктун, үндүктүн, балыктын эти адамды ток кармайт. Баарынан жакшы жери, алар майдын чогулушуна алып келбейт, тескерисинче, алардын курамында булчуң эттер үчүн курулуш материалы болуп берчү аминокислоталар бар.

 

 

 

10. Суюктукту көп ичиңиз

 

Суу ачкалыкты сездирбейт жана зат алмашууну 3%га жакшыртат. Андыктан, сууну канчалык көп ичсеңиз, ошончолук жакшы. Тамактанар алдында бир стакан жылуу суу ичип алууну адатка айлантыңыз. Мындан тамакка болгон табитиңиз басаңдап, азыраак жегенге шарт түзүлөт. Мындан сырткары ар саат сайын 100 миллилитрден суу ичип турсаңыз, эч качан ачка болбойсуз, ал эми суу сиздин ичиңиздеги шлактарды айдап чыгат.

 

 

 

11. Туруп туруңуз

 

Мүмкүн болушунча көбүрөөк туруңуз. Отурганга караганда туруп турган абалда бир жарым эсе көп калорий сарптайсыз. Ушуну эске алып врачка кирүүгө кезек күтүп турганда, атүгүл телевизор көрүп жатканда тикеңизден тик туруп туруңуз.

 

 

 

12. Пайдалуу азыктарды жакын жерге коюңуз

 

Пайдалуу азыктарды дароо көзгө урунгудай жерге коюңуз. Мисалы, жер-жемиштерди столдун үстүнө, муздаткычты ачканда эле көрүнгүдөй жакын текчесине дегендей.

 

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE