Пример HTML-страницы

Арыктоодо аялдардын 7 кемчилиги

https://kyrgyzcha.site/?p=21871&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АРЫКТООДО АЙЫМДАРДЫН 7 КЕМЧИЛИГИ

 

 

 

Өтө эле женил кечки тамак же кечки тамакты таптакыр ичпей коюу

 

Кечки тамакты саат 6-7ден кеч калбай ичүүгө тийишпиз, бирок, эсинизде болсун, ал сөзсүз түрдө болуш керек. Болгондо да бир алма же йогурт эмес, толук кандуу болууга тийиш. Өтө женил кечки тамак же аны таптакыр ичпей коюу сизди келишимдүү кылбайт. Мындай мамиле арыктоо процессин токтотот, анткени, тамактануу ортосундагы өтө чон тыныгуу зат алмашууну жайлатат.

 

 

 

Күн ичинде бир нерселерди тез-тез жей берүү

 

Бир күндө үч гана жолу тамактануу талапка ылайык: эртен менен, түштө, кечинде. Күн ичинде ар кайсыдан даам сызып, улам-улам жей берүүдөн качыныз.

 

 

 

Мөмө-жемиш

 

Айрымдардын жемишти көп жегенден семирбейт деген ойлору жанылыштык. Айрыкча эгер диета кармап жатсаныз. Себеби жөнөкөй: жемиштин курамында фруктоза көп. Ал канга глюкозанын көп денгээлде келишин шарттайт. Байкасаныз, мөмө-жемиш жегенден бир аз убакыттан кийин табитиниз ачылып, ачкалыкты сезесиз. Арыктоону каалагандарга күндүзгү саат 12ден кийин айрым гана жемиштер сунуш кылынат: алма, цитрус жемиштери, кара өрүк, киви, эки тилим дарбыз, ананас. Бул жемиштерде кант аз жана клетчатка көп. Алган калорияны сарптоого үлгүрүү үчүн аталгандардан башка жемиштерди 12ге чейин гана жеш керек.

 

 

 

Түшкү тамактагы туура эмес айкалышкан азыктар

 

Түшкү тамакка этти же тоок этин, балким, балыкты күрүч, гречка менен жесе болот. Ал эми картошка пюреси, макарон менен жегенге болбойт. Булар эт менен эмес, жашылча же сыр менен туура айкалышат. Эгер биринчиге картошка кошулган шорпо ичсениз да экинчиге бифштекс алууга болбойт.

 

 

 

Кечки тамактагы туура эмес айкалышкан азыктар

 

Этти, тооктун этин, балыкты өз-өзүнчө гана колдонуу талап кылынат. Кечки тамакта бул үчөөнү же экөөнү кошуп жегенге жол берилбейт. Болбосо уктаганга чейин синирип бүткөнгө үлгүрбөйсүз. А эртен менен кечки тамагыныз сизге ашыкча салмак болуп кошулат.

 

 

 

Таттуудан убактылуу баш тартуу

 

Бул дагы жанылыштыктардын бири. Туура, эгер таттуудан баш тартсаныз, арыкташыныз мүмкүн, бирок, биринчи учурларда гана. Өзүнүз сүйгөн таттуудан такай эле баш тарта бере албайсыз да. Эртеби-кечпи, баарына кол шилтеп, сүйүктүү тортунузду жегенге туура келет. Андыктан, эгер таптакыр жебей коюуга көзүнүз жетпесе, өзүнүздү кыйнабай эле койгонунуз он.

 

 

 

Убактылуу диетага отуруу

 

Сиз ашыкча салмагынызды ачкачылык менен таштоону чечтиниз. Бирок, организм – өзүн-өзү башкаруучу машина. Ал экспресс-диетаныздын жыйынтыгын жокко чыгарат. Диета кармап-кармабоодон зат алмашуу жайлайт. Мындан сырткары, такай өзүнүздү көзөмөлдөө, ачкачылык сезими менен күрөшүү учурунда нерв системанызга доо кетет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE